(Башы өткөн сандарда)
Ошентип, алгачкы аруу махабаттан көңүлү сууп, көксөсү канбаган Асманга куш кабар келди. Эмелеки түнөргөн кабагы ачылып, өпкө өпкөсүнө батпай өрөпкүп ыйлаган сулуунун жүзүн жылмаюу каптады. Ооба, бул кубанычтуу кабар анын алоолонгон ашыктык отун тутандыра албаса да, аруу тилегинин орундалышына жол боло тургансып келечекке үмүттүү үңүлдү. «Мен сүйлөштүм, студияга барып үн жаздыр деген экен го сага. Колунан келишинче ал ырчы сага жардам бермей болду» деди апасы. Бул сөздү угары менен кыз энесин кучактап үн-сөзсүз солкулдап ыйлай берди.
– Залдан чуркап чыкканыңда эле билгем, аныңдын келгенин. Эмне, жаман сөз айтып көңүлүңдү ооруттубу?
– Апа! Мелис мени таштап кетти, Москвага кетет экен, машинасына бир кызды салып алыптыр...
– Мейли, кетсе кете берсин. Эсиңде болсун, эркек үчүн көз жашыңды көлдөтүп ыйлаба, кызым. Албы же башкабы, сенин бир тамчы көз жашыңа арзыбайт, ушуну бир билип кой! Ушул сөздү айткан эненин эт жүрөгү сайышып кетти, өткөн күнүн эстеп алды. «Кыздарымдын тагдыры меникин кайталабасын» деп тиленчү, ошол оюнан кооптондубу, кайра кызын бооруна кысып, чачын сылагылап сооротту. Ошентип, кыз жүрөгү тун махабаттан жабыр тартты. «Балким, бир күнү келер» деген үмүтү да өчтү, күтпөй калды. Бир күнү баягы ырчынын студиясына барып, эски бир элдик ырды ырдап көрдү эле, аранжировкачы жигит «болбойт, башка ырды ырда, үнүң буга жетпейт экен» деп кайра-кайра ар кайсы ырларды ырдата берди. Үнү бүтөйүн деп калганда гана «бүгүнкүгө жетишет, эртең акыркы ырдаган ырды жакшылап даярдап кел» деп узатты. Мындай көрүнүш бир айга чейин уланды. Асман айкырып ырдагандан тажабайт, аранжировкачы аны урушкандан тажабайт.
– Өң-келбетиңде сөз жок, карындашым. Бирок ырчы болуш үчүн алгач үн деген керек да.
– Ошо, үнүмдү сиз үйрөтүп жатпайсызбы, укмуш кылып.
– Дагы сен экенсиң, башка бирөө болгондо мен эбак эле «мунуңар жарабайт» деп айдап иймекмин. Кийинки айдан гастролго чыгабыз деп жатат шеф. Ошого чейин күлүп, көп ырсалаңдай бербей үйрөн, менин нервим жукарып, чачым таз болгону калды сен үчүн.
Асман ырдайм дегенде ак эткенден так эткен жаны тынбай эле калды. Белгилүү ырчы мырзанын студиясында ыр жаздырып, бийчи кыздар менен бийлегенди да үйрөнүп жатат. Ушундай күндөрдө ырчы мырза баш бакты студиясына. Өзү менен кошо эки жигит, анан бир кызды ээрчите келиптир. Жакындан таанышышкан соң даярдыктар тууралуу сүйлөшүп, Жалал-Абадга концерт койгону барышарын кошумчалады ал. Баары кызуу репетицияда.
– Ырың даярбы, угалычы, Асман.
– Даяр. Бирок дискке түшүрө элекпиз да, азыр ырдашым керекпи, компьютерден уксак болбойбу?- деген Асман эмне кыларын билбей тайсалдай түштү.
– Азыр укпаганда эртең мен келбейм да, атайын сен үчүн. Мына, төртөөңөрдүн тең ырыңарды угуп, сындан өткөрөм бүгүн.
Асман бир айдан ашуун даярдаган ырын аткарууда. «А мен сени күтөр элем миң жылда...» деп ырдап баратып үнү чыкпай буулуга түштү.
– Аракет бар. Тартынбаганың, ырдын маанисине карай образ бергениң жакшы. Бирок бул ырдын үстүнөн көп иште, үнүңдү тарбиялап, катуу даярдан. Сен эстрада боюнча, ал эми Гүлүмкан фольклор жаатында ырдайсыңар,- деди.
Кысылып турган кыз мындай кепти укканда бир аз эс ала түшкөнсүдү. Эми Гүлүмкан ырдоодо, заңкылдап ырдап студияны жарды. Ушул учурда Асмандын кашы кериле түштү, тиги кыздай болуп ырдай албаганына терикти. Ичинде ага болгон ич күйдүлүгү ойноп кеткен кыз сыртынан «сонун ырдайт турбайсыңбы» деп калп жылмайды. Көрсө, кээде көр пенделик кылат турбайбы адам деген ушинтип.
Күндөр өттү, Асман улам бир көйнөктү кийип-чечип күзгүнүн алдында турат. «Эртең чачымды тармалдатам, мен өзгөрүшүм, Мелистен өч алышым керек» деп алды кекенип. Эртеси айткандай эле салондон чыккан кызды көргөн жигиттер бир кылчайып карап өтүшүүдө. Ого бетер өзүнө болгон ишеними артып, Ромага жолукканы тастаңдап басып баратты.
– Эми анык козу болуп калыпсың!
Журналист жигит кызды көрөрү менен комплимент айтты, көздөрү жайнай.
– Рахмат! Кайда барабыз?
– Паркка да.
– Паркка?!
Жигиттин сунушун жактырбаган тейде кайра сурады Асман.
– Ооба, эмне экен, чөнтөк жука, козу. Студенттер эң маданияттуу кедей-кембагал калкпыз го. А сен окубасаң кайдан билесиң, биздин кадырды, кызым.
– Ой, чоң ата, окубасам да турмуштун өйдө-ылдыйын, ый-күлкүсүн билем жакшы. Ишенесиңби, кенедей кезимден бери тырмалаңдап эле иштеп келатам, мен жаным тынбаган адаммын. Эмгек кылып, мээнет менен бир максатка жеткенди жактырам. А сен ата-энеңдин акчасын чачып окубай эле жүрөсүң, макала жазып.
– Сен кызык турбайсыңбы, мага азыркы жумушум практика болуп жатпайбы. Анан да ата-энемдин акчасын чачсам, азыр сенин колуңда могу балмуздак эмес, кучак толо гүл болмок. Минтип жөө-жалаңдап баспай, мингеним Мерседес болмок, алтыным.
– Болду, болду, сен менен тартышканда эмне пайда мага?
Кыз-жигит сейилдеп басып жүрүштү. Бир убакта бул жигит менен айтыша бергенден, куру сөздөн тажадыбы, айтор, "бутум ооруп кетти" деп отура калды Асман. Бул учур күздүн алгачкы айы болгондуктан, жалбырактар саргайып, жерге түшө баштаган. Бут алдындагы сары жалбыракты тиктеп кыз ойго чөмүп кетти. Эмнегедир көптөн бери буулуккан черин жаза бакырып, үнүнүн болушунча ырдагысы келди. Өзү менен өзү отурган кызды тиктеген жигит оюн бузгусу келбей үн катпай, көз кыйыгын салып тим отурат. Жетелеше каткырып бараткан кыз-жигитти карап калган Асман ордунан турду.
– Кеттик, күүгүм да кирип кетти. Күүгүмдү жек көрөм, ушул убакта эмне менен алаксыбайын маанайым түшө берет, ал эмнеси экенин өзүм да билбейм.
– Күүгүмдү жаман көрөм де, балким, күүгүмдө жаман окуя жүз берген, ошон үчүн чочуласаң керек, Асман?
– Ким билсин...- деди кыз акырын.
Жигит квартирасына чейин жеткирейин деди эле, кыз «бул жагына өзүм эле» деп каршы болду.
– Макул эмесе. Эки күндөн кийин алгачкы жолу сахнага чыгат экенсиң да! Ийгилик, сулуу!
– Сага чоң рахмат. Сен болбосоң мен ал ырчы байке менен кайдан таанышмак элем? Жакшы бар.
Кыз үйүнө кирди, эч ким жок экен. Күзгүдөн өзүн карап «эй, сен, эч кимден коркпо, баары жакшы болот, уктуңбу» деп өзү менен өзү сүйлөшүп күлүп алды. Эртең жолго чыгат, ошон үчүн даярдыктын баарын көрүп бүтүрдү да, ваннага кирип кетти. Улам бир ырды кайталап кыңылдап ырдап отурат. Ушул учурда илхам келип кеттиби, айтор, кызга «маңдайыма жазылган сен белең» деген сап келе түштү, андан аркысын улам бир сөздү чаптап убара тартып, акыры ваннадан чыкты. Башына сүлгү оронуп алып ашканада алма жеп отурган Асман кайра-кайра тиги ырды улай албай убаракерчилик тартып отуруп төрт сап ырды кагазга түшүрдү. Бирок бул ыр саптары анын чыгармачылыктагы эң алгачкы башаты болорун байкабады.
Мына, Асман күткөн күн да келди. Төрт бийчи кыз, Гүлүмкан жана эки ырчы бала болуп бир кичи автобуста баратышат. Музыкант менен администратор, анан баягы ырчы мырза чогуу бир машинада. Кичи автобустун ичинде жалаң жаштар болгондуктан, бири ырдап, экинчиси бийлеп шаңдуу. Ошентип отурушуп Токтогулга жетип, кафеден тамактанган соң клубду көздөй жол алышты. Сахнаны жасалгалап, даярдыктарды көрүп отуруп кеч да кирди. Улам терезеден шыкаалап коёт, «ой-ий, мынча адам кантип батат бул залга, кичинекей эле турбайбы?» деди Асман Гүлүмканга карап. «Бул дагы анча эмес, сен айылдарга барганда көрбөпсүң, залга киши батпай калат» деди Гүлүмкан. Бир убакта буларды алып келген ырчы мырза телефондон бирөөнү ашатып сөгүп, урушуп кирди. Кыздардын көздөрү алайып, түшүнбөй турушат. Булардын жанында жүргөн бир ырчы бала чуркап келип кыздарга карады.
– Кыздар, силердин бирөөңөр мени менен концертти алып барышыңар керек, болбосо алпаруучусуз кантип концерт өтсүн?
– Мен эмес, Гүлүмкан чыксын,- деди дароо Асман.
– Неге мен, сен алпара бер, мен ырдайм.
– Мен концерт алып барып көргөн эмесмин.
Эки кыз айтышып баштаганда залдан "баштабайсыңарбы?" деген кыйкырыктар чыгып калды.
(Уландысы кийинки санда)
Жаңыл Калыкова