ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (11-марттан 17-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Каржылык абал туруктуу болуп, бир топ маселелерди чечүүгө жетишесиз. Жумушта жаңы өзгөрүүлөр кире баштайт. Чөйрөдө сизге көрө албастык кылгандар көп чыгат. Андыктан сырткы көрүнүшүңүз менен жүрүм-турумуңузга карата айтылган сындарды кулактын сыртынан кетирүүгө аракет кылыңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жаңы маалыматтарды, билим алууга ыңгайлуу мезгил. Мүмкүн, курска жазыласыз. Чөйрөдөгүлөргө оң таасир этүү үчүн убакыт жана куулук талап кылынат. Кийинки аптадан баштап мунун акыбети кайта баштайт. Ошондой эле аптада каржылык жактан пайдубал түптөөгө киришүү керек. Жеке жашоодо жаңы адамдар пайда болуп, мамилелер түзүлөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Башкаларга мамилеңиз салкын тартат. Бул көбүнүн жинин келтириши мүмкүн. Эмоцияга алдырып, катачылык кетирүүдөн сактануу кажет. Бейшембиде туугандар үчүн акча коротууга туура келет. Жума күнү көңүлсүз күндөрдөн сизди баалаган адам сууруп чыгып, жакшы мүнөттөрдү тартуулайт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Күтүлбөгөн жерден акчага ээ болосуз. Бирок аны керексиз нерсеге коротуп жиберүүдөн карманыңыз. Дүйшөмбүдө сүйүндүргөн кабар угуп, жүрөгүңүздөгү адам менен жолугушасыз. Шаршембиде бирөөлөргө көмөк көрсөтүп, ага убакыт бөлүүңүз күтүлүүдө. Жекшембиде уккан маалыматка ишенүүдөн мурун тактоо зарыл.


АРСТАН (23.07-23.08)
Киреше булагын табуу үчүн бир топ чуркоого, керектүү адамдар менен сүйлөшүүгө туура келет. Бирге иштешкендердин кээси бой көтөрүп же өз укугун талашып, сиз менен кер-мур айтышууга барышат. Мураска байланыштуу маселелер да козголушу мүмкүн. Үй, имарат, жер тилкеси боюнча алуу-сатуу иштери бейшембиде оңой чечилет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Эски тааныштар жолугуп, өткөн жашооңузду эске салышат. Аларга бир иштерди бүткөрүп берүүгө убада кылуу ашыкча. Аптада үй буюмдарын жаңыртууга киришүүңүз мүмкүн. Апта ортосунда шашылыш иштер жолго чакырат. Документтерге сак болуңуз. Апта акырында кайсы бир иш боюнча күбө катары өтүүңүз ыктымал.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Эски пландарды ишке ашырууга убакыт келди. Сиздин карьералык өсүү маселеңиз чечилүү алдында. Керектүү демилгени көтөрүп, убакытты колдонуп калбасаңыз, уттурасыз. Келишимдер, улуу адамдардын кеңеши пайда алып келмекчи. Апта акырында сизди келечекте пайдасы тийчү адамдар менен таанышуу, көңүл ачуу күтөт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сүйүктүү адамыңыз менен мамилеңиз коркунуч алдында. Сиз же ал мамилени жыйыштыруу боюнча кеп козгошуңуздар ыктымал. Чечим чыгарардан мурун досуңуз менен кеңешүү ашыктык кылбайт. Шейшембиде ден соолуктун айынан врачтарга же элдик дарыгерге көрүнүүгө мажбур болосуз. Бейшембиде сизге убада берген адам сүйүнтүп, олжолуу кылат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жакшы көргөн адамыңыз менен таарынышып жүрсөңүз, бул апта жарашууну алып келет. Бирге иштешкендерге жаңы идеяны сунуштоо менен абройду өстүрүүгө болот. Шейшемби – чаң-тополоңдуу күн. Жаңы маалыматтар, сизди күнөөкөр тапкан адамдар... Абалдан дипломатиялык жол менен чыгыңыз. Ишембиде сизди бирөөлөр кечеге «уурдап» кетишет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Акчаны көбөйтүү жаатында идеялар жаралат. Бирок ишке ашырууга шашпай туруңуз. Болбосо акчадан кол жууп калуу коркунучу бар. Аптада жетекчилик жактан көзөмөл күчөйт, андыктан так болуу зарыл. Шейшембиде жакындарыңыз төрүңүздөн орун алат. Жекшембини сырткы келбетти, кийимди жаңылоого арнаңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Дүйшөмбүдө үй-бүлө мүчөлөрүнүн маселеси менен ооруканага же мекемеге барууңуз мүмкүн. Шейшембиде көптөн бери самаган буюмуңуз колуңузга тиет. Апта аягында туугандардын жакшылыгына ортоктош болуп, кубанасыз. Үй ичинин жайлуулугу үчүн бир топ иштерди да бүткөрүүңүзгө туура келет.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада жообу белгисиз болуп келген маселелердин түйүнүн чечүүгө жетишесиз. Кээ бир адамдарды өткөн иш үчүн күнөөлөп, чырдашып калууңуз да мүмкүн. Шаршембиде акылга салып иш кылсаңыз, кырдаалдан оңой чыгасыз. Апта аягында дарылык жана жашартуучу касиети бар кызматтардан колдонуу үчүн сулуулук салондорго барыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан