ЭЛ КЕРЕГИНЕ ЖАРАГАН «ЧОҢ ТУЗ»

ТУЗДУУ ТОО АДАМДАРГА ДЕН СООЛУК БЕРЕТ
Биз далай ооруларга даба болот деп айтылып келген «Чоң туз» шахтасы тууралуу жазалы деп Кочкор районуна жөнөдүк. Ал жерде бир гана кара туз өндүрүлбөстөн, дем алуу органдарынын өнөкөт ооруларына кабылган адамдарды дарылаган санаторий жайгашкан. «Чоң туз» шахтасындагы санаторий 1980-жылдан бери дарылануучуларды кабыл алып келет. 2010-жылдагы Апрель окуясы бул санаторийге да кесепетин тийгизген. Жергиликтүү элдин айтымында, аталган санаторий менчиктештирилип, дарылануу акысынын баасы асмандап кеткендиктен, жалаң гана Казакстан, Орусиядан келген бейтаптарды тейлеп калышкан экен. Буга жинденген кочкорлуктар санаторийди талкалап, талап-тоноп кетишкен. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин эл тарабынан «Кочкор Кара туз»жабык акционердик коому түзүлүп, шахтаны элдик кылып мамлекеттин пайдасына чечүү үчүн жергиликтүү калк сотко кайрылган.
Бизге шахтанын ичин көрүү кызык болуп, туздуу тоону көздөй бет алдык. Бул жер остеохондроз, астма, бронхит, ар кандай муун оорулары менен жабыркаган адамдар үчүн миңдин бири. Шахтанын ичинде адамдар дарыланып кеткенге ылайыкталган бөлмөлөр, сыналгы көрүүчү жай, мындан сырткары туздуу көлмө жайгашкан. Ал туздан тургандыктан, адамды чөктүрбөй калкытып кармап турат.
«Чоң туз» шахтасы тууралуу бир нече маалыматтарды угуп, атайын адистерге суроо салдык. Алгач дем алуунун өнөкөт ооруларына шахтанын кандай пайдасы жана зыяны бар экенин билүү үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын терапия бөлүмүнүн башчысы Токтор Мөндүрбаевага кайрылдык.
– «Чоң туз»шахтасы – дем алуу органдарынын өнөкөт ооруларына кабылган адамдарды дарылоочу жай. Бирок аталган оорулардын ичинен дем алуу органдарынын өнөкөт оорусу курчуп, күчөп турган мезгилде жолдомо бере албайбыз. Себеби шахтанын ичи салкын жана жаз, күз мезгилдери суук келет. Мындай жагдайда дем алуу органдары, өпкөгө ого бетер суук тийип, күчөп кетиши мүмкүн. Негизинен, ооруканага астма, бронхиалдык астма менен ооруган адамдар кайрылып, дарылануу курстарын алып жатканда көп өлчөмдөгү дарыларды кабыл алышат. Ал жакта дарылануунун адамга пайдалуу жактары көп болгону менен, кургак учук, нефрит, гломерулонефрит, онкологиялык оорулар, бруцеллёз, ревматизм, полиартрит, лейкемия оорулары менен жабыркаган адамдарга тескери таасирин берет. Ошондой эле 65 жаштан жогорку кары адамдар, кош бойлуу аялдар барбай эле койгону оң.
Мындан соң ал жерден казылып алынган кара туздун турмуш-тиричиликтеги ордун билүү кызык болду. Дегеле казылган тузду эмне кылышат? Туздун мал-жандыкка кандай таасири бар экенин Нарын район аралык санитардык-ветеринардык, фитосанитардык инспекциянын бөлүм башчысы Мамбеткадыр Мотушов мындайча түшүндүрдү.
– Туз адамдын тамактануусуна кандай керек болсо, малга да ошондой деңгээлде керек болот. Майда жандыктарга орто эсеп менен бир койго бир күндө 2-3 граммдан туз берип туруш керек. Ал эми бодо малга андан жогорураак өлчөмдө берсе болот. Туздагы натрий-хлор, макро жана микроэлементтер малдын ашказанындагы маңыз менен кошулуп ашказан кычкылын пайда кылат да, анын иштешин жакшыртат.

«СУУГА ЖУМУРТКА БЫШЫРЫП ЖЕСЕ БОЛОТ»
Тузга болгон сапарыбыздан кийин Чолпон айылына баш бактык. Ал жерде күйүү касиетине ээ суу бар. Анын өзгөчөлүгү – сууга от койгондо, үстүнкү бөлүгү көгүлтүр оттой болуп күйүп чыгат. Суу чыккан жерге темирден тосмо жасап, сууну соруп чыгарчу насос коюшкан. Ушул айылдын тургуну Шарапат аттуу айымдан суунун чоо-жайын сурадык:
– Бир канча жыл мурда ушул суунун чыгышына күбө болгон орус улутундагы киши айтып бергенин уккам. 1982-жылы айыл ичине суу чыгарабыз деп жумушчу топ насос орнотуу үчүн жер казышкан экен. Чуңкур тереңдеп калганда жалындаган от чыгып, жумушчулар жүрөгү түшүп, бир топ жерге чейин качып барышат. Алыстан туруп карашса от өчпөй, күйүп тура бериптир. Жакын келип тобокелге салып карашса, оттун алдынан суу чыгып жаткан экен. Ошентип күйгөн суу пайда болгон.
Насосту кайра эле орнотуп, айланасын темирден калкалап чыгарып коюшкан. Андан бир аз убакыт өтпөй жакын эле жерден кайра чуңкур казышса, кадимкидей ичүүгө мүмкүн болгон суу чыгыптыр. Суунун үстүнө от жандырып, жумуртка кууруса болот. Ал тургай 40 мүнөттүн ичинде бир чайнек сууну да кайнатып алабыз. Бул суунун дарылык касиеттери да бар деп уккам. Сууну аз өлчөмдө алып, ашказан ооруларына каршы ичишет экен. Айыл тургундары денедеги аллергия жана экземадан айыгып кеткен учурлар болот.

  

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
kojojaw
2013-03-11 18:21:28
ukmuwgo munun baary
0
kakusya
2013-03-12 16:58:22
Оо менин айылым! Сагындым! Бара элегиме 4 жыл болуптур!
0
Атасынын баласы
2013-03-13 11:19:21
Чынында пайдалуу санаторий, убагында атам апам экоо тен Чон-Тузда иштечу... А куйгон суу боюнча, Чолпон айыл окмотуно караштуу Ара-Кол айылында жайгашкан. Уйго коноктор келсе эле ушул жакка алып жономойубуз бар...
0
Гүлжан Асанкожоева
2013-03-13 16:37:04
күйгөн суунун составында күкүртүү суутек бар экен. Күкүрт өзү өтө ысык температурада күйүшү мүмкүн, бирок, суутексиз күйбөйт. Ал эми күкүртүү суутек кычкылтек менен аракеттешип, ага жылуулук таасир эткенде күйүү касиетине ээ болот. Мындай суу дүйнөнүн 3 гана жеринде бар. Бири Кыргызстанда, экинчиси Уралда, ммммм, үч&#
0
Umka220190
2013-03-14 17:41:58
Мен да баргам бул жака. Ичи аябай сонун. Баардыгы ыңгайлаштырылган. Ичи салкын, кызыктай жыты бар. Чындыгында касиеттүү, ооругандардын көбү айыгып кетишет. Мен айтып берсем, макаладан да узун болуп кетет...
0
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан