АВИТАМИНОЗ ООРУ АЛЫП КЕЛЕТ!

Организмде витаминдер жетишпей баштаса, ден соолук начарлап, оорулар жаралат. Организмдеги витаминдин өлчөмүнүн азайышы авитаминоз деп аталат. Бүгүн кайсы витамин жетишсиз болгондо кандай оорулардын келип чыгары жана ал витаминдер кайсы жашылча-жемиштерде бар экенин баяндайбыз.

Өсүмдүк азыктарында
Сабиз, апельсин, мандарин, лимон
Жаныбарлардан алынуучу азыктарда
Бөйрөк, жууган май (сливочное масло), сыр, жумуртка
Жетишсиз болгондо
Тырмактар сынат, тери кургайт, кеч киргенде көрүү начарлайт. Бөйрөктө жана табарсыкта таштын пайда болушу келип чыгат, чач түшөт, жаш балдарда бойдун өсүшү токтошу мүмкүн.

Өсүмдүк азыктарында
Жүгөрү, чычырканак даны, нокот, брокколи
Жаныбарлардан алынуучу азыктарда
Боор, быштак, жумуртканын сарысы, сыр
Жетишсиз болгондо
Баш оору пайда болуп, уйку бузулат. Адам тез чарчап, оозунан жаман жыт чыгып, ооздун четтери жарылат.

Өсүмдүк азыктарында
Жер жаңгак, брокколи, күрүч, буурчак
Жаныбарлардан алынуучу азыктарда
Тоок эти, боор, ич эттерде (малдын ичегиси, өпкөсү)
Жетишсиз болгондо
Тырмактар сынат, чач ичкерет, түшөт, эрте агара баштайт. Адам стресске бат-бат чалдыгат.

Өсүмдүк азыктарында
Жаңгак, банан, капуста
Жаныбарлардан алынуучу азыктарда
Лосось балыгы, жумуртка, устрица, эт, сүт
Жетишсиз болгондо
Тери кызарат жана түлөйт, чачты какач басат. Тамакка табит тартпайт, көңүл айланат.

Өсүмдүк азыктарында
Жаңгак түрлөрү, буурчак, капуста, банан, апельсин
Жаныбарлардан алынуучу азыктарда
Жумуртка, малдын ич эттери
Жетишсиз болгондо
Анемия, кош бойлууларда болочок баланын майып төрөлүшү

 

Өсүмдүк азыктарында
Апельсин, манго, лимон, помидор, пияз, сарымсак, ашкабак, бадыраң, картошка, ит мурун, чычырканак даны, карагат, кызыл болгар калемпири, хрен, петрушка
Жаныбарлардан алынуучу азыктарда
Жок
Жетишсиз болгондо
Тиштин бүйлөлөрү шишип, денеге жаралар чыга баштайт жана алар көпкө айыкпайт. Уйкусуздук пайда болот, тери кургайт.

Өсүмдүк азыктарында
Жок
Жаныбарлардан алынуучу азыктарда
Балыктын майы, лосось балыгы, сүт жана сүт азыктары (быштак, сүзмө, айран ж.б.)
Жетишсиз болгондо
Адамдын сөөктөрү, муундары ооруй баштайт. Башы дайыма тердеп, кан басымы көтөрүлөт. Балдарда итий келип чыгат.

Өсүмдүк азыктарында
Акшак, брюссель капустасы, брокколи, ит мурун, чычырканак даны, алча, алманын данеги, жер жаңгак, зайтун (оливка) майы
Жаныбарлардан алынуучу азыктарда
Жок
Жетишсиз болгондо
Тери эрте картаят, чач түшө баштайт. Ички органдардын иштөөсү бузулуп, оору жаралат. Адам шалдырап, тез чарчайт. Тукумсуз болуп калуу коркунучу келип чыгат.

Өсүмдүк азыктарында
Ак козу карын
Жаныбарлардан алынуучу азыктарда
Коён жана үндүк этинде
Жетишсиз болгондо
Тери одуракай тартып, түлөп, жарылат. Тиштин бүйлөсү канап, ашказан оорусу пайда болот.


Өсүмдүк азыктарында
Бардык өсүмдүк азыктарында
Жаныбарлардан алынуучу азыктарда
Көбүнчө уйдун боорунда жана жумуртканын сарысында
Жетишсиз болгондо
Дерматит (тери оорусу), уйкусуздук келип чыгып, чачты какач басат. Чач, тырмак өспөй калат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
kurguz...
2013-03-11 19:59:01
Керектуу нерселер жазылыптыр испосибо инфо!
+1
abu_kg
2013-03-11 22:40:00
Пайдалуу экен!
0
KG_URPAGI
2013-03-12 10:47:23
жакшы маалымат, мындан да аретчил болууга жана ар бир маалыматты оз убакытында жеткирууго аракет кылгылачы, азаматсынар!
0
Venus_22_02_86
2013-03-12 19:40:57
Жаз айында организимде витаминдер азайат эмеспи пайдалуу кенеш болду
0
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан