АТА-ЭНЕҢ – СЕНИН БЕЙИШИҢ

«Тирүүмдө сыйла, өлгөндөн кийин ыйлаганыңдын кереги жок». Ушул сөздү кичинемде көп угар элем. Кийин гана маанисине түшүндүм. Тилекке каршы, учурда ата-энесин кароосуз таштагандар, аларга жаман мамиле кылып көңүлүн ооруткандар да жок эмес. Балким, хадисте келтирилген бул мисалдар ата-энебизди тирүүсүндө кадырлаганга жардам берер...

Күндөрдүн биринде бир адам Мухаммед пайгамбарыбызга (С.А.В.) келип:
– Бул дүйнөдө жакшылык кылуума эң татыктуу ким?- деп сурады. Пайгамбарыбыз (С.А.В.) ага:
– Энең,- деди.
– Андан кийинчи?
– Энең.
Ушинтип адам бул суроосун үч жолу кайталады. Үчөөнө тең «энең» деген жооп алды. Төр­түн­чүсүндө гана "атаң" деген жоопту укту. Эмне үчүн дээрсиз... Аалымдардын айтуусу боюнча, эне баласынын жардамынын төрттөн үч бөлүгүнө татыктуу. Анткени алар балдары үчүн 3 оор түйшүктү башынан өткөрөт:
1) Боюнда көтөрүп жүрүүнү;
2) Жаны кыйналып төрөөнү;
3) Түн уйкусунан ойгонуп эми­зүүнү.
Андыктан эненин даражасы алда канча жогору турат.

ххх

Дагы бир хадисте пайгамбарыбыз Мухаммед (С.А.В.): "Бейиштин ачкычы эненин таманында. Ата-энесин нааразы кылган Алланы да нааразы кылат. Ата-энеңер силердин бейиш дарбазаңар. Кааласаңар, аны тургузуп койгула, кааласаңар, бузуп салгыла",- деген.
Карыганда балдары тарабынан камкордукка, жылуу мамилеге, урмат-сыйга бөлөнүү – ата-эненин акысы. Анткени алар бүт өмүрүн ошол баласына арнады. Аны бузууга бир да кишинин укугу жок. Жогоруда айтылган аяттар жана хадистер ата-энени карабай коюу – чоң күнөө, адамгерчиликке жатпаган иш экендигин айгинелейт. Ошондой эле төмөнкү нерселер ата-энеге карата мамиледе бекем сакталышы керек:
1. Ата-энеге эч качан "уф" деп үшкү­рүнүп, нааразы болбоо;
2. Алардын талабын жана буйруктарын эң биринчи кезекте аткаруу, эгерде ал шариятка туура келсе;
3. Эне-атага оройлук кылбоо, өз­гөчө алар карыганда ыраазычылыгын алуу;
4. Аларга муктаж жана зарыл болгон нерселерди алып берүү, каржылоо;
5. Сапарга чыгуудан мурда алардан уруксат суроо. Үйлөнүп же турмушка чыгып жатканда алардын батасын алуу;
6. Энеге өзгөчө жакшылык кылуу;
7. Бул дүйнөдөн өтсө, аларга дуба кылуу, осуяттарын аткаруу сооптуу иштерден болуп эсептелет.
Бала ата-энесине сөзү, иши менен урмат-сый көргөзүп, боорукер болуп, каяша сөз айтпашы, кыр көрсөтпөшү, алардын көңүлүн калтырбашы керек. Ошондо гана бала ата-энеге кайрымдуу деп аталууга укук алат.

ххх

Бир заманда оорукчан эне тө­шөктөн башын араң көтөрүп, уулунан суу алып келип беришин сураныптыр. Ордунан шак турган бала чыныга суу куюп энесине келгичекти энеси уктап калыптыр. Колуна суу кармаган боюнча бала энесинин башында отуруп таң атырган экен. Энеси ойгонуп караса, баласы дагы деле чөйчөк кармап башында отуруптур. Баласынын камкордугуна ыраазы болгон эне сүйүнүп уулуна бата берет. Ошол адам кийин мусулман дүйнөсүндө аты чыккан такыба болуптур.

(Хадистерден алынды)
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aiza11.3
2013-03-11 11:11:16
Машаллах
0
Koreanka
2013-03-11 16:57:50
апамы сагындым
0
rozka
2013-03-12 17:56:39
Колубуздан келишинче ата энебизди сыйлайлы эч качан капа кылбайлы козу барда барктайлы кийин окунгонубуз бир тыйын
0
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан