Ош шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн Жаштар иштери боюнча комитетинин 2 жылдык отчёттук кечеси болуп өттү. Кече шаар мэринин милдетин аткаруучу Мелисбек Мырзакматовдун көзөмөлүндө жогорку деңгээлде уюштурулду. Конок катары келишкен Орусиянын, Казакстандын элчилигинин жана Түштүк Кореянын консулдугунун өкүлдөрү Ош шаарындагы Жаштар иштери боюнча комитетине жылуу сөздөрүн айтышты. Комитет менен тыгыз кызматташып, жаштар саясатына салым кошкон бир топ ММК кызматкерлерине, анын ичинен «Супер-Инфо» гезитинин Ош аймагындагы кызматкерлерине ыраазычылык баракчасы жана статуэтка тапшырылды. Ош шаарына караштуу 12 аймактык Жаштар комитетинин төрагалары комитет тарабынан ноутбуктар менен сыйланышты. Мындан сырткары Оштун намысын коргоп келе жаткан «No name» «Тамашоу» командасына 100 000 сом белек кылышты. Салтанаттуу кече жергиликтүү ырчылардын коштоосунда өттү.
Жаштар комитети Кыргызстандын аймагында биринчи жолу Ош шаарында 2011-жылдын 25-январында Мелисбек Мырзакматовдун колдоосунун астында түзүлгөн. Комитеттин негиздөөчүсү катары Сонунбек Жунусбаев төрага болуп дайындалып, ушул күнгө чейин ийгиликтүү жетектеп келе жатат. Жаштар саясатын жүзөгө ашыруу максатында акысыз билим берүүчү 9 долбоорду иш жүзүнө ашырышкан. Жылына 10го жакын активдүү жаштарды Австрияга жана Ирландияга тажрыйба алмашуу максатында сапарга жиберишет.