5-Март – Калпак күнүндө ордолуу Оштун жаштарынан түзүлгөн миңге чукул жигиттер ак калпак кийип борбордук аянтка топтолушту. Жалпы жаштар биригип калаанын Ленин жана Курманжан датка көчөлөрүндө «Жигиттер, биз калпак менен бийикпиз!» деген ураандын коштоосунда жөө жүрүш өткөрүштү.