Бекмамбет Атаканов, жазуучу:«СИБИРДЕ ӨТКӨН ТҮРМӨДӨГҮ КҮНДӨРҮМ РОМАНГА АЙЛАНДЫ»

Таластын Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында кыргыз элине таанымал жазуучу Бекмамбет Атаканов жашайт. Убагында Сибирдин түрмөсүндө өткөргөн күндөрү кийин «Тайгада өткөн өмүр», «Тайга кызы», «Том дайра» жана башка романдарга айланып, жарык көргөн. Кызыгы, өмүрлүк жубайы шор элинин кызы, аны ошол Сибирде жүргөн кезинде тапкан. Өмүр жашоосун аксакал жазуучунун өз оозунан угалы.

«СТАЛИН ӨЛГӨНДӨН КИЙИН МЕНИ ТҮРМӨДӨН БОШОТУШТУ»
– Мен 1929-жылы Миң-Булак айылында туулгам. Чалдыбар мектебинде 14 жашка чейин окудум. Ал кезде мугалимдер тартыш болгондуктан, мени Социализм (азыркы Калинин) мектебине башталгыч класстын мугалими кылып иштетип коюшту. 1 жылдан соң кайра өзүбүздүн мектепке келип, дагы 1 жыл билим алып, 8-классты бүттүм. 1945-жылы айылыбызда Тотур деген жеңем бар эле, ошол чакырып «сен да мага окшоп финагент болуп иштебейсиңби?» деп калды. Жок десем болбой улам айта бергенден макул болуп, Киров районунун (азыр Кара-Буура) Грозный айылында финагент болуп иштөөгө өттүм. Элден салык чогултуп жүрүп, 11 миң сом чогулттум. Ал кезде ал акчага 2 кап жүгөрү келчү. Ал акчаны районго төгөйүн деп барып, уурдатып жибердим. Милицияга барып айтсам, көңүл бурушкан жок. Не кыларымды билбей ыйлап үйгө келсем, атам угуп, катуу урушту. Ошо менен жумушка барбай койдум. 3 күндөн кийин милиция кызматкерлери келип, кармап кетишти. Суракта менин жашыма 2 жаш кошуп салышкан экен, сот мени 10 жылга соттоп жиберди. Ичимден «уурдатып жиберсем, чындап кесмек беле?» деп ишенген жокмун. Бирок Фрунзеге алып келип 1 жыл балдар колониясында кармашып, анан Сибирге айдаганда гана бошотот деген үмүтүм үзүлдү.
1947-жылы Кемерово облусунун Абагур деген жерине бардык. Дарыяны бойлой жөө 300дөй адам айдалып баратабыз. Кечинде дарыянын жайык жээгине түнөдүк. Ошол жолдо баратканда бирөө көзүмө жылуу учурап жаткан. Кечинде от жагып отурсак жаныма келип:
– Ай, сен Бекмамбетсиңби?- дейт.
Көрсө, Калининде эжемдикинде жатып иштеп жүргөндө таанышкан Мадылбек экен. Ал да кесилип, мендей айдалып келатыптыр да. Ал мага «биз менен чогуу келаткандардын арасында ууру-кескилер, адам өлтүргөндөр, кумарчылар бар. Карта ойноп, адамдын башын сайышат. Аларга кошулсаң үйүңдү, ата-энеңди көрбөй каласың. Булардан алыс болуп, эптеп курсакты тойгузушту ойло» деди. Муну угуп коркуп калган жаным, ууру-кески, кумарчыларга кошулбаска өзүмө ант бердим.
Эртеси Том дарыясынын боюндагы №14-Чеболсу зонасына жеттик. Ошол зонада 1953-жылга чейин кармалдым. Карагай кыркып, аларды дарыя менен агызып иштеп жүрдүк. Мени акырында жакшы иштеп, жакшы жүргөндөргө кошуп, 2 жыл жатак колонияга чыгарды. Ал кезде ошол аймакты байырлаган шор элинен тааныш күттүм (шор эли Сибирдеги түрк тилдүү эл. Тили хакастардыкына жакын). Алардын кыштагы Новый Улус деп аталчу. Шорлордун дасторконунан даам сызып, салт-санаасын үйрөндүм. Көп сөздөрү кыргыздыкына окшош. Уул баланы – оол, сууну – суу, нанды – калаш, кишини – киши дешет экен.
Арасынан Антонина Сухоякова деген кызга көзүм түшүп калды. Байкасам, анын да мага көңүлү бардай. Экөөбүз үйлөнмөй болдук. Ал апасына айтса ыйлап, алгач көнбөптүр. Акыры макул болуп, 1952-жылы Антонина экөөбүз баш коштук. 1953-жылы Сталин көз жумгандан кийин гана мени түрмөдөн бошотушту.

«БАЛДАРЫМ МЕНИ ТАРТЫП ЖАЗУУЧУ БОЛУШПАДЫ»
– Келинчегимди ээрчитип Таласка, үйгө келдим. Келген соң Таластан 10-классты кечки мектептен окуп бүтүрдүм. 1957-жылы университетке, журналистика факультетине тапшырып, аны жакшы аяктадым. Мектептерде мугалим болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыктым.
Түрмөдө жүргөнүмдө колума тийген гезит-журналдарды окуй берип, акылым өсүп, жазуучу болууну самап калган элем. Түрмөдөгүлөргө келген каттарды ээлерине таратып, окуп берип, кээ бирлерине жооп да жазып берчүмүн. Кийин жазуучу болуп калганыма ушулардын таасири тийди. 1993-жылы «Тайгада калган өмүрдүн» биринчи, 1994-жылы экинчи китеби чыкты.
Китептеримди сынчы, котормочу Кымбатбек Укаев, жазуучулар Асанбек Стамов, Кеңеш Жусупов окуп көрүп, жактырышкан эле. Ошо менен башка китептерим да жарык көргөн. Чыгармаларымдын кээ бири Сибирь аймагындагы гезит-журналдарга менин которуумда орус тилинде басылып чыкканын да айта кетейин. Учурда Бишкектен «Тайгада калган өмүр», «Том дайра», «Тайга кызы» романдарым 2 том болуп чыгып жатат.
Антонина экөөбүздүн 1 уул, 2 кызыбыз, 16 неберебиз, 20 чөбөрөбүз бар. Мени тартып жазуучу болгон эч кимиси жок. Кемпиримдин төркүнү алыс болуп, өмүрү ал жакка 5-6 ирет гана барды. «Азыркыга чейин туулган айылым, туугандарым түшүмө кирет» деп калат.

Канымжан Усупбекова
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Lol01
2013-03-11 23:28:05
Аиий кандай тагдыр,тан бердим.Байкуш адам,жону жок жерден кесилиптир да2кап жугору учун.Эми балдарыныздын убайын корунуз
+1
maksimus
2013-03-12 10:43:21
ЭЭх Сталин канча адамдарды жеп жуткан
+2
aisalkyn27
2013-03-15 03:50:14
Бактылуу карылык корунуздор.
0
bravoo
2013-03-16 13:24:07
ал кезде 11,мин сомго 2 кампа жугору келсе керек эле 2кап емес,кампа дегени тоналаган жугору,ошондогу закон азыр болуш керек болчу...
0
Danijarov
2013-03-28 16:16:56
биздин чон аталарыбыздын айтуусунда 11 тыйынга эки кап келиш керек эле го
0
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан