Жакында эле Талас шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, мектеп рэкетин жоюу максатында футболдук турнир өттү. Ага шаардагы №6,7,9-орто мектептердин окуучулары, Талас
ШИИБинин жетекчилиги баш болгон кызматкерлер, Миграция жана жаштар министрлигинин Таластагы өкүлчүлүгү жана 180 мектеп окуучусу катышты.
Футбол боюнча 4 курама команда түзүлүп, таймаш кызыктуу өттү. Жыйынтыгында биринчи орунга Сагын Абдыллаев атындагы №6-орто мектеби ээ болуп, кубок жана 1-даражадагы диплом, атайын сыйлыктар менен сыйланды. Ал эми 2-орунга Жолчубек уулу Урмат атындагы №9-орто мектептин курама командасы жетсе, 3-орунду облустук чет тилдер багытындагы лицейдин курама командасы багынтты. Таймашта «Эң мыкты оюнчу», «Эң мыкты бомбардир» наамдарынын жеңүүчүлөрү белектер менен сыйланышты.