«БЫЧАК САЙГАН КҮЙӨӨМДӨН КАЧЫП КЕТТИМ»

Мындай тагдыр, балким, көптөрдүн башына түшүшү мүмкүн. Каарманыбыз Бермет эки баласы менен баш калкалай турган жери жок, Каракол шаарындагы Ысык-Көл коомдук өнүктүрүү бирикмесинин борборунда эки баласы менен убактылуу баш калкалоодо.

«АЛА КАЧЫП ТАГДЫРЫМА БАЛТА ЧАПТЫ»
– Мектепти аяктаган соң Каракол шаарына окууга тапшырдым. Ата-энеме бир аз болсо да жардам болсун деп окуудан сырткары анча-мынча соода кыла калчумун. Бир күнү күндөгүдөй соода кылып отурсам, беш-алты жигит ой-боюма койбой ала качып кетишти. Менин сүйлөшүп жүргөн жигитим бар болчу. Ала качуу эми белгилүү да, «таш түшкөн жери оор, баш аттаба» дешти. Ал аз келгенсип босогого нан жайышып, «кетсең нанды аттап кет» деп акыры башыма ак жоолук салышкан эле. Ошентип, келиндик кызматымды аткарып, жашап калдык. Кайнатам каза болуп калган экен. Жолдошум үйдүн кичүүсү болгондуктан, кайын энем менен чогуу жашачубуз.
Убакыт өтүп уулдуу болдук, бирок кайын энемди неберелүү, Эржанды ата кылып бактылуу болгон жокмун. Эржан эртеден кечке чейин үйдө болбой, мал менен алек. Ал үйгө келсе, энеси чыр баштайт. Канчалык көзүн карабайын, баары бир «мына, сенин аялың мага тамак жасап берген жок, мени карабай койду» деп даттанып, мээсин жечү. Анда Эржан унчукпай койсо, «бул аял сенин башыңды айлантып алган» деп күйгүзөт. Айылда жумуш жок, кайненемдин пенсиясын карап жашап калдык. Бир күнү тамак-ашка акча берсе, маанайы жокто бербейт. Иши кылып эптеп күн өтүп жатты.

«БАЛДАРЫМДЫН ЖҮРӨГҮ ӨЛҮП КАЛДЫ»
– Кайненемдин тукуруусунан кийин күйөөм да өзгөрдү. Жок жерден эле кызганып, таяктайт. Башымды жарды, бычак менен саныма, денеме сайган. Күйөөмдүн таягынан улам бир балам курсакта жатканда эле чарчап калып, өлүк төрөлдү. Алардын бирин да ата-энеме айткан жокмун. Бул күндөрү ит көрбөгөн турмушту көрдүм, бирок балдардын атасы деп чыдачу элем. Үйүбүздө уруш-талаш кө­бөй­гөн­дөн көбөйүп, атасы келе жатканда балдарым жан талашып кийинип, «бирөөнүкүнө барып конолучу» деп эшикти көздөй чуркашканын көргөндө аракетим бекер экенин билдим. Кайын энем анын баарын көрүп туруп, «биз деле көк ала болуп жүрүп эми баарын жеңдик, эч нерсе болбойт» деп басып кетчү. Болушпаса мейли эле, бирок ал да мени урганга өттү.
Жолдошум менен бирге жашаганыма сегиз жылдай убакыт болду, бирок ал жакшы эмес, жаман жакка өзгөрүп жатты. Мунун баары эмне себептен, кайсы күнөөм үчүн экендигин издеп таба албайм.
Эмне кыларымды, кайда баш калкалаарымды билбей жүргөндө тааныштарымдан Каракол шаарында зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтүү максатында иш алып барган коомдук борбор бар экенин угуп, ушул жакка келдим. Учурда бул борбордо эки балам менен күн өткөрүп жатам. Балдарымдын келечеги кандай болот деп оюм онго бөлүнүп жаткан кезим. Бул борбордо жыйырма күн гана жашай алабыз, андан соң кандай айла кыларымды билбейм...

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
patriyotka_kg
2013-03-12 16:00:55
Бермет эже туптуура кылгансыз кетип калып,бул турмуш мандайга жазганды коробуз да,бирок мындан ары эмне болот деп коркпой эле балдарыныз учун белинизди бууп жаны жашоо баштаныз,аял кишилерге жумуш коп,бир убакта ошолордун козуно корунуп,аларды окунто турган кылыныз,ар бир адамдын оз ырыскысы бар,кудайым озу колдосун сизди!
+1
merim
2013-03-12 16:47:38
БЕрмет,ошол 2 буттуу каракчыдан кутулганына шугур,анткени менин кайненем да, кайын атам менен 25жыл жашагандан сон бычак сайып коюп,азыр жашашпайт,бирок балдары ушунчалык атасынан коркот,жада калса телефондон суйлошкондон да.Аллах бар баарын коруп турат,ошондой экен турмуш.БАлдарынын пешенесине дайым бар бол!Кыйынчылыктан мумкунчулук изде-дейт го,эч качан бошошпо,аракет кылсан берекет!
0
maksatai
2013-03-12 17:56:29
Алла сизге жар болсун. Сабырынызга рахмат. Эми белинизди бекем бууп,балдарынызды апанызга берип,иштениз алардын келечегине кам корун. А куйоонузду кудай жазаласын
+1
bravoo
2013-03-13 01:43:05
Эже кучунуздун баарын топтоп алдыга арекет кылын иындан ары балдарыныз учун кам корунуз эринизге келсек андай эркекти ташбаранга алса аздык кылат алсыз аялга кол которгон акмак коркок апасына келсек картайганда ояун сизден алып атса керекта куйоосунон токмок жеген кундорун
+1
a.z.a_30.12.83
2013-03-13 02:59:48
Биздин салт да кызык.Журуп суйушуп алганда мындай болбос беле...
+2
saltanat.
2013-03-13 11:09:32
Андай эрди атып эле жок кылыш да аздык кылат. Озунун кылган ишине кийин бармагын тиштеп окунот.
0
Bishkek
2013-03-13 17:42:54
mynyn baryna apacy kunolyy,balacynyn neberecin tagdyryna balta chapkan. Super info kantkende bul kelinge jardam bere alam bul kelin uchyn emec 2 balacy uchun jardam bergim kelip turat birok men chet olkodomyn.kantip bailanysham?
+1
admin_superstan
2013-03-15 15:47:48
Bishkek, саламатсызбы!
Тилекке каршы, Бермет жардам алуудан баш тарткан.
0
Nora
2013-03-14 06:15:42
Myndai Kaiynene aram olup kalsa eken! baldary menen jash kelinge jaman boluptur, ata enesi jardam berer, karap turbas, kaigyga chomulup biroodon jardam kutpoi, ishtesh kerek sindim, turmush oiun emes ar kimde ar turluu kaigy kapalar bar.
+1
gitaristka_2013
2013-03-14 12:07:26
бул дагы тагдырдын буйругу да. Бул жашоодо адам мандайына эмне жазылса ошону корот. Чыданыз, балдарыныз бой жетип, сизди алаканга салп багып алышат. Ал эми куйоонуздо эркектик сапат аз экен.
0
Shaiyrbek89
2013-03-14 12:18:43
биз бул жашоого сноого келгенбиз бул болгону сизге болгон бир оор сыноо болуптур сабыр кылып жараткандан жардам суураныз барыы жакшы болот эжеке
0
Boginya
2013-03-14 17:53:45
Эркектер айбан болбогулачы! Мындай Эркектер орусчасынан слабак деп коетко
0
_xXx_
2013-03-15 04:24:24
окунучтуу экен! Мындай адамдар озун эркен санабай эле койсо болот, кайненеси деле ушинтип ур-токмок бычак жеп жашаса баласын кой демек да чынбы энеси да баласы да таш-боор, мерез адамдар!
0
kg.1987tls
2013-03-16 12:45:25
Баары жаман болуптур , бирок бул келин эмне учун бул жакка чыкты ,бир бала жардам берем десе баш тартып жатса ????
0
Айпери Сыдыкова
2013-03-16 15:21:24
Жогоруда айтылгандай кайненеси биз да кок ала болуп журуп,эми баары ордуна тушту дептир.Мындай корунуш алар учун салтка айланып бараткандай...Баардык нерсе тарбия,айлана-чойронун таасиринен коз каранды.Мындай адамдардан кутулганыныза суйунунуз.Кудай колдоп,жашоонузду жакшы нукка бурганга аракет кылыныз.Келечекте балдарыныздын убайын корунуз.
0
Alisher888
2013-03-17 18:03:06
оо кандай шумдук
0
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан