2013-жылдын 19-февраль күнү кеңсебизге бейтааныш адам телефон чалды. Өзүн тааныштырып, Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын кулуну, Бишкекте аскердик кызмат өтөп жүргөн Эрлан аттуу жоокер каза болгонун айтты. Мени Ат-Башыдан тосуп алган Жолдубай мырза (каза болгон баланын жездеси) өлүмдүн себептери белгисиз экенин, гезит аркылуу окурмандар өздөрү баамдап, баа берер бекен деген максатта чакырганын айтты. Аза күтүлүп жаткан үйгө келгенибизде каза болгон жигиттин жакындарынын кайгысына адам чыдап тура алгыс эле. Маркум аскердин жеңеси Дамира Эсеналиева буларды айтып берди.
«ДААРАТКАНАГА АСЫНЫП АЛЫПТЫР»
– Эрлан 1993-жылы 29-декабрда жарык дүйнөгө келген. 20 гана жашты жашап, 2013-жылдын 19-февраль күнү ата-энесин, бир туугандарын боздотуп кете берди. Эрлан мени чоң мама дечү, кайнимдин баласы болот. Кичинекейинен эле менин колумда көп жүрдү. Биз Бишкекте турабыз. Жайкысын биздин үйгө барып, жумуштарда иштеп, окуу куралдарын даярдап кетчү. Өзү такыр катуу сүйлөп, киши менен урушкан бала эмес эле. Кыздын оокатын кыздай, эркектикин эркектей жасаган эмгекчил болчу.
16-февралда бейтааныш номерден чалып, «чоң мама, мени алып кеткилечи» деди. Даталуу күндөрү барып аскердик бөлүктөн сурап кетчүбүз. «Жөнөкөй эле күнү эмнеге минтип жатат?» деп дароо жөнөдүм. Барсам командири кетип калды, ал учурда Эрлан экөөбүз жолугушуулар өтүүчү бөлмөдө болчубуз. «Кетип калбадыбы» десем, «башкаларынан деле сурасаңыз болот» деди. Суранып жатып баламды алып чыгып кеттим. «Бүгүн мончого түшчү күнү болчу, саат 19:00дө кайра алып келип киргизип кетесиз» деп кол койдуруп калды.
Ошол күнү айылдан чоң атасы келмек, учураштырып калайын деп ойлодум, өлөт деген ойдо жок да. Анан «бөйрөгүм ооруйт» дегенинен дары, дары чөптөрдү алып бердим. Колдору кир, бети купкуу болуп, шишимик тартып калганын үйгө келгенде байкадым. «Колуң эмне кир?» десем, «картошка аарчыгам, мен ашканадамын да» деп койду. А шишик тартып, кубарып калганын бөйрөгүнүн ооруганына жоруп койгом.
Тамак ичкен соң мончого жөнөдүк. Мен ал жакка да чогуу барып, кийирип, кайра үйгө алып келип, кыскасы, көзөмөлүмдөн чыккан жок. Бир гана жолу «дүкөнгө барып келейин» деп чыгып кетип, анда деле бат эле келген. Саат 18:00дөн өтүп калды. Эрлан болсо кийим-кечегин даярдап, мени бетимен өөп, кучактап, ары-бери басканымды карап отурган. Тамак желген соң идиштерди кийиштирип, жонума пальтомду сала койгуча даараткана тарапка өткөн караанын терезеден байкагам. Келгиче күтүп турайын десем, бир топ убакыт өтүп кетти. Жок, саат жети болуп баратат. Сарсанаа болуп, эшиктен кыйкырам, дабышы чыкпайт. Даараткананы көздөй басып чакырсам да жок. Оюмда эч нерсе жок, «кечигип калбасак экен» деп эшикти тартып жиберип, жипке асынып турган баламды көрдүм. Кошуналарды чакырып, эптеп чечип алдык. «Тез жардам» чакыртсак туура 40 мүнөттө келди. Ал учурда баары кеч болуп калыптыр...
Чөнтөгүнөн кат таптык. «Мени кечирип коюңуздар, эч кимде күнөө жок, эч нерсе болгон жок. Күнөө өзүмдө, жакшы калгыла. Кечиргиле мени, берген антыма турган жокмун» деп кечирим сураптыр. Катты өзү жазган эмес деп жатышат. Себеби апасы мектепти бүткүчө класс жетекчиси болгон, баласынын кол жазмасын тааныйт. Тиешелүү адамдар чара көрүшүн талап кылабыз.
Аңгыча сөөктү жерге берип, эркектер кайтып келишти. Аталган аскер бөлүгүнүн штаб башчысы МИРЛАН СОЛТОГУЛОВго жолугуп, суроо узаттым.
– Баланын өз жанын кыйышына кандай себептер болушу мүмкүн?
– Жигит биздин бөлүктөн жанын кыйбагандан кийин, тигил же бул деп бирөөлөрдү күнөөлөй албайбыз. Ага карабастан, тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүп, чара көрүп жатышат. Эгер окуяга күнөөлүүлөр же баланын өз жанын кыйышына себепкер адамдар аныкталса, өз жазасын сөзсүз түрдө алышат. Бирок мен алдын ала эч нерсе айта албайм. Бул жакка мусулмандык парзыбызды аткарып келдик.
Ракеталык аскер бөлүгүнөн келген кызматкерлер баланын үй-бүлөсүнө жолугуп, кечирим сурашып, моралдык жана материалдык жардам бере тургандарын айтышты. Алар сыртка чыгып, унаасын көздөй басышканда Эрландын классташтары, айылдагы кошуна жаш балдар топтошуп турушкан. Көз ирмемде аскер бөлүгүнөн келгендерди кубалап жетишип, 20-25 чакты бала аз жерден токмоктоп коё жаздашты. Улуу кишилер барып арачалап калышты. Айыл ичи дүрбөп, заматта баш аламандыкка айланып кетти...
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg