ЖАҢЫ КУРУЛГАН ЖОЛДОР ЖАРАКТАН ЧЫГА БАШТАДЫ

Кытай курулушчулары тарабынан курулуп, «Азия Өнүктүрүү банкы» жана «ЭкоИсламикБанкы» тарабынан каржыланган Ош-Баткен-Исфана жолу оор жүк тарткан автомашиналардан улам жарактан чыга баштады. Бул боюнча тынчсызданып жаткан жергиликтүү элдин пикирин Баткен районунун тургуну Абдрашит Исаков билдирди. Анын айтымында, күнү-түнү тынымсыз каттаган күйүүчү май жүктөгөн автомашиналардын оор салмагынан улам жаңыдан курулган жолдордун айрым жерлери чөгө баштаган. «Өкмөттүн «Оор жүк тарткан машиналарга чек коюлсун» деген токтомуна карабаган унаалардын агымын токтотуш керек» деп талаптарын билдиришүүдө жергиликтүү тургундар. Күйүүчү майларды Тажикстанга ташып жаткандардын айынан жолдор эмес, жолго жакын үйлөр да четинен бузула баштаганын да айтышат.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан