«Айжамал, кай жакка кеттиң,сен сулуу жамал?
Айжамал, жүрөктү сыздатпа, сулуу жамал...» деп кыргыздын сулуу кыздарына арнаган ыры аркылуу белгилүү болгон өрүкзардын мукам үндүү ырчы Орозбек Сапаров менен маек курдук. Анын көптөгөн ырлары эл арасына жайылып, «Мектебим» аттуу ыры мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн гимнине айланган.
– Орозбек мырза, сиздин ырларыңызды угуп, бирок сиз тууралуу билбеген да угармандарыңыз болсо керек. Ошол себептен өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз...
– Мен Баткендин Газ деген айылында 1977-жылдын 3-сентябрында жумушчунун үйүндө жарык дүйнөгө келгем. Ата-энем чарбачылык менен алектенген адамдар. Жаштайымдан музыка дегенде жан дилимди берчү элем. Ушунчалык музыкага кызыкканым менен, ата-энем менин ырчы болушума каршы болгон. Атам «ырчылык татыктуу кесип эмес, келечектүү кесип танда» деп айткан. Бирок мен көздөгөнүмө жеттим, аздыр-көптүр элдин алкышына арзыдым. Учурда эки кызым, бир уулум жана сүйүктүү жарым бар. Эң негизгиси, татыктуу тарбия көрсөткөн үлгүлүү ата болууга аракет кылып жүргөн кезим.
– Атаңыз ырчылык жолду тандаганыңызга каршы болсо, кантип ырчы болуп калдыңыз?
– Алар каршы болушканы менен, көөдөндөгү нерсени токтото албайт экенсиң. Ата-энем «жок, болбойт» деген сайын менин музыкага, ырга болгон сүйүүм күчөп, ыр жараткам. Айылда болгон той-тамашаларга калбай барып жүрүп, ошондой тойлордун биринде алгачкы ырымды ырдап чыккам. Ошондон кийин мага ырчылыкка жол ачылды десем болот. Себеби кечеде ырдагандан кийин элдин баары атама «балаңдын таланты бар экен, ырчы кылбайсыңбы?» деп айтышкан. Анан атам уйларын сатып, мага аппаратура алып берген. Атамдын каршылыгын ошентип жүрүп жеңгем. Менин ошол убактагы кубанычымды сөз менен жеткирүүгө болбойт. Ырдоого болгон ынтызарлыгым артып, чакыруулар түшө баштаган. Бир жылдын ичинде 20 ыр жазгам. Алардын арасында «Тамчы, тамчы», «Мектебим», «Айжамал» деген ырлар бар.
– Көпчүлүк эл сизди «Айжамал», «Мектебим» деген ырларыңыз аркылуу тааныйт. Бул ырларыңыздын жаралуу тарыхын айтып кетсеңиз...
– Биз сахнада ырдап жатканда татынакай кыздар гүл сунушчу. Ошол мезгилде кыргызымдын ажарлуу кыздарына, күйөрмандарыма ыраазычылык катарында бир ыр чыгаруу идеясы жаралган. Үйдө Турар Кожомбердиевдин ыр китеби бар эле. Аны карап отуруп «Айжамал» деген ыр мага аябай жагып, ал ырга обон жараткам. Көп өтпөй эле бул ырым элдин жүрөгүнөн орун таап кетти. Ал эми баарыбыз эле окуучу болгонбуз да, «Мектебим» окуучулук күндөрдү сагынып жүргөндө жаралган.
– Канча ырыңыз бар жана алардын сөзүн, обонун ким жаратат?
– Учурда 150дөй ырым бар. Анын жүздөйүн Баткендин жергиликтүү жазуучу-акындарынын китептеринен алган болсом, калганын өзүм жазгам. Ырлардын обонун өзүм жаратам.
– Ырларыңыздын обондорун өзүңүз жаратат экенсиз, музыкалык билимиңиз барбы?
– Музыкалык билимим бар десем да болот, ошол эле учурда жок десем да болот. Себеби мен ноталардын баарын билем, аларды окуй да алам, бирок музыкалык билимимди тастыктаган документим жок. Агамдын музыкалык билими бар, учурунда мен андан билим алгам. Адам баласынын бир нерсеге каалоосу күч болсо, ошол каалоосуна жетет экен. Мага өнөр атам тарабынан берилсе керек деп ойлойм. Ал эски ырларды жакшы ырдачу.
– Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн гимнине айланган «Мектебим» аттуу ырыңызды ырчы KG Эльмурат аткарып жүрөт. Өзүңүз уруксат бергенсизби?
– Ооба, макулдугумду бергем. Ал «Мектебимди» ырдап, клип да тарттырып жүрөт. Ырларымды өзүм эле ырдап калбастан, Баткендин жергиликтүү ырчылары да көп аткарышат. Ырларым эл арасына сиңип, жакшы маанай тартуулап жатканына кубанычтамын.
– Бул жашоодо эмнени ыйык тутасыз жана эмнеден коркосуз?
– Адам бул жашоого бир гана жолу келет. Ошондуктан колунда бар нерселердин баарын ыйык тутуу керек деп ойлойм. Мен үчүн эң ыйыгы – адам деген сөзгө татыктуу болуп жашоо. Кийинки ыйык нерсе – ата-энем жана үй-бүлөм. Ал эми коркконум – жалгыздык. Жалгыз калуу мен үчүн өтө оор.
– Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз жана чарчооңузду кантип жазасыз?
– Дээрлик бош убактым деле болбойт. Айылда жашагандыктан, үйдөгү чарба жумуштары менен алектенем. Андан сырткары мечитке барам, 5 убак намаз окуйм. Чарчаганымда убактымды балдарым менен өткөрүүдөн ырахат алам.
– Балдарыңыздын арасынан сиздин жолуңузду уланта турганы барбы?
– Балдарым азыр жаш. Улуу кызымдан талант байкалат. Ырга болгон шыгы анчалык ачыла элек болсо да, жакшы бийлеп, мектебиндеги сынактарда дайыма жеңүүчү аталат.
– Жаз келип, бүгүн аялзатынын майрамы. Жубайыңызга эмне белек камдадыңыз?
– Белектин атын атап койсом, сюрпризим ишке ашпай калабы деп ойлоп жатам. Учурдан пайдаланып бүт кыргыз айымдарын 8-Март майрамы менен куттуктап кетмекчимин.
– Маегиңиз үчүн рахмат, ишиңизге ийгилик!
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg