Төрт жигиттен турган бул топ дүйнөлүк шоу-бизнеске жаңылык киргизип, коомчулуктун көңүлүн бурду. Алардын сахнадагы образына жүздөгөн адам кыжырланса, миллиондоруна кызыгуу жаратты. Балким, тескерисинче...
Ошентсе да бул шиш такачан ырчы жигиттер эпатаждуулук жактан Леди Гаганы эчак ашып өтүшкөн.
Франческо Боргато – 1990-жылы 5-сентябрда Италияда туулган. Учурда Киевде жашайт. Италиянын ашканасын дүйнөдө эң даамдуу ашкана деп эсептесе да, учурда украиндердин пирожкисине көнүп жаткан чагы.
Артур Гаспар – 1984-жылы 22-июнда Армениянын борбору Ереванда туулган. 10 жашынан баштап Санкт-Петербургдагы балет академиясында окуган.
Олег Жежель – 1980-жылы 31-октябрда Украинанын Львов шаарында төрөлгөн. Бийден тышкары кийимдердин дизайнын чийгенди жакшы көрөт. «Казаки» тобунун «мотору» жана алдыңкы бийчиси. Украиндердин СТБ каналындагы «Баары бийлешет» долбоорунда финалга чейин жеткен.
Кирилл Федоренко – 1990-жылы 5-сентябрда Украинанын Смело шаарында туулган. Топтун негизги ырчысы. 5 жашынан бери бий ийримдерине катышып келет. Киевдеги Искусство институтунун заманбап хореография факультетинин бүтүрүүчүсү.
ДҮЙНӨЛҮК ШОУ-БИЗНЕСТИ КАПТАГАН УКРАИНАЛЫКТАР
ШИШ ТАКА КИЙҮҮ ТАМАШАДАН БАШТАЛГАН
Топтун солисти Стас Павлов заманбап хореография факультетинде окуп жүргөн кезинде украин жылдыздары менен иштешкен Олег Жежелдин «Дельс-арт» шоу-балетине келип калат. Мында иштеп жүргөнүндө Стас курсташ досу Кирилл Федоренкону чакырат. Кийинчерээк бул үчилтикке Артур Гаспар кошулуп, жигиттер жакындан таанышып, болочоктогу топтун стилин издей башташат. Топтун «фишкасы» болгон шиш така башында тамаша катары гана айтылган идея болгон. Бирок жигиттердин тамашасы чынга айланып, азыр сахнага бийиктиги 16 сантиметрге жеткен шиш така кийип чыгып көпчүлүктүн төбө чачын тик тургузушкан. Топто вокалга караганда бийге көп көңүл бөлүнөт. Мунун себеби жигиттердин баары профессионал хореографтар экенинде.
МАДОННА КӨЗ АРТКАН БИЙЧИЛЕР
Эпатаждуу «Казаки» тобунун «Орто ченде» («In the middle») аттуу клиби интернет булактарына жүктөлүп, бир жуманын ичинде миллиондон ашык каралган. Ушундан тартып дене мүчөсү келишкен жигиттер Батыш Европа жана Американын сүймөнчүгүнө айланышат. Анткени жигиттердин аткаруусундагы татаал акробатикалык бий кыймылдары эң алдыңкы дүйнөлүк хореографтардын мактоосуна арзыйт. Мындан улам топтун жигиттерине Миланда өтүүчү мода жумалыгына чакыруу түшкөн. Ал гана эмес, легендарлуу ырчы Мадонна өзү «Жапайы болуп кеткен кыз» («Girl Gone Wild») ырынын клибинде коштоп бийлеп берүүнү сунуш кылган. Албетте, Мадонна көз артып жаткандан кийин калганы түшүнүктүү.
ГОМОСЕКСУАЛДАРЫ ДА БАР
Жылаңач денесин көрсөтүп, чапташкан шым, бийик шиш така кийип бийлеген жигиттерди Орусия, Беларусь сыяктуу Чыгыш Европа өлкөлөрү анча жактыра беришкен жок. Буларга өзгөчө кыжырланган эркектер болду. Орусиянын казак этникалык элинин өкүлдөрү муну кемсинтүү катары кабыл алышкан. Анткени казак деп орус эли эр жүрөк, баатыр, аскер адамын түшүнүшөт. Анан да жигиттерди «гомосексуалдуулукту жайылтып жатат» деп айыпташкан. Ушундан улам эл топтун Ростов-на-Дону шаарында боло турган концертине каршы митинг уюштуруп, жыйынтыгында концерт болбой калган.
Топтун эң көрүнүктүү солисттеринин бири Стас Павлов туш-тараптан айтылган сындарга чыдабай, 2011-жылы топтон чыгууну чечкен. Анын ордун италиялык бийчи Франческо Боргато ээлеген. Франческо өзүнүн гомосексуал экенин ачык айткан топтун жалгыз мүчөсү. «Казаки» тобуна көп берилчү суроолор «топтогу жигиттер гейби? Эмне үчүн шиш така киесиңер? Эмне үчүн англис тилинде ырдайсыңар?» деген суроолор. Бул суроолорго алар «топто бир гана жигит гомосексуал, шиш таканы оригиналдуулук үчүн, ал эми англис тилин аудиториябыз кенен болуш үчүн эл аралык тилди тандап алганбыз» деп жооп берип келишет.
КЫСКАЧА МААЛЫМАТТАР
Лунара Бекиева
star@super.kg