Кыргыз спортунда каражат жетишпестигин укпаган, билбеген жараныбыз жок. Бирок «каражат жетишпейт» деген ойду айткан соң спортко өкмөттөн жылына канча каражат бөлүнүп жатканын билебизби? Жок. Анда төмөнкү сандарга назар салып коюңуз.
Көрсөткүч КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин 2012-жылдагы отчёту боюнча.
ЖАЛПЫ МАМЛЕКЕТТЕН БӨЛҮНГӨН СУММА 363 МИЛЛИОН СОМ
Өлкөдө өткөрүлгөн спорттук иш-чараларга, мелдештерге сарпталган... 51 миллион 739 миң сом
Чет жерлерде өткөрүлгөн Эл аралык мелдештерге, Дүйнө чемпиондугуна жана Азия чемпиондугуна... 73 миллион 105 миң сом
Кыргызстандын аймагында жана чет өлкөлөрдө өткөн сборлорго, командалык даярдыктарга...77 миллион 248 миң сом
160 миллион 908 миң сом
Борбордук имараттын кызматкерлеринин айлык акылары;
Имаратты оңдоп-түзөөгө, коммуналдык кызматтарга.
40 райондун спорт мектептери өткөргөн мелдештер;
Спорттук мелдештердин кызматкерлеринин айлык маянасы;
Имараттарды оңдоого жана коммуналдык кызмат акылары.
Бишкек шаарындагы 12 спорт мектебинин каржылоосу;
Спорттук мелдештердин кызматкерлеринин айлык маянасы;
Имараттарды оңдоого жана коммуналдык кызмат акылары.
Олимпиадага даярдоо борбору;
Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору.