12-мартта Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда грек-рим күрөшү боюнча КРнын чемпиондугу аяктады. Бул мелдештин ачылышында грек-рим күрөшү боюнча КРнын улуттук курама командасынын экс-башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов кызмат ордун Канатбек Бегалиевге өткөрүп берди. Мелдешке келсек, чемпион аталгандар бир айдан соң Индияда өтүүчү Азия чемпиондугуна аттанышат: Калыбек Жолчубеков (55 килограмм салмакта), Арсен Эралиев (60), Арсен Айылчиев (66), Руслан Царев (74), Азат Бейшебеков (84), Аман Токтогонов (96) жана Мурат Рамонов (120).