Жылдагыдай эле жаздын келиши менен спорт бардык жагынан кыймылга өттү. 12-мартта КРнын ЖОЖдору арасында өтүүчү Универсиада оюндары старт алды. Студенттердин көңүлүн имерген мелдештин расмий ачылышы 14-мартта башталып, студенттер арасында чемпиондорду аныктоо 28-апрелге чейин уланат. Универсиада оюндары деңгээли жагынан 2 Лигага бөлүнөт. Быйыл биринчи Лигада спорттун 17 түрү боюнча 16 университет ат салышат. Эми экинчи Лигада 18 команда спорттун 15 түрү боюнча кыл чайнашат. Биринчи Лиганын оюндары волейбол мелдеши менен башталды. Экинчи Лигада тогуз коргоол, стол үстүндө ойнолуучу теннис жана шахмат боюнча күч сынашып башташат.