Борбор шаарыбызда автотыгындарды байкасаңыз, 5 күнгө созулуучу футболдук майрамдын кесепети деп түшүнүңүздөр. Анткени жакынкы күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча АФКнын чакырык Кубогунун тандап алуу оюндары болот. Бул мелдеш үчүн Кыргызстанды зыярат кылуучу футбол чиновниктеринин аягы тыйыла элек. Акыркы маалыматтардан бөлүшсөк, Сергей Дворянков машыктырган улуттук курама командабыз мелдешке жакшы даярдыкта. Курамда Казакстандын «Окжетпес» командасында ойноп жаткан легионерибиз Азамат Байматов жана орусиялык «Волганын» курамында Орусиянын Премьер Лигасында тушоосун кескен Валерий Кичин да кошулду. Оюндардын жадыбалы төмөнкүчө:
17-март
11:45. Пакистан – Тажикстан
15:45. Кыргызстан – Макао
19-март
11:45. Тажикстан – Макао
15:45. Кыргызстан – Пакистан
21-март
11:45. Макао – Пакистан
15:45. Кыргызстан – Тажикстан
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg