Төрөбай Зулпукаров, ЖКнын депутаты:«КУРАЛ ЭМЕС, КУРАН МЕНЕН ЭЛ КЫДЫРЫП, ДЕПУТАТ БОЛДУМ»

«Мекенди сүйүү ыймандан». Дал ушундай хадистен алынган сөздөр депутаттык кабинеттин босогосунда илинип туруптур. Бул жолку каарманыбыз бейне сүртүмдөрүн кызыктуу баяндап отурду.

1974-жылдын 19-январында Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Калинин, азыркы Кара-Таш айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. КМУУнун тарых факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1994-жылдан 1997-жылга чейин Ички иштер министрлигинде спорттук даярдоо боюнча инструктор болуп иштеп баштаган.
1998-2010-жылдар аралыгында жеке ишкерлик менен алектенген.
Учурда ЖКнын КСДП фракциясынын депутаты, төраганын вице-спикери.
Үй-бүлөлүү, бир уул жана эки кыздын атасы.

«ҮЙДҮН ЭҢ ШОГУ, ЭҢ БОЙЛУУСУ ЭЛЕМ»
-Атам милиция кызматкери болчу, андыктан үйдө да темирдей бекем тарбия сакталган. Союз учурунда 3-4 айылга бир тескөөчү бөлүнчү эмес беле, ошон үчүн таңга маал Москвичин айдап кеткен бойдон жатар убакта үйгө келер эле. Анан да ал мезгилде намазга жыгылуу чоң кылмыш саналса да, коңур үндүү атамдын окуганы кадимкидей угулуп турчу.
Апам колхоздо иштеди. Бизди эс тарткандан баштап эмгекке бышырды. Каникулда деле кыйратып эс алчу эмеспиз, картошка айдап, тамеки үзүп жүрүп өстүк. Атабызды аз көргөнүбүзгө байланыштуу 5 уулду жана 3 кызды тарбиялоодо апамдын таасири күч болду. Мен ортончусумун. Үйдүн эң шогу да, эң бойлуусу да мен элем. Дем алыш күндөрү апам атамдын алдында арызга отурганда, коркуп турчумун. Мектепте да ушул көрүнүш, аптасына эки жолу линейка өтүп, тентектигимдин айынан жаман сөз угууга, эки-үч күндөн кийин жакшы окугандыгым үчүн мактоо укканга да жетишчүмүн. Олимпиадаларга катышып, сыйлуу орундарга да ээ болгом.

«ТӨШӨГҮ ЖОК КЕРЕБЕТТЕ ЖАТТЫК»
-Юрист болууну кыялданчумун. Бишкек шаарына келип, юридикалык факультетке тапшырып, бирок өтпөй калдым. Жашырганда эмне, ошол учурда деле коррупция бар эле. Анан окуу программасы окшош деп кийинчерээк тарых факультетин сырттан аяктадым.
Мен мектепти аяктаган 1990-жылдардын башында аскердик кызматын өтөөчү жигиттердин саны кескин азайып кеткен. Атамдын «армияга барбай эле кой» деген сөзүнө карабастан, Улуттук Гвардияда кызмат өтөө боюнча тандоодон ийгиликтүү өтүп кеттим. Райондогу 43 баланын ичинен үчөөбүздү гана алып кетишти.
Ошентип, Улуттук Гвардиянын биринчи чакырылган аскерлерине айландым. Келсек, гвардиянын аталышы эле болгону менен, керебеттерге матрац салына элек экен. Темирге жатып, түнү ары-бери оодарылганда кыпчылып калган чачтар жулунуп кетчү. Эртең менен көздү чала-була ачып чуркоого чыкканда керебеттин изи бетибизге зебрага окшоп түшүп калар эле. Бир айдан кийин төшөк-жуурканы, кийим-кечеси, курал-жарагы да келе баштады. Былтыр Улуттук Гвардиянын түзүлгөнүнө 20 жыл толуп, чогулуп отурдук. Ушул кезге чейин өлкөдө, жер-жерлерде гвардиянын 13 миңден ашуун кызматкери бар.
Эки жылдык аскердик кызмат өтөгөндөн кийин, 1994-1997-жылдар ичинде Ички иштер министрлигинде спорттук даярдоо боюнча инструктор болуп иштедим.

«КАРМАШЫП УРУШУУ БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНДУК ӨТӨТ»
-Союз учурунда чыгыш күрөштөрү, каратэ деген спорттун түрлөрү жашыруун болчу, ошон үчүн ал боюнча машыгуулар жер төлөдө жана тоодо өткөрүлөр эле. 1985-жылга чейин кикбоксинг менен ушу саньда кеңири таркай элек болсо да, кармашып урушуу, каратэ, самбо бар эле. Мен да чыгыш күрөштөрү боюнча машыгууларга катышып, спорттук карьерамда Кыргызстандын желегин желбиреттим.
Жеке менчик спортзалым жок. Бирок үйдө бар, анан түрдүү мамлекеттик спортзалдарды каржылоого, кээ бир спортчулардын эл аралык турнир менен чемпиондуктарга катышуусу үчүн көмөк көрсөтөм. Туулган айылыма да эки кабаттуу спортзал курдургам. Үйүмдө да борбордогу спорттук залдарда машыгып жүргөн беш спортчу бар.
Өзүм Кармашып урушуу боюнча федерациясынын вице-президентимин. Эмдиги жылы Кыргызстанда биринчи жолу бул спорт түрү боюнча Дүйнөлүк чемпиондук өткөрөбүз. Мындай чоң иш-чара көп эмгекти талап кылат, андыктан учурда даярдыктарды көрүп жатабыз.

«ЭЛ АГЫМЫ МЕНЕН ОРУСИЯГА БЕТ АЛДЫК»
-ИИМде иштеп жүргөнүмдө шаардык кызга жолугуп, кийин үйлөндүм. Мамлекеттик кызматтын айлыгы үй-бүлөнүн кем-карчын толугу менен бүтөй алчу эмес, андыктан 1998-жылы элдин агымы менен Орусиянын Ростов шаарына жөнөдүк. Машыктыруучу болгонум көп жардамын тийгизди, кесибим боюнча ишимди улантып, спортзалдар менен келишим түздүм. Анда согуштук-спорттук даярдык боюнча мылтык, тапанча атуунун жол-жобосун үйрөтүп жүрдүм.
Талаа-түзгө чыгып, жашоонун кыйынчылыгын көрүү эркектер үчүн керек деп эсептейм. Турмуштун тарбиясын көргөндөр гана өз жашоосунда жокко чөкпөгөнгө, барга көппөгөнгө бышат.
Орусияга жаңы барганымда колубузда тогуз айлык кызыбыз бар, үй, туруктуу айлык же тууган-урук жок. Бирок эч качан эч бир жанга «кыйналдым» деп арызданган эмесмин. Себеби эркек киши, алдуу-күчтүү жигит кеминде үч кишини бага аларына көзүм жетет. Кара жумуш болобу же башкасыбы, курсак тойгузууга бардык жерден иш табылат.
Ростовдо 5 жыл жашап, кийин Москвада 2 жыл турдук. Башында товар ташып жүрсөк, барып-барып күзөт боюнча фирмалар менен иштешип, бизде машыккандар базарларды, анын ичинде контейнерлерди кайтарышчу. Учурда ишкердүүлүктүн тармагы кеңейип, банктык систем, компьютердик тетиктер жана башка элге керектүү товарларды сатуу боюнча иштер уланууда. Ростов менен Москва шаарында убагында жумуш орундарын да түзүп койгонбуз, бүгүн ал жакта кыргыз жигиттер иштейт.

«ОШ ОКУЯСЫНАН УЛАМ АТАМБАЕВГЕ ЖОЛУКТУМ»
-2010-жылы Ош окуясы чыгып кеткенде атайын багыттагы аскердик бөлүктүн ардагерлери чогулуп, тынчтыкты сактап калуу максатында түштүккө бардык. Тилекке каршы, бизге курал бере алышкан жок. Ошондо Алмазбек Шаршеновичке жолугуп калдым. Өтө кайгырып алган. Ал менин дайынымды угуп: «Өзүң ыйман жолунда жүргөн жигит экенсиң. Азыр курал менен да токтотуу кыйын болуп калды. Ошондуктан башка жолдорду издеп көрчү»,- деди. Биз ойлонуп, эл ичинде кадырман диний аалымдардын башын бириктирүүнү чечтик. Абдышүкүр Нарматов, Чубак ажы Жалилов сыяктуу 52 кишини чогултуп, колубузга курал эмес, Куранды кармап, элге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.
Ош окуясынан кийин Алмазбек Атамбаев мени чакырды. Ага чейин эл ичинен жөнөкөй адамдарды карап чыгып, алардын ар бирин КСДПнын тизмесинин катарында депутаттыкка талапкер катары көрсөтүүнү ойлонуп жаткан экен. Алмазбек Шаршеновичтин сунушу мен үчүн күтүлбөгөн болсо да, ага «эгерде мамлекетке жардам берүү үчүн сөзсүз саясатка аралашуу керек болсо, анда макулмун» деп жооп бердим.

«ЖУБАЙЫМ НАМАЗДЫ ОРУС КУРБУСУНАН ҮЙРӨНГӨН»
-Келинчегим экөөбүз эки кыз, бир уулду чоңойтуп жатабыз. Мектептеги сабактарынан тышкары улуулары тил курстарына, спорттук секцияларга да катышышат. Эң кенжеси бала бакчага барат. Эртеден кечке балдардын окуусу, тарбиясы менен чуркап жүргөн жубайыма ыраазымын. Өзү да Куранда, хадисте жазылгандай, үйдө мусулман аялына тиешелүү тартипти сактайт. Ал эми намазга Ростов шаарында мусулман динин кабыл алган орус курбусунун таасири менен жыгылган. 2009-жылы ажылыкка да барып келгенбиз.
Үйдө, бош убактымда китеп окуйм. Айрыкча, таңкы намаздан кийин уктап калсаң, кайра ойгонуу кыйын болуп калат эмеспи, ошон үчүн эртең мененки убакыт китеп окуу менен өтөт. Ыр, ой толгоо жазып коймоюм бар. Тар чөйрөдөгү адамдарым окушса, мактап калышат.

Эльвира Караева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Төрөбай Зулпукаров: "Курал эмес, куран менен эл кыдырып депутат болдум"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
laliya26
2013-03-19 11:37:13
Сонун макала болуптур! Аябай жакшы адам экени билинип турат
0
abu_kg
2013-03-20 09:02:59
Баардык спротчулар ушул Зулпукаров байкедей болуп, ыйман мене күчүн, эмгегени айкалыштырса адам өлтүрүү, күчтөрүн башка адамдар колдонуусуна жол коюлбайт эле. Ийгигилк, өзүнүздөй ыймандуу спортчуларды даярдап, мекен үчүн андан башкада ат көтөргүз жумуштарды аткара бериң!
0
GROM
2013-03-22 12:23:38
Жылмайып олтуруп жакшы маек куруп бериптир. Ишенич, умтулуу керек азыр биздин бийликке. Артка тарта бербей, жжасай албайт дей беербей онугобуз дей бериш керек. Ишенсен болот баары
0
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан