КЫЛМЫШКЕР 18 ЖЫЛДАН СОҢ КАРМАЛДЫ

«Кан узатпайт» деген сөз дагы бир ирет иш жүзүндө аныкталып отурат. Жакында Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери мындан 18 жыл мурун кылмышка барган адамды колго түшүрүштү.

УУРУЛУККА КИРИП КИШИ ӨЛТҮРҮШКӨН
Тергөөнүн версиясы боюнча окуя төмөнкүчө болгон. 1995-жылдын 1-ноябрында түнкү саат 11лер чамасында Омар Яшанло, Сулейман Сайтун жана Нурлан Жусупов Кант шаарынан Казакстандын Кордай районунун Масанчи айылына барып, бир үйгө уурулукка киришет. Уурулуктун үстүнөн чыгып калган үй ээсинин аялы Айша Фунчинин денесине кылмышкерлер бир нече ирет бычак сайып, ал ошол жерде каза болгон. Ал эми үйгө келип калган анын уулу Исмар Фунчи да бир нече ирет бычак жеп, качып чыгууга үлгүргөн. Түнкү каракчылар болсо колдоруна тийген 20 миң теңгени олжолоп, изин суутуп кетишкен.
Бул факт боюнча Казакстандын Кордай райондук прокуратурасы тарабынан киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголот. Андан 15 күн өткөн соң Сулейман Сайтун кармалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп, Жамбыл облустук соту аны 9 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми 2000-жылдын 30-майында казак укук коргоо кызматкерлери тарабынан кылмышкерлердин дагы бири, 1968-жылы туулган Нурлан Жусупов кармалып, тергөө бүткөн соң ал да 9 жылга эркинен ажыратылган.
Ал эми кармалбай качып жүргөн Омар Яшанлого айыбы сыртынан угузулуп, издөө жарыяланган. Тергөөнүн жүрүшүндө анын кыргыз жараны экендиги билинип, казак тарап бизге кылмышкерди издөөгө жарыя жиберген.

18 ЖЫЛДАН БЕРИ БЕКИНИП ЖАШАГАН
Жакында издөөдө жүргөн Омар Яшанло колго түшүрүлүп, азыркы тапта милиция кызматкерлерине сурак берип жаткан учуру. Ал уурулукка барганын, бирок киши өлгөнүн билбегенин айтууда.
– Бир бөлмөгө кирсек атасы уктап жатыптыр, акырын чыгып башка бөлмөгө кирдик. Сулейман байкем алдыда болчу, бирөө менен мушташа кетти. Аял экен, мен мойнунан муунтуп, каршылык көрсөтпөй калгандан кийин коё берсем кулап түштү. Анан короого машина кирип, ичинен бирөө түштү. Мен ага бычак такап, акча бер дегиче ал бычакты жулуп алып, мага шилтеди. Ошол убакта байкем экөө мушташа кетип, ал терезени сындырып качып чыгып, коңшуларын чакырды. Биз качып кеттик. Кантка келгенден кийин байкем «мени менен Көлгө жүргүлө» дегенинен кетип калганбыз. Ал бизге батир таап берип, ал жерде эки жума жашадык. Жеңем келип «байкеңди милиция кармап кетти» дегенинен кийин Нурлан экөөбүз кайрадан Кантка келдик. Нурлан «аялым, бала-чакам менен учурашып келем» деп кеткен боюнча келген жок. Андан кийин ар жакта мал кайтарып жашап жүрдүм.

Чүй ОИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси НУРБЕК ТОКТОСУНОВ:
– Бул кылмыш боюнча 1957-жылы туулган Сулейман Сайтун жана 1968-жылы туулган Нурлан Жусупов аттуу жарандар мындан бир нече жыл мурун кармалып, соттолгон. Ал эми Ысык-Ата районундагы Хунчи айылынын тургуну 1968-жылы туулган Омар Яшанлого Ысык-Ата РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан издөө жарыяланган. 2013-жылдын 5-мартында издөөдө жүргөн Омар Яшанло кармалып, СИЗОго киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кылмышкер 18 жылдан соң кармалды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан