КРнын Эл артисти Апаз Жайнаков:«ӨРҮКЗАРГА КЕТЕЛИ» ДЕГЕН ЫРЫМ СҮЙҮҮМӨ АРНАЛГАН ЭМЕС»

«Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга,
Сунушумду, суранам, четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга…»
Бул саптар жаңырганда баарыбыздын көз алдыбызга ырчы, обончу Апаз Жайнаков элестээри бышык. Ырчыга жолукканымда ал бул ырды кандайча ырдап калгандыгы, чыгармачылыкка келген жолу, жеке жашоосу тууралуу кенен кеп салып берди.

«БАЛА БАКЧАДА ДА ИШТЕДИМ»
-Мен Баткен облусунун Баткен районунда төрөлүп-өскөм. Ата-энем чарба кызматкерлери болгон. Мектепти аяктагандан кийин Самаркандек айылындагы техникумга тапшырдым. Көп өтпөй эле 2 жылга Чехословакияга, аскердик кызматка жөнөп кеттим. Аскерден келгенден кийин Ош педагогикалык институтунун музыкалык бөлүмүнө эки ирет тапшырып, тилекке каршы, сынактан өтпөй калгам. Эмне кылмак элем, айылга барып совхоздо трактор оңдоочу, электрик болуп иштедим.
Талантым жөн жаткырбады көрүнөт, кийинчерээк «мен окушум керек» деп Бишкектеги Улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияга тапшырып, вокалдан сабак алдым. Дал ушул жерден чыгармачыл адам кандай боло тургандыгын түшүнгөм. Студияны аяктагандан кийин тааныштарымдын «билимиңди өркүндөт, жогорку билим ал» дешкендерине карабай айылыма келип, мурдагы жумушумда иштеп жүрдүм. «Аракет кылсаң берекет» деген чын экен, 1985-жылы тилегим орундалып, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып, жогорку билимге ээ болдум.
Окууну аяктап, бала бакчада эмгектендим. Ал күндөр кечээкидей көз алдыма тартылат. Наристелердин агайлап мен келчү автобусту утурлап чыгышканы, ырдап жатканымда кубануу менен угушканы... Балдар менен иштөө көпкө уланган жок. Анткени Баткен райондук Маданият үйүнө жумушка чакырышып, ошол жактан баш-отум менен чыгармачылыкка киришип кеттим.

«БАЛДАРЫМДЫН БИРИ ЖОЛУМДУ ЖОЛДОСО БОЛМОК»
-Кайра-кайра эле окууга тапшырып, ырдап жүрүп 1982-жылы үй-бүлө күтүүгө жетиштим. Жубайым экөөбүздүн турмуштун ысыгын да, суугун да кошо тартып келе жатканыбызга 31 жыл болду. Мен кандай иш жасабайын дайыма өз оюн айтып, колдоп, кубаттап келет. Экөөбүз 3 уул, 1 кызды тарбиялап өстүрдүк, 2 неберелүү болдук. Чоң уулум менен кызым жогорку окуу жайды аяктап, өз адистиги менен эмгектенишет. Экинчи уулум Максатбек Баткен облустук драма театрында эмгектенет, балдарымдын ичинен чыгармачылыкка аралашканы ушул. Кенжетайым Эркин болсо ЖОЖдордун биринде окуп жатат. Балдарымдын арасында жан дүйнөсү ырга жакыны жок. Бирөөсү менин жолумду улантса жакшы болмок. Үмүт үзүлбөйт, балким, неберелеримдин арасынан чоң атасынын чыгармачылыгын уланткан артист чыгар деген ойдомун.

«КЫЗЫЛ ӨРҮККӨ» ТААСИРЛЕНИП БАТКЕНИМЕ ЫР АРНАГАМ»
-Ооба, элде «Апаз Жайнаков «Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга» деген ырын кимге арнады болду экен? Кимди өрүкзарлуу Баткенге алып кеткиси келген?» деген суроолор жаралашы мүмкүн. Мен бул ырга обонду «жазда келем айылыңа, кызыл өрүк, түштү көөнүм көркүңө сени көрүп...» деген ыр саптары бар эмеспи, ошого таасирленип жазгам. Баткениме ыр арнасам деп көптөгөн жазуучуларга буюртма берген элем. Бирок алардын биринин да ыры купулума толбоду.
Бир күнү дүкөндөн кичинекей китепчени көрүп калдым. Акын, жазуучу Мадина Тураеваныкы экен. Окуп көрүп, көптөгөн чыгармаларынын ичинен «Сыйыналы бир келген бактыбызга» деген ыры жан дүйнөмө жагып, ага обон жараттым. Ыр чыгары менен бат эле элдин жүрөгүнөн түнөк таап кетти. Мени да сүйгөн адамына арнаса керек деп ойлошот го, арзышкандар бири-бирине «жүр ээрчишип кетели өрүкзарга» деп ырдап жүрүшөт. Чынында, бул чыгармамды сүйгөн адамыма эмес, туулуп-өскөн жериме, Жаратканым жолуктурган жан шеригибиз менен татыктуу өмүр сүрүүгө аракет кылалы деген максатта ырдап чыккам.

«АРАККА ТОЙГОН ЖАШТАР ЗАЛГА АТЧАН КИРИШКЕН»
-Чынында, артисттердин жашоосу дөңгөлөк үстүндө өтөт. Ар кандай кызыктар менен коштолот дегендей. Алгачкы жолу 1992-жылы Бишкекте отчёттук концертимди берип, кийин ошол эле программа менен райондорду кыдырып жүргөм. Алай районунун Маданият үйүндө ырдап жатканымда электр жарыгы өчүп калды. Эл атайын менин ырларымды укканы келсе, аларды кайра таратып жиберүүгө болбойт эле. Ошондо аккордеонумду алып 1 саат бою тынбай ырдап бергеним эсимде.
Андан да кызыгы башка бир айылда болгон. Кайсы айыл экенин айтпай эле коёюн. 90-жылдары кайра куруу мезгили болуп, мамлекетте хаос болуп, эл эмне менен алектенишин билбей калган мезгил эле. Аталган айылга күнүнө 1 фляга спирт ичимдиги келет экен. Жигиттер аны кийинки күнгө калтырбай ичип мас болуп алып жүрүшөт. Концерт коюп жатканбыз. Бир убакта клубдун эшиги чоң ачылып, баягы жигиттер ат менен бастырып киришсе болобу?! Бирде сахнанын астына келишет, бирде залдын ичин айланып чапкылап жүрүшөт. Ошондо «өзүңөр концерт коюп алгыла» деп басып кетейин дедим, бирок алдыңкы орундукта мени тыңшап отурган аксакалдарды кыя албадым...

«АГАЙ БОЙДОН КАЛДЫМ»
-Менин жашоодо ыйык тутканым – ата-энем, үй-бүлөм жана чыгармачылыгым. Чыгармачылык эч качан карыбайт, ал дайыма жаш бойдон кала берет. Ушул кезге чейин көптөгөн кызматтарда иштеп, Кудайга шүгүр, тааныш, кесиптеш күттүм дегендей. Учурда өзүм эки жолу тапшырып өтпөй калган окуу жайда,
ОшМУда студенттерге таалим берип келем. Артыбыздан чыгармачыл жаштардын өсүп келе жатканы, албетте, cүйүнтөт. Бирок айрымдарынын батыш элин туурап чыгып жаткандары өкүндүрөт. Биз – чыгыш элинин урпактарыбыз. Сахна – ыйык жер. Алар нукура кыргыздын баалуулугун, салт-санаасын, айкөлдүгүн даңазалаган ырларды ырдашса сонун болмок.

Бегайым Тажибай кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Knt
2013-03-18 12:06:20
iwinizge iygilik, Apaz ava!
0
patriyotka_kg
2013-03-18 15:42:27
Саламатсызбы Апаз ава!ишинизге ийгилик,унунуз ырдаганынызга баа берем,Женем,Акжолдорго саламым жана сый урматым менен карындашыныз.
0
Juliana
2013-03-21 07:58:19
Eh, menin da atam bar bolso jakshy bolmok.
0
prezent
2013-03-21 19:27:15
алтын ун,залкар адам сизсиз!аллах сизге оомат жана бакыт берсин агай!
+2
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан