Бактияр Токторов:«БАЙКАСАМ, МЕН ЭЛЕ ТЕРДЕП-КУРГАП БИЙЛЕЙ БЕРЕТ ЭКЕМ»

Концерттин өткөн орду – Спорт Ордосу, 7-мартта
Башталышы – 19:30 (жарым саатка кечикти)
Көрүүчүлөр – 90 пайыз
Мыкты номерлер – Куудул Бактарбек Абдразаковдун аты жок ыры, Кожакмат Исмаиловдун «Айгүлүм» аттуу ыры
Алып баруучу – Куудул Рысбек Жантөрөев
Билет баасы – 300-500 сом

«Биздин» былтыркы концертине эл агылып келгенинен эки күн эле концерт берсе болмок экен деп айттым эле. Ал сөзүмдү Бактияр иним угуп калганбы же өздөрүнүн оюбу, минтип эки күнгө Спорт Ордосун алышыптыр. Айтпасам деле белгилүү да, эл жети жарымга дейре жайылып, көшөгө ачылганына карабай ордун таппай аркы-терки басып жүрүштү. Бир маалда «Миң кыял» бий тобунун кыз-жигиттери бийлеп чыга келишти. Алардын артынан куудул Рысбек Жантөрөев «Биз» тамаша-шоу концертине куш келипсиздер» деп концертти ачып берди. Бу бала санап отурсам ар чыкканында жок дегенде 2 жолудан «тарс эткендин баары тамаша» деп кайталаганын койбоду. Баарынан да кызыгы, Лейлектен бир пародист жигит ат арытып, жол карытып келиптир. Бир карасам ары чуркап, бир карасам бери чуркап, залды күлдүрө албай көпкө убараланды. Бир маалда Рысбек «ырчы Аскат Исабековду чакырабыз, Аскат Исабеков» десе, «Эми мунусу кайсы ырчы болуп кетти экен?» деп ойлоп кетипмин. Карасам, «Аскат Мусабеков» деп оңдоого шашып Аскат өзү чыгып келатат. Аскаттын ыры бүткөн соң Рысбек кечирим сурап тим болбой «мен гезиттерди көп окуйм да, мэрдин фамилиясын кайра-кайра окуп жүрүп ошондон адашып калдым» деп «оңдоп» койду. Мен буга айран таңмын, бу бизде Исабеков деген мэр бар беле же кургур кулактан кеткенминби деп. Кийин жанымдагылардан сураштырсам, туура эле Иса Өмүркуловду айткандай.
Бир маалда кайра-кайра досум деп пародист Бактарбек Абдразаковду чакырып калды. Жалтыр-жултур кийинген досунун бийлегени элге жага түштү белем, кол чаап отуруп кайра экинчи ирет чакыртышты. 20 мүнөткө созулган антракттан соң алаасына жеткен шым кийген «Эксклюзив» деген топ чыга келди. Алардын Асанкалый Керимбаевдин «Сендей мага» деген ырын акапелла түрүндө аткарганынан кулагым тунуп калды.
Концертке аты аталып, бирок келбей калгандар Расул Маматкулов, Ильяз Агыбай уулу болушса, тизме-пизмеси жок эле куудул Жаныбек Алыкулов, ырчы Данияр Эрматов жана башкалар айымдарды куттуктап кетишти. «Байкасам, мен эле тердеп-кургап бийлей берет экем, эми башкаларды да бийлетейинчи» деген Бактияр аспапта тургандарды да ырдатып «тердетти». Жалпысынан
концерттин өзгөчөлүгү залдын жасалгасында болбосо да, «Биздин» балдарынын жаңы тигилген кара костюмдарында экен деп койдум. Бактияр азамат, эргип ырдап, келген элди кубантты, кол чаптырды.

Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
klassika
2013-03-18 14:13:47
Толиктин сынаганы мага жагат,ошо концертке баргандай эле болуп калам.Болбосо биздин ырчылар чындыгында эптеп эле концерт бере бермей адаты бар.Аябай жакшы концерт коро элекмин
+2
BORN.kg
2013-03-18 14:29:10
Туура эле сындагандай сезилет мага да
0
Fekus
2013-03-18 15:11:33
сонун сындайт
0
tatar1103
2013-03-18 17:10:02
Толик сынчынын сындаганы мага аябай жагат, концертке баргандай эле болосун.
+2
kosi
2013-03-19 00:34:21
Концерт жалпысынан жакшы отту. Менимче айымдардын майрамына карата эн эле жакшы белек болду.
-1
bekbolot929312
2013-03-19 14:17:24
Толик Сынчы мага да жагат чет олкодо болсом да сындарын окуп ошо концертте отургандай эле болом Толик Байкебизге ийигилик
+1
best-life
2013-03-20 09:23:22
Ээээ бу Токен катырат да, гезитке ушундай сындары жазылганда, "туздуу" жерлерин ушунчалык жыргап кайра-кайра окуп каткырам да)))))Бирок мунун сындарына ой жугуртсон, созсуз чындыгы бар дейсин.Чындап бу Токен кандай адам болду экен, Супер-Инфо Толиктен бир интервью албайсынарбы ;)
+2
wwwww
2013-03-21 04:57:30
Дайыма сынчылар болуп турганы жакшы. Сындан сапат озгорот
+2
suluktu
2013-03-21 14:43:24
Tolike ozu bir nerse jagaby eken, kachanda bolbosun minus jaktaryn synap oturat...
-1
casio-ctk
2013-03-22 03:29:46
бактяр азаматсыз!!!алга!!!
0
kaRa-4aPan
2013-03-22 19:50:04
Тоолик чагымда 10 катын кетирсе керек.
0
dudu
2013-03-22 21:18:14
бироонун алсыз жагын бетке дана айтканы бул жакшы экен,бул нерсе ошол инсанды жакшы жака озгорулусуно себеп боло алат,Мен бул Бахтияр байкенин концертине баргам,соонун болгон,Толик сынчы "биз"тобунун концертине эмес башка бироонун концертине кирип алган окшойт.
-1
Kg.lady
2013-03-24 12:26:34
Толик байкебиз Бахтияр байкеденда жашы улууго ээээ
0
glamour
2013-03-24 19:00:59
bılçıyıp semırgenden bıyleu dele albay kalıptırsın yzyldym,90-95 jıldarı çoguu bıylegen kyndör tyşgöda kırbey kaldı attın
0
azamat85
2013-03-27 16:53:43
мындай сындаган туура эмес, колдон келгенин кылып жататта алар да, бул сынчы бир кун ырчыларга тутулуп калып таяк жеп калбаса эле болду...
-1
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан