ЖОЛУКТУҢ МАГА КАПЫСТАН...

Түгөйүбүз менен ар кандай шартта таанышып, тагдырлаш болуп, үй-бүлө кургандан кийин бул жагымдуу көз ирмем өмүр бою эсибизде калат эмеспи. Ал эми сахна, теле жылдыздарынын бул жааттагы баяны сизди кызыктырабы? Анда чогуу күбө бололу.

Мирлан Баеков, ырчы: «МЕНИ ТОКТОГУЛДУК ДЕП СОЗУЛДУН АТА-ЭНЕСИ КАРШЫ ЧЫККАН»
– 2003-жыл. Бишкектеги кафелердин биринде ырдап жүргөн кезим. Кафенин кожоюну жаныма бир ырчы кыз алууну сунуштап калды. Бир топ кыз келип, бирок жетекчилик жактырбай койду. Бир күнү Созул деген татынакай, көздөрү бакырайган кыз комузун кармап кирип келди. Ишенесиңерби, ошондо жүрөгүмдө кадимкидей жылуулук пайда болуп, кинодогудай эле жалдырап туруп калыпмын. Жетекчилик жактырган жок. Мен аны жоготуп алуудан коркуп, «жакшы ырдайт экен, калганын өзүм үйрөтүп алам» деп жан талашып алып калдым.
Бош болуп калганда жагымдуу сөздөрдү айтып, эки-үч айдын ичинде сезимимди билдирдим. «Созул, сени жакшы көрөм, билесиңби?» десем, кебелбей туруп «ой, мен аны башында эле билгем» деп жатпайбы. Бир жылдай сүйлөшкөндөн кийин телефон чалсам албай, беш жыл кабары жок болуп кетти. Мен да жайына койдум. Көрсө, ата-энеси менин токтогулдук экенимди билип, «өзүбүздүн нарындык жигитке турмушка чыгасың» деп каршы болуп коюшкан экен. Бара-бара Созулдан үмүтүм үзүлүп, «жок дегенде ошого окшогон кызга үйлөнүшүм керек» деп калгам.
Анан бир тойго ырдаганы барып, Созулдун группалаш кызы менен таанышып калдым. Ал аркылуу номерин алдым да, чыгарым менен чалып «мен, Мирлан, жарым саатка чыкпайсыңбы, сүйлөшөйүн дегем» десем, макул болду. Беш жыл деген аябай эле узак убакыт го. Бул аралыкта Созул башка жигитке турмушка чыгып, мен да өз бактымды таап алсам болмок. Бирок жолубуз, тагдырыбыз бир экен, тоскоолдуктардын баарын жеңип, үй-бүлө курдук.

Замир Арыкбаев, ырчы: «ЖУБАЙЫМ БАШЫНДА МЕНИ ТОГОТЧУ ЭМЕС»
– Жубайым Лира таякемдин досунун кызы болот. Таякемдикине конокко келгенде жактырып калгам. Бирок ал мени көп деле теңине алчу эмес. Бишкектеги бир окуу жайда студент экенин билчүмүн. Күндөрдүн биринде атайын жолугуу үчүн аталган окуу жайга келип, анын сабактан чыгышын күтүп турдум. Бир маалда беш-алты кыз болуп чыгып, үйлөрүн көздөй бет алышты. «Ушунча кыздын көзүнчө таанышам деп барганым туура эмес болуп калат го» деп уялып, артынан ээрчип келе бердим. Бирден кетип отуруп, экөө калганда жетип барып ортосуна түшүп алдым. «Кыздар, кандайсыңар?..» деп сөзгө тартып сүйлөшүп кирдим. Лира мени жакшы тааныбагандыктан, жанындагы курбу кызынын жигити окшойт деп ойлоптур. «Мени таанып жатасыңбы?» десем, башын чайкады. Бир жолу таякемдикине ата-энеси менен келгенде ырдап берген болчумун. Ошону айткандан кийин гана эсине келип жатпайбы. «Мындан ары жолугуп турсак болобу?» дегениме макулдугун берди.
Анда мен 3, ал 2-курста эле окучу. Жаштык кылдык окшойт, канча сүйлөшсөк деле тил табыша албай, уруша кетчүбүз. Анан өзүмчө ойлонуп, «азыр даяр эмес окшойбуз, бир аз күтө турайын» деп Лирага барбай калдым, ал да унчуккан жок. Эки жыл өткөндөн кийин кайра эле таякемдикинен жолугуп калдык. Башындагы уялуу, намыстануу деген сезимдер жоголуп, экөөбүз тең өткүр боло түшкөнүбүздү сездим. Ошентип, бир жылча кыз-жигит болуп сүйлөшүп, анан үйлөндүк.

Лунара Мамытова, диктор: «БАКТЫМДЫ КӨЧӨДӨН ТАПКАМ»
– 2003-жылдын 30-августу болчу. Көлдө эс алып жүргөм. Күтүүсүздөн эле Ошко чакырып калышты, «Эгемендүүлүк күнүнө карата Аскар Акаев келет, уюштуруу иштерине катышып бер» деп. Майрамдын соңу болуп, капкара болуп күйгөн бетимди көчөдөгү элден жашырып аппак спорттук костюм, башыма кепка кийип алып үйдү көздөй келе жаткам. Топтошуп турган 4-5 жигит «Чоң кыз, таанышып албайлыбы?» деп тийишип киришти. Негизи, мен көчөдөн таанышчу эмесмин. Бирок ошол маалда эс алуунун, майрамдык маанайдын таасиринен уламбы, мен да шоктонуп «таанышууну каалайсыңарбы, анда жетип алгыла» деп алдыга чуркап кеттим. Үйгө жетип калгам ошондо, тигилер да тапырап бат эле мени кууп келип калышты. Арасында жолдошум Урмат да бар. Ошентип, алар менен сүйлөшө кеттим. Бир аз мурун эле ОшМУнун сулуулар сынагында 1-орунду жеңип алган болчумун. Мени таанышты окшойт, «Сен ошол Лунара эмессиңби? Аябай окшош экенсиң» деп сурашканынан сыр билгизбей «жок» деп койдум. Көрсө, алар ошол сынакка катышып, башка кызга күйөрмандык кылышкан экен, «Лунара деген кыз жеңүүчү болууга татыктуу эмес, биринчиликти тууганы аркылуу алыптыр» деп мени жамандап киришсе болобу! Кийинчерээк Урмат мен ошол Лунара экенимди билип калып, аябай уялып, кечирим сурап жүрдү.

Ынак Осмоналиев, ырчы: «СЫРГАНЫН «ЖОК» ДЕГЕНИ ЖҮРӨГҮМӨ КАТУУ ТИЙГЕН»
– Мен кыргыз, иним орус мектепте окудук. Бир күнү анын Алиппе майрамына ата-энеме чакыруу келип, жумуштары чыгып бара албай калгандыктан, мени жиберишти. Ал жактан Сырганы көрүп калып, сөзгө тартып жатып таанышып алдым. Анда Сырга 7-класста, мен 9-класста окучумун. Баарынан кызыгы, ал өзүмдүн эле кошунам болуп чыкты. Ошондо аябай таң калдым, жакын жашап, аны көрбөгөнүмө. Кийин жолугуп, дос катары сүйлөшүп жүрүп, бир күнү «кыз-жигит бололу» десем, сунушумду кабыл албайт. Дос балдарым да «Сырганын жигити бар экен» деп калышты. Жаш экенмин ошондо, бул сөз жүрөгүмө катуу тийип, «алыстаса менден карааның, аянычтуу карап каламын, а сен болсо кете бересиң, кучагында башка баланын...» деген эң биринчи ырымды ушинтип алгачкы сүйүүмө арнагам. Бирок мендеги ага болгон үмүт өчкөн эмес. Кийин мен шаарга окууга кеткенде, ал 11-класста окуп калган. Үйгө барган сайын жолугушууга чакырып жүрүп, акыры жүрөгүн багындыргам. Көрсө, эч кандай жигити жок эле, ал дагы мени жактырып, бирок айта албай жүрүптүр. Билбейм, иним болбосо, Сырганы тааныбаган боюнча калмак окшойм.

Эльзар Өскөнбаева, ырчы: «ҮЙЛӨНӨЛҮ ДЕСЕ, ДАРОО «ДАВАЙ» ДЕГЕМ»
– Мээрим деген курбум дайыма «менин таякемдин «красавчик» баласы бар, тааныштырам, сүйлөшүп көрбөйсүңбү» дей берчү. Бир күнү ошол дос кызымдын туулган күнү болуп, кафеге барып калдык. Атайын мени менен таанышсын деп Чыңгызды да чакырып койгон экен. Тааныштык, анын кандай ойдо болгонун билбейм, бирок мен дароо жактырып калдым. Тилекке каршы, Чыңгыз Москвага кетип, ортобуздагы байланыш үзүлүп калды. Кийинчерээк интернет аркылуу бири-бирибизди таап алып, үч айдай сүйлөшүп жүрдүк. Абдан чечкиндүү экен, Москвадан келип эле «Давай үйлөнөбүз?» десе, мен да бир аз кыз кылыгын кылбай «давай» дептирмин. Азыр «сени Мээрим аркылуу мен таап алгам» десем, «жок, мен сени тапкам. Эгерде ал «Менин курбум менен таанышасыңбы?» дегенде макул болбой койсом эмне кылмак элең?» деп тамашалап калат.

Асел Асанова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жолуктуң мага капыстан...
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
laliya26
2013-03-19 09:49:11
Мммм жаааакшыыы
0
munara_00
2013-03-19 19:22:17
элзар зженин " ДАВАЙ" дегени жакты))))) ынак байкенин ырын башкача уккан екем
0
zarifa_love
2013-03-19 20:15:24
баары бири бирине топ келишет экен.бактылуу болгула
0
safoo
2013-03-20 08:22:50
Мирландын аялы жакты мага!!!
0
best-life
2013-03-20 09:17:24
Лунара ото эле сулуу айым, жаль что ТВден кетип калды.И Сырга айым да сулуу экен. Ой баары эле татына кыргыз кыздары.
+1
antivir
2013-03-24 06:51:37
best-life, Лунара менен Жоли бир туугандар)))
0
ALBIKA
2013-03-20 11:20:58
Бактылуу болушсун баары.Топ келишкен тугойлор...
0
Aselayka
2013-03-21 01:18:02
Баары кошкону менен кошо карысын...Бактылуу болушсун!!!!!!!!!!!
0
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан