Айгерим Расул кызы дайыма көпчүлүктүн көңүл чордонунда. Отурган бөлмөнү жара каткырып ырчы кыз бизге тамашалуу, ачык маек куруп берди.
– Айгерим, акыркы чыккан клиптериңдеги ар кандай образ менен күйөрмандарыңды таң калтырып бүтпөй келесиң...
– Акыркы жылдары актрисалык карьерам менен болуп жүрүп 8 киного тартылдым. Ал аралыкта ырчылыктан алыстай түшкөм. Ошого жыл жаңырары менен катарынан «Арналам», «Кайрылбайм» деген ырларыма клип тарттырдым. Буюрса, үчүнчүсүн да бүткөнү калдым. Жакында альбом чыгарайын деп жатам. Анткени күз айларында жеке концертимди берүү планым бар.
– Клиптериң биздин порталда кызуу талкууланып жатканын көргөн чыгарсың...
– Мен клип тартарда «клиптерим ушуга жакса», «ушул жакшы оюн айтса экен» деп бирөөнүн оюна байланбайм. Ар бир адамдын өзүнүн табити бар. Кийген кийимдеримдин баары өзүмө жагат, анан да ачык кийинем деп ойлобойм. Ырларым, клиптерим менин табитимди түшүнө билген угармандар үчүн гана. Эгер мен жакпай жатсам, сындап убара тартпай башкаларын көрө беришсин. Ар бир колдонуучунун тандоо укугу бар. Болбой эле менин клибиме сын айтып жатышат, демек, мага кызыгышат.
– Демек, сындарды туура эле кабыл алат экенсиң да?
– Билбейм, адамдардын баарына жагуу мүмкүн эмес экен. Туурасын айтсаң мактанат десе, туура эмесин айтсаң калп айтат десе. Аларды жаман көргөн деле жерим жок. Бирок бир аз адилеттүү болушса, сындайт десе эле сындай бербей. Чынын айтканда, менин чыгармачылыгым көбүнө эле жагат, «просто» сыртынан билдиришпейт да, ха-ха...
– Жаңы чыккан эки клибиңе тең бир жигитти тартыпсың...
– Алгач «Арналам» деген ырым чыгыш керек болчу. Бирок «Кайрылбайм» биринчи бүтүп, ошол чыгып кетти. Бул клиптер сериал сыяктуу болчу да. Клиптеги жигитти клипмейкерлер өздөрү табышкан.
– Акыркы интервьюңда сени көрө албаган кыздарды медициналык экспертизага чакырдың эле, бирөө жарымы сага байланышка чыктыбы?
– Ха-ха, жок, чыккан жок. Чынында, мен эч кимисинин кемчилигин чукугум келбейт, ал ар бир кыздын өз иши эмеспи. Бирок мени ушактаардан мурун өздөрүн бир сыйра карап алышса болмок. Негизи, кыздык намыс мен үчүн өтө маанилүү. Анткени мен жөнүндө ушак кептер көп жүрөт. Чынында, көрө албастардан аябай тажадым. Мени тааныбаган эле адамдар өмүрүмдө жүз көрүшпөгөн бирөөлөргө жабыштырып, жаман сөздөрдү айтышат. Менин жүрүм-турумум ошондой ашыкча сөздөргө «повод» бербесин деп дайыма өзүмдү түз алып жүрөм. Буга жакындарым күбө. Апам мага дайыма айтат «турмушка чыгып жатканыңда кайнене, кайнежеңдериңе текшертип туруп берем» деп. Мен деле өмүр бою тилим кыска бойдон өткүм келбейт. Азыр көпчүлүк кыздар үчүн бул нерсе маанилүү болбой калганы өкүндүрөт. Эми мени дагы мактанды дешет да, ээ...
– Жүрөгүңдүн ээсин таптыңбы?
– Таба элекмин. Азыр жигиттерге болгон талап мурункудай эмес. Мурун келбетине көп көңүл бурсам, азыр мүнөзүнө карап жактырып калдым. Намыскөй, адамгерчиликтүү, түшүнүктүү, үй-бүлөсүн багып кете алган жигит маңдайыма жазылса дейм.
– Cага сүйүүсүн билдирген жигиттерди кантип өз жолуна саласың?
– Аларга абдан кылдат мамиле кылам. Көңүлүн оорутуп бетине тарс-турс айткым келбейт. Баарын жай түшүндүрүп эле ашык болгон жигиттерди доско айландырып алам. Өтө эле чектен ашып баратса, «мен азыр жашмын, көңүлүм чыгармачылык менен гана алек» деген шылтоолорду айтканга туура келет.
– Той-топур, корпоративдерге сунуштар көп түшсө керек...
– Тойлорго чакыруулар абдан көп болот. Азыр ырчылардын баары эле тойдон акча таап калышпадыбы. Күзүндө бир күндө үч-төрттөн тойго барганга жетишчүмүн. Ошко, Бишкекке көп чакырышат. Билбейм, Бишкектен да Ошто үйлөнгөндөр көппү, чайканадан чыксаң деле, кирсең деле өтүп баратышат, кыскасы, үйлөнүп эле жүрүшөт.
– Ушундай деңгээлде дагы канча убакытка чейин кармалам деп ойлойсуң?
– Радиого ырларымды бербегениме 4 жыл болуптур. Бирок тойлорго, концерттерге чакыруу мурункудан да күчөп жатат. Андыктан мен дагы деле көңүл чордонундамын.
– Эл кайсы ырларыңды көп суранышат?
– Азыркы жаңы чыккан ырларыма караганда мурунку «Түнкү Бишкек», «Кызыл өрүк», «Эсиңдеби?», «Кызганамын», «Такси-такси» деген ырларымды көп суранышат. Анткени бийлегенге ыңгайлуу да. Негизи, ар бир ырчыда тойго ылайыктуу ыр болуш керек.
– Улуу кишилер сөз айтып калган учурлар болгонбу?
– Эми өздөрү келип айтпаса да, бирөөлөр аркылуу сөз айтып калышат. Аны түшүнүү менен кабыл алам. Өзүм да шогураак кыз эмесминби, бирөөнү ыңгайсыз абалда калтырганды жакшы көрөм. «Аа, ошондой деңизчи» деп туруп трубканы апама кармата салам.
– Бир караганда токтоо көрүнөсүң, кандай учурларда ачууланасың?
– Айрымдардай болуп жөнү жок бирөөлөр менен урушпайм, оңой менен ачууланбайм. А бирок менде деле мүнөз бар. Бир жиним келсе, кыз-эркегине карабай чаап салам.
– Мушташып көрдүң беле?
– Ха-ха, мен өзүн-өзү коргоо тактикасын өткөм. Мен жөнүндө жаман сөз чыгаргандардын оозу-мурдун талкалап коюуга күчүм жетет.
– Учурда ырчылар чет өлкөлөргө чакыруу менен чыгып жатышат. Сага да сунуштар түшүп турабы?
– Ооба, Кытайга, Орусияга, учурда Казакстанга көп чакырып калышты. Ал эми алыс өлкөлөргө сөзсүз атам менен барам. Анткени мен жаш кызмын, ошон үчүн да кооптонушат болуш керек.
– Абдан тамашакөй кыз экенсиң, ушунуңдан жазба.
Лунара Бекиева
star@super.kg