МАЙРАМДЫК БАЙЧЕЧЕКЕЙ

Керектелүүчү каражаттар: желим кашык, пластилин, кичинекей банка, стакан же бет майдын идиши, жашыл түстөгү кагаз, бут кийимдин боосу жана кайчы.

1. Бет майдын идишинин сыртын боо менен ороп кооздоп алабыз.

2. Гүл бекем кармалыш үчүн идиштин ичине пластилин төшөөнү унутпа!

 

3. Бир нече желим кашыктын баш жагын кесип алабыз.

4. Жашыл пластилинге кесилген 3 кашыктын башын катарынан жабыштыруу керек.

 

5. Гүлдүн сабагын жасоо үчүн кашыктын сабына жашыл кагаздан чаптап, анан пластилинге жабыштыруу керек.

6. Даяр болгон гүлдү идишинин ичиндеги пластилинге жабыштырып, жашыл кагаздан жалбырактарын жасайбыз.

Балдар, өз колубуздан даярдалган гүлдесте жакындарыбызга унутулгус белек болорун эсиңерге тутуп алгыла!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ayzharkyn
2014-02-16 18:12:22
Жасап коруш керек экен, эн сонун
0
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан