Акыркы 10 жылда түрдүү оорулардан жапа чеккендердин саны көбөйдү. Врачтар 90 пайыз оорулардын башталышы ичегилер менен байланыштуу экенин жар салып келишет. Андыктан ден соолукту сактоо жана калыбына келтирүүдө ичегилерди тазалоонун ролу чоң.
Ичегилерди атайын суу менен тазалоо колоногидротерапия деп аталат. Бул жаатында Бишкектеги «Грация» медициналык калыпка келтирүүчү борборунун кызматкери Алымбекова Салтанат айтып берет.
Ичегинин начар иштеши көп ооруларды жаратат
Ашказан-ичеги жолу өзүнүн жакшы иштебей калганын түрдүү белгилер аркылуу белги берет. Мисалы, териде (дерматит, псориаз, так эмес белгилерге ээ аллергия), зат алмашуунун бузулушунда (семирүү, кант диабети, остеохондроз, остеоартроз). Ошондой эле өнөкөткө айланган ич катуу жана заара чыгаруу жолдорунун оорулары, дайымкы баш оору, бат-бат суукка урунуу, куяң, шакый да ашказан-ичеги жолунун начар иштешин кабарлайт.
Мындай ооруларга жол бербей, эмгекке жарамдуулукту узакка сактагыңыз келсе, анда ичегини убак-убагы менен тазалап туруу кажет. Эгер тазалоо мыкты жүргүзүлсө, иштөө жөндөмдүүлүгү жогорулайт, денеде жеңилдик пайда болот. Адамдар өздөрүнөн жашарууну, активдүүлүгүнүн жогорулашын сезишет.
Зыяндуу заттар организмди уулантат жана шлактарга толтурат
Зыяндуу заттар организмге тамак-аш, суу, аба аркылуу кирип, алардын канча бир өлчөмү организм тарабынан зыянсыздалат. Бирок чоң өлчөмү калып калат да, организмди уулантат жана шлактарга толтурат.
Шлак деген эмне?
Медицинада “шлак” деген сөз эрибеген жана иштелип чыкпаган заттарды түшүндүрөт. Башкача айтканда, заңдардын таштай каткан калдыктары, уулуу заттар, денеден чыкпай калган дарылар шлактар деп аталат. Шлактарга кан тамырлардагы холестерин түйдөкчөлөрү, омурткадагы жана муундардагы уюган туздар менен уулар, түрдүү өңдөгү, формадагы таштар (өт баштыкчасындагы, бөйрөктөгү, табарсыктагы), ашыкча өт суюктугу да кирет.
Химиялык курамы түрдүү болгон шлактар дээрлик бардык органдарда: бөйрөктө, боордо, өт баштыкчасында пайда болот.
Семиз адамдар бир чакадай каткан заңды көтөрүп жүрүшөт
Шлактардын эң көп өлчөмү жоон ичегиде, боордо жана бөйрөктө чогулат. Заң таштардын жалпы салмагы кээ бир семиз адамдарда 10-25 килограммга чейин жетет.
Ашказан аркылуу майдаланып, ичегиге барган тамак-аштардагы керектүү заттар 1 сутка ичинде ичегиге сиңиши керек. Эгер ичегиге сиңбей (сиңирүү процесси бузулса) жана сыртка чыкпай көпкө туруп калса, алардан уулуу заттар жана уулуу газдар бөлүнүп чыга баштайт. Уулуу заттар бүт органдарга тарайт. Дал ушул нерсе адамдын узакка жашоосуна чоң тоскоолдук болуп эсептелет.
Андыктан жоон ичеги ооруга чалдыкса (тамак-аш жакшы сиңбей шлак, заң таштары көбөйөт) же канчалык шлактарга толсо (тамак-ашты көп же ылгабай жегенден да болот), ээсине ошончо зыян келет. Сиңбей же сыртка чыкпай калган калдыктардан заң таштары да жаралат. Практикада кээ бир семиз адамдардын 10 килограмм каткан заңды көтөрүп жүрүшкөндүгү катталган.
Ичегидеги тамактын сиңүүсүнө жардам берүүчү бактериялар азайып кетсе да (дисбактериоз) майдаланган тамактагы керектүү заттар ичегиге жакшы сиңбей ирип-чирип, андагы зыяндуу бактериялар көбөйөт. Ушундан улам ичегилер сезгенет жана оору келип чыгат. Эгер адам убагында дарыланбаса, анда рактын келип чыгуу коркунучун жаратат. Адам этти канчалык көп жесе да, рак коркунучу күтүлөт. Анткени эттин ичегиде сиңүү процессинде уулуу заттар абдан көп бөлүнүп чыгат.
Кайсы ооруларда колоногидротерапия колдонулат?
Дагы да...
Ичегилердин капталдары акырындап катмарланат. Бул керектүү заттардын ичегиге, андан ары канга сиңишине тоскоол болот (ушундан улам анемия да келип чыгат). Тазалоодо катмарлар тазаланат.
Ичегилерде мите курттар бар болсо, алар ичегилерди сезгентет. Мындан тышкары, мителердин өздөрүнүн бөлүп чыгарган калдыктары да (заң, заара, түлөгөндөрү) канга кошулуп, организмдин уулануусуна жардамчы болот. Андыктан ичегилерди тазалоо кажет.
Ичегилердеги зыяндуу бактерияларды азайтуу максатында да колоногидротерапия колдонулат.
Кан тамырлардын чыгып кетишине (варикоз), геморройдун жаралышына да ичегилердин жакшы иштебегени алып келет. Андыктан бул маселелер да ичегини тазалоого апкелет.
Теринин өңүнүн жакшы көрүнүшү үчүн да (уулар теринин өңүн бузат) колоногидротерапия керектелет.
Тазалоо кандайча жүрөт?
Тазалоодо озонго каныктырылган суу колдонулат. Аппараттын учу көтөн чучукка салынып, белгилүү градуска чейин жылытылган 40 литр суу ичегиге коё берилет. Ичегилерге толгон суу өзү менен кошо былжырларды, мите курттарды, жылдап туруп калган калдыктарды (заң таштарды кошо) алып чыгат.
Сеанс 30-45 мүнөткө созулат.
Кайсы учурларда ичегилерди тазалоого болбойт?
Билип ал
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg