ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

(Башы өткөн сандарда)

Асман менен Гүлүмкандын андан ары тартышканга убактылары жок эле. Залдын ичи элге толуп, кол чаап күтүп калышты. Концерттин күнөөкөрү Асманга карап,
«тартынбаганыңды ушул жерден көрсөт, бир куудул айымды алып баруучулукка чакырсам, келбей калды. Сүйүн экөөң концертти алпарасыңар, андан соң ырдай бересиң» деди. Асман айласыз макул болду. Мектеп сахнасынан башканы көрбөгөн неме кооптонуп, көздөрүн бакырайта ачып алды. Ошентип концерт башталды, улам бир сөзүнөн жаңылып, кайра күлкүсү менен жууп кетип отуруп Асман Сүйүн экөө концертти алып барышууда. Эми кезек өзүнө жетти.
– Мени жакшылап чакыр, Сүйүн.
– Жүр, экөөбүз чогуу чыгып, анан мен сени тааныштырып туруп кирип кетем, сен ырдаган боюнча каласың.
– Жок, мен мында эле турайын, Гүлүмкан ырдап бүтөрү менен өзүң чык, мен оңдоп-түзөнүп алайын.
Концерт шаңдуу өтүүдө, ырчы мырзанын популярдуулугу жогору болгондуктан, элге койсо сахнадан кетиргиси келбей бир күн кечке ырдаткылары бар. Ырчы мырза кийимин
которуп, шам-шум этип алгыча тобундагы балдар-кыздар ырдап, интермедия аткарып убакыт өтүп жатат. Элдик ырды созгондо элибиз алакан аябай кол чаап кубаттап кирет, Гүлүмканды да жакшы тосуп алып, эки ыр ырдатышты.
– Менин жалгыз чыкканымдын себебин айткан адамга белек,- деди алпаруучу Сүйүн.
– Анткени жаныңдагы сулуу кызды ала качып кетишти,- деп кыйкырды залдан бирөө. Залдын ичи күлкүгө толуп эле жатып калды.
– Жок, таппадыңыздар! Дагы ким айтат?
– Ал кыздын ырдачу түрү бар, ырдайт окшойт,- деди бир аял колун көтөрүп.
– Во, эже, сиз туура таптыңыз! Мына бул белек сизге. Анда эмесе, агайын-туугандар, алдыңыздарда жаш, жаңы чыгып келе жаткан карлыгач ырчы Асман Болотбекова сахнада. Кол
чаап кубаттап туруңуздар...
Алпаруучунун сөзүн бөлө:
– Жигиттер, барсыңарбы?- деген Асман чыкты жаркылдап. Мындайда боз уландар тим турбайт да, ышкырып-кыйкырып коё беришти...
Ошентип, Асмандын чыгармачылыктагы тушоосу бир ырчы мырзанын концертинде кесилди.
– Азаматсың, Асман. Аракет кылсаң баары жакшы болот. Бүгүн алпаруучулукту да катырып салдың,- деген ырчы мырза топтогу балдар-кыздарга акча бөлүштүрүп берди.
Асмандын ырдап тапкан алгачкы акчасы ушул болду. Ырчылыктын деми күчтүү белем, кызды арбагандан арбай берди өзүнө. Көп жерге концерт коюп барышты, бир жерде кол
чабууга арзыса, бирде «батыраак ырдап кирип кетпейби, мунусу ким эле?» деген күбүр-шыбырларга кабылды. Баары бир жеке өзүнүн аты элге тааныла элек болгондуктан, Асман
үчүн бул аздык кылды, андан ары жылгысы келди, бирок кантип? Концерттик турнеден келген соң Асман Ромага барды. Экөө кызуу сүйлөшүп отурушкан, алардын сөзүн ошол
жерде иштеген бир эже бузду.
– Ой, биздин сулуу келгенби? Кандай, ырчы болом деп жүрөсүң анан? Рома, өткөндөгүнү айттың беле Асманга?
– Жакшы, эже, кандайсыз өзүңүздөр?- деп Ромага суроолуу тигилди, өткөндөгү эмнеси дегенсип.
– Жүр, мага кирчи, сүйлөшөлү,- деген айым кабинетке кирип кетти.
– Бул биздин жооптуу редактор Зина эже да, билесиң го.
– Ооба, бирок мунун менде эмне иши бар?
– Билбейм, сени келсе айтып кой деген, түк эсимден чыгыптыр. Мен ушул жерде эле болом, кирип сүйлөшүп чыкчы,- деди жигит шаштыра.
– Асман, сен бул кетиште жылдыз болосуң го.
– Коюңузчу, эже. Андайга көп бар.
– Чын айтам, гезитке чыгарың менен биздин телефон тынбайт. Сени сураган жигиттер көбөйдү,- деди тиги аял кытмыр жылмая.
– Ал эми мыйзам ченемдүү эле көрүнүш да, балдар таанышуунун оңой жолун издешет.
– Аның туура дечи, Асман. Бирок бул жолу башкача чалуулар болду. Баары гезитке чыкканыңдан башталды. Мен түшүнөм, жигиттердин чалганын. Бирок, бирок...
– Эже, мен үчүн силердин тынчыңарды башкалар алып жатканы жаман экен,- деди Асман батыраак бул жерден кеткиси келип.
– Мелис деген бирөө чалды, «телефонун алмаштырып жибериптир, жаңысын бергиле» деп. «Берүүгө болбойт» десек жетип келиптир.
– Жок, бербегиле! Кереги жок!
Асман ушул сөздү айтып ордунан тура калды.
– Анча эмне капа кылды эле сени?
– Эч кимге телефонумду бербей эле койгула,- деп кайра отурду кыз кубара.
– Асман, сени андан башка дагы бирөө сурады.
– Ким?
– Бирөө да, белгилүү эле адам. Чоң кызматта отурат, балким, сен аны тааныбайттырсың.
– Ооба, мен эч кимди тааныбайм, тааныгым деле келбейт.
– Ал сени колдоорун айттырыптыр. Сага эмне, колдоосун көрүп коё бер да. Жаман ою жок болгон соң кыргыздын бир кызына көмөк көрсөтөйүн деп жаткандыр.
Башка сөз айтса чычалап атырылмак, бирок чыгармачылыкты колдоо деген майдай жакты кызга. Экөө көпкө кобурашып отуруп кетеринде Асман:
– Макул, номеримди берип коё бериңиз,- деди.
– Келиштик, мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба, колго түшкөн коёнду коё берген оңобу, ээ?
Кыз күлүмсүрөп, өзүнө корстон болуп кайтып баратты үйүнө. Бир убакта эсине түштү окшойт, «убагында башканы тандап кетип, эми афишаларга сүрөтүм чыгып калган соң
издеп баштаптыр, шүмшүк
» деди. Канчалык жинденбесин, ал тууралуу ойлорду ары кууганга аракет кылбасын, Асмандын оюна бир кездеги жигити Мелис түшө берди. Басса
турса аны ойлонуп, номерин өзгөртүп ийгенине кээде өзүн жемелеп, кайра жооткотуп бир күн кечке убара тартты.
– Сен окуюн деген оюңдан такыр эле кайткан турбайсыңбы, тентип жүрөсүң,- деди агасы.
– Тамакты нормально жедирбейт экенсиңер да!
Асман ордунан тура калды, буркулдап.
– Отур, эртең агаң Кореяга кетип жатса сен ага таарынасың, тултуясың!
Апасы кызын урушуп койду. Асмандын агасы эки жылдык келишим менен Кореяга кетүүдө. Жылдыз эжеси жакында турмушка чыгам деп катуу даярдык үстүндө. Асман ырчы
болом деп жүгүрүп жүрөт, кез-кезде апасына кол кабыш кылып товар тандашып калат.
– Жылдызың күйөөгө кетсе, Саматың Кореяга, сиз Кантта, мен Бишкекте. Оу-у, төртөөбүз төрт жакта жашайт экенбиз да эми.
– Кант менен Бишкек жакын, анын үстүнө менде Эрмек бар, жалгыз эмесмин, ушул сен кантер экенсиң, бир үйдө өзүң калып?- деди энеси.
– Менден кам санабагыла, мен сизге да, өзүмө да жетишем. Эрмек демекчи, таежем алып кетип калбайттыр, кичинесинен бери биз багып келатабыз го.
– Алып кетпейт, Алматыдан келе турган ою жок алардын...
Эне-баланын сөзү бүтпөйт эмеспи, Асман апасы менен келечек пландары тууралуу ой бөлүшүп, сырдашып отурушту.
Арадан күндөр өтө берди, Жылдыз эжесинин тою болчу күн. Асман сулуулук салондон жаңы эле чыга бергенде катуу сигнал басылды. Кыз караган жок, апасынын машинасына
отуруп айдап жөнөдү, жанында баягы мектептеги курбусу Бермет жүрөт.
– Могу кара Мерседес артыбыздан калбай келатат, байкадыш?
– Кайсы?
Асман күзгүдөн артынан ээрчип келаткан машиналарды карап маани бербеди.
– Толгон-токой машина келатат, тим кой, өз жолу менен кете беришсин. Макияжды балжыратып салбаптырбы, мени карап койчу.
– Жок, сонун эле турат. Эки сааттан бери байкуш кызды эздиң го, бул жарашат, тиги жакпайт дей берип. Деги сенден кутулганына сүйүндү болуш керек.
– Ха-ха-ха...
Кыздар жайдары маанайда үйүнө келишти, үйдүн ичи элге толуп, ары-бери эле кызмат кылган адамдар. Той деген ушунусу менен кызык да, айда-жылда бир көрүшчү туугандар
топтолушуп, кубанычтарында чек жок, шаан-шөкөт.
– Мына, Асман да келди, биздин кызматтагы автону уурдап качкан,- деди жеңеси каткыра.
– Мен сурап эле айдап кеткем, кылмыш кылбадым. Сен эмне май жыттанып, жүрү кийин. Азыр күйөө балдар келчү убакыт болду,- деди Асман жеңесин жеңден алып.
Той башталып, баары кафеге келишти. Майда-барат жумуштар менен чуркап Асман жүрөт, отурганга убакыт болбой. Апасы дагы бир жакка жумшады. Машинанын ачкычын алып
кафеден чыга бергенде маңдайындагы жигитти көрүп ары басып кете албай туруп калды.
– Салам, куттуктайм, жезделүү болушуң менен!
– Рахмат, мен шашып жатам, жолумду тоспо, кач.
– Асман, коё турсаң, сөз бар.
– Мелис, маанайым беш болуп турганда түшүрбө! Кетип кал жакшылык менен, сага айтчу сөзүм да жок, көргүм да келбейт мордаңды.
Асман дикилдеп жигиттен качканга үлгүрдү.

(Уландысы кийинки санда)

Жаңыл Калыкова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
nurbesh93
2013-03-18 10:05:56
soonun jeri bashtaldy!!!!
0
nurbesh93
2013-03-18 10:09:36
Бадыева окшойт да
0
pluie
2013-03-18 11:57:01
Бадыева ушинтип чыккан беле сахнага???
0
eliza_eliza
2013-03-18 12:40:42
Эмнеге баардынынар эле Бактыгул Бадыева деп жаза бересинер? Бадыеванын турмушуна окшошуп жатабы? Бадыева менен бирге жашашкандай эле ошол болуш керек деп эле жазганынарды койгулачы... Балким чыныгы Асман деген кыздын тагдыры чагылдырылып жаткандыр!
+1
Lada
2013-03-18 12:50:08
Asmandyn myndan arky tagdyry ne bololot?
0
patma.mahmud-kyzy
2013-03-18 13:10:41
буйруса кийинки саныда билебиз не боорун
0
Karagulov90
2013-03-18 14:05:28
eeh jakwy kyzyk jerine keldi emi
0
meriyanna
2013-03-18 16:03:51
mne kajetsya eto Kunduz!!!
-1
N.Bakazova
2013-03-18 19:47:27
Бадыеваныкыбы же башканыкыбы, айтор, бир белгилуу ырчы кыздыкы да, ,
0
GER
2013-03-19 11:05:15
Кызык... бул жон гана чыгармада. Эчкимдин жашоосу болушу мумкун эмесго..
0
Daniel94
2013-03-19 14:34:42
белгилууу эле корунуш дагы бир чиновник кунун коротда жаш кыздын акча менен кыргызстанда эмнени гана кылса болбойт бул биздин жашоодо болуп жаткан корунушда любой каприз за ваши денги!!!!!
0
Batken
2013-03-20 16:18:21
Badiyeva darbyz satkam degen interviyusun okugam , al emes boluw kerek. Superinfo interviuga chakyryp surap bergilechi
0
chicagogirl
2013-03-21 22:44:54
Melisi shalpaktap artynan churkait da emi ee :))) jetpei kalsa eken judop
0
aiba91kg
2013-03-22 02:28:40
Эркекче кош бол деп кеткенден кийин эмне келет кайра .
0
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан