ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (18-марттан 24-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Сергек, кайраттуу болуп, көп нерселерге кызыгып чыга келесиз. Ушундан улам романтикага, табият койнуна же саякаттоого тартыласыз. Төрт дубалдын ичине бекинип, стресстен чыга албай жаткан досуңузду колдоону унутпаңыз. Алыстагы туугандар материалдык жардам берип, чоң ишиңизге жарайт. Апта аягында дарегиңизге айтылган сындарды туура кабыл алууңуз кажет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Иште тобокелдикке салып, жаңы ыкманы колдонууга өтөсүз. Бирге иштешкендер менен максатыңызды тең бөлүшсөңүз, аны ишке ашырууга жол табасыз. Апта акырында акыл-ойду өркүндөтүүгө басым жасалат. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн талабы менен башка айыл же шаарга барып, бир иштерди бүткөрүүгө туура келет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жаңы жашоо баштоого даяр экениңизди күн санап сезе баштайсыз. Бирок ал үчүн мүнөздү, адаттарды да өзгөртүү керектигин унутпаңыз. Шаршембиде өз пикириңизди жактоо жана ак экениңизди далилдөө кыйынга турат. Апта ортосу жаңы досторду тартуулайт. Жекшембиде жакшы тааныштар менен эс алууңуз күтүлүүдө.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дары-дармектерди өз алдынча кабыл алуудан мурда дарыгер менен кеңешүү зарыл.
Жеке чыгармачылык өркүндөп, өз колуңуз менен бир буюмдарды жасап, оңдоп-түзөйсүз. Бул жумада буга чейин түйүнү сизге белгисиз болгон маселенин жандырмагы табылып, жаныңыз жай алат. Андан тышкары бир ишке ортомчу болууңуз керектелет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада чөйрөдөгүлөр эмнени сөз кылып, кандай кийинип жүргөндөрүнө баам салуу кажет. Мүмкүн, жаңылыктан артта калып жатасыз жана сырткы келбетти да өзгөртүү керектир. Атыңызды чыгарууга, кошумча акча табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок кирешелер балдарга, алардын окуусуна коройт. Ишембиде эски тааныштар менен сезимдер жанданат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жакшылыкка ишенимди арттыруу кажет. Тапкан кирешенин жарымын катыңыз, себеби эмки аптада акчадан кыйналасыз. Түзгөн пландар бузулуп, макулдашуулар ишке ашпайт. Андыктан эс алып, мээни сергитип, анан жаңы бийиктиктерди багынтууга киришүү туура. Апта акыры жакшы жаңылыктарды сунат. Сулуулук салонуна баш багуу ашыктык кылбайт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бирге иштешкен адамдарды көтөрмөлөп, жардамдашыңыз. Ошондо сиз да алардан колдоо алып, көп иштерди биргеликте бүтүрөсүз. Эскирген үй буюмдарын жаңылоого каржылык абалыңыз жол берип, кубанасыз. Бейшембиде туугандардын бири түйшүк жаратып, анын маселесин чечүүгө жардам берүүңүз мүмкүн. Ишембиде имарат же жер тилкесин сатып алуу маселесине аралашасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жакындарыңыз сизди маселелер менен жалгыз калтырып койгондой туюлат. Муну трагедия катары кабыл албай туруңуз. Анткени аптада жетекчилик менен каржы жаатындагы сүйлөшүүлөр оң жакка чечилип, кубантат. Сүйүктүү адамыңыздан ашыкча нерсени талап кылуу адатыңыз аны сизден алыстатып баратканын сезесиз. Демек, андан кечирим сурап, мамилени жандантууңуз керек.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын башында өз пайдасын көздөгөн бирөөлөр сизди бир ишке аралаштыргысы келет. Пайдасы болбогон соң ага убакытты коротуунун кажети жок. Бейшембиде жаңы иш
боюнча сунуш түшөт. Жума күнү сүйүктүүңүз менен жеке жашооңуздарды талкуулап, алдыга план түзөсүздөр. Апта акырында конок тососуз, андан тышкары жакындар менен туугандардыкына баш багасыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада кечиримдүү болсоңуз гана кагылышуудан айланып өткөн болосуз. Жаңы тааныштар кыйын кырдаалда жардамга келип, көңүлүңүздү көтөрүшөт. Мындан тышкары чет элге же башка аймактарга чыгып келүүгө түрткү болушат. Таасирдүү көрүнүш үчүн манераларды жана кийинүү стилди өзгөртүү оң. Жеке жашоо азырынча сиз күткөндөй боло бербейт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Эл алдында, мейли кечеде болобу, мейли чогулуштабы чыгып сүйлөп, элге жеке адам катары жакшы пикир калтыра аласыз. Аптада ошондой эле балалуу болууну пландагандардын тилеги ишке ашат. Музыканы жана живописти баалагандар өздөрүнө жаккан чыгарманы сатып алууга каражат табышат. Жакын адамыңыз кайсы бир ишке сизди күнөөлөшү ыктымал.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Канча бир убактыңыз каржы маселесин териштирүүгө кетет. Досуңуз бул кырдаалдан оңой чыгуунун жолун айтып берет. Буга чейин түзүлгөн келишимдер же убадалар ишке ашып, киреше алып келет. Бирок бирөөлөрдүн тилине кирип, азырынча кереги жок буюм сатып алуудан качыңыз. Апта акырында белек көтөрүп, чакан кеченин коногу болууңуз ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан