ОПЕРЛЕР КОЙГОН «СПЕКТАКЛЬ» ЖЕ БАЛАНЫ ӨЛТҮРГӨНДӨР БАШКА БОЛУП ЧЫКТЫ

Жакында эле оор кылмыштын бети ачылып, мурун күнөөлөнгөндүн ордуна башка күнөөлүү дегендер колго түштү. Ал эми алдыда биз сөз кылчу окуя милиция кызматкерлеринин арасында күнөөсүз адамды коркутуп мойнуна алдыруу дале бар экендигин каңкуулап койду окшойт...

ЭСИҢИЗГЕ САЛАБЫЗ
Эсиңиздерде болсо, гезитибиздин мурунку сандарынын биринде «Сак болуңуз, тилемчилик кылыш үчүн балдарды уурдап жатышат!» деген аталыштагы макала чыккан. Ал макалада беш жарым жаштагы Избек Ак-Ордо конушундагы үйүнүн короосунда ойноп жүрүп дайынсыз жоголуп кеткендиги баяндалган. Арадан 15 күн өткөндөн кийин гана колу-буту байланган Избектин жансыз денеси суудан табылган болчу. Мындан сырткары 4 жарым жаштагы Адинай аттуу кыз да жоголуп, ал 3 күндөн кийин аман-эсен табылган. Бул кылмыштарга шектүү деп Кундуз Үсөнова аттуу айым кармалган эле. Тергөө иштеринин негизинде ал айымдын Адинайды тилемчилик кылыш үчүн уурдагандыгы аныкталып, бирок Избектин өлүмүн милиция кызматкерлери коркутуп мойнуна алдыргандыгы билинип отурат.

«МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ИШИ СОТТО»
Иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча окуя төмөнкүчө болгон.2012-жылдын 12-апрелинде Бишкек шаарынын Ленин РИИБине Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочусу, 1949-жылы туулган Исманалы Касымалиев 2006-жылы туулган уулу Избектин эшиктин алдында ойноп жүрүп, үйүнө келбей жоголуп кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Аталган факт боюнча Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон.
Жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар деп шектелип Свердлов РИИБинин ыкчам иликтөө кызматкерлери Ч.И. жана Э.О. тарабынан 2012-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарынан Кундуз Үсөнова аттуу эч жерде иштебеген, туруктуу жашаган жери жок айым кармалган. Ал Адинай Казыбаева аттуу кичинекей кызды уурдап кетип, кайыр суратып иштетип жүргөн деген шек менен колго түшүрүлгөн (К.Үсөновага азыркы тапта КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 123-беренеси (инсандын эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы кылмыштар) жана 167-беренеси (тоноо) менен иш козголуп, бүгүнкү күндө иш КРнын Жогорку Сотунда соттук кароодо).
Бирок айыпталуучунун айтымында, Свердлов РИИБинин кызматкерлери кыйноо жолу менен ага Избектин өлүмүн да мойнуна алууга мажбурлашкан. Милиция кызматкерлеринин кордугуна нааразы болгон Кундуздун туугандары Бишкек шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылышкан. Ал арыздын негизинде иликтөө иштери жүргөн.

Жогорудагы факт тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынын Мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү бөлүмүнүн прокурору КЛАРА МАСАЛБЕКОВАга кайрылганыбызда ал төмөнкүлөрдү билдирди:
– Аталган арыз боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Свердлов РИИБинин 3 кызматкери кылмышка шектелип кармалган Кундуз Үсөнованы кыйнап мойнуна алдыргандыгы аныкталды. 2012-жылдын 25-сентябрында Свердлов
РИИБинин кызматкерлери Ч.И., Э.О. жана М.Ага карата 305-берене (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу) менен иш козголгон. Аталган кылмыш иши бүгүнкү күндө Свердлов райондук сотунун кароосунда.

БАЛАНЫН ӨМҮРҮ DVD ҮЧҮН КЫЙЫЛГАН
2012-жылдын 20-декабрында беш жарым жаштагы Исманалы уулу Избекти өлтүргөн деп шектелип А.Э., А.Ш. жана А.Б. аттуу жарандар кармалган. Аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жандандырылып, кылмышка шектүүлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча окуя төмөнкүдөй болгон.
2012-жылдын 11-апрель күнү А.Э. өзүнүн бир тууган эжеси Айзаданын үйүн убактылуу карап туруу үчүн Ак-Ордо жаңы конушуна барган. Ал күнү түнкү саат 22:00 чамасында классташ балдарына жолугуп, алар менен чогуу таң аткыча арак ичет. Эртеси саат 10:00 чамасында кайрадан эжесинин үйүнө келет да, А.Б. аттуу жездесин (үй ээси эмес) чакырып, аны менен чогуу дагы бөтөлкө бошотот.
Арак түгөнгөн соң кайра дагы алганга акчалары жок А.Э. эжеси Айзаданын үйүндө турган DVD ойнотуучу аппаратты алып, күрөөгө таштамакчы болуп эшикке жөнөйт. Ал чыгып баратканда эшиктин алдына кичинекей Избек эжесинин баласы Бакайды сурап келип калат. Анан А.Эге «эмнеге Бакайдын DVD’син алып кетип баратасыңар? Мен силерди айтам» дейт. «Эжеме уят болуп калбайын» деп куру намыска ызырынган А.Э. наристени бетке бир муштайт. Ал жерге кулап түшкөнүнөн жанына барып караса, баланын өңү көк болуп тырышып калганын көрүп коркуп кетет да, Избекти көтөрүп үйгө алып кирет. Үйдүн ичинен жездеси А.Б. да баланы 5-6 жолу таяк менен башка чабат. Өлдү деп ойлошкон экөө баланын колу-бутун байлап, полиэтилен мүшөккө салып, сыртынан төшөк менен ороп коюшат. Көп өтпөй А.Б. агасы А.Шнын машинасын айдаттырып келет. Үчөөлөп кичинекей баланы Кичи Чүй каналынын жээгине алып барып, каптын ичине кыш салып, сууга чөктүрүп жиберишкен.
Бул кылмыш иши боюнча А.Э. жана А.Б. Кылмыш жана жаза кодексинин 123 жана 97-беренелери (киши өлтүрүү) менен күнөөлөнүшүүдө. Ал эми аларга жардам берген А.Ш. 123-берене менен күнөөлөнүп, учурда бул иш Ленин райондук сотунда каралып жатат.

«БАЛКИМ, УУЛУМ ТИРҮҮ КАЛМАК БЕЛЕ?..»
«Жалгыз уулум эле, артымда из калсын, жаны бек болсун деп атын Избек койгом» деп өксүгөн ИСМАНАЛЫ КАСЫМАЛИЕВ буларга токтолду:
– Башында биз уулубузду Кундуз өлтүргөн деп ойлоп жүргөнбүз. Себеби жанагы жоголгон кыз да менин уулум каза болгон аймактан табылган да. Бирок кийин милициялар чыныгы кылмышкерлерди кармашты. Угушумча, уулумду өлтүргөндөрдүн бири «уктай албай кыйналып жатам» деп өзү келип мойнуна алыптыр.
2012-жылы 10-апрелде коңшубуздун апасы каза болуп, бизден карызга акча алып кетишкен. Үйүн коңшум кайнисине таштап кетиптир. Ошол кайниси башка жездесине кошулуп алып мас болуп, эшиктин алдына келген уулумду жыга чааптыр. Экспертиза аныктагандай, бала үйдө тирүү болчу экен. Анан сууга ыргытып салышканда тумчугуп өлүптүр. Ошондо коркпой бизди чакырышса, биз келип ооруканага алып барат элек да. Балким, уулум тирүү калмак беле?..
Азыр эми иш сотко өттү. Мен мурунку ишке эмес, ушул иш чындыкка жакын деп ишенем. Себеби кылмышка шектүүлөр кылмышты моюндарына алышты, анын үстүнө далилдер да чындыкка төп келип жатат. Учурда уулумду өлтүргөн баланын туугандары кечирим сурап алдыма келип жатышат. Мен кечирбейм! Уулумду өлтүргөндөр колу менен жасаган кылмышы үчүн тиешелүү жазаларын алышсын!

Жогорудагы окуядан кийин «менин милициям мени коргойбу же кордойбу?» деген суроого кептелесиң. «Бир кумалак бир карын майды чиритет» демекчи, ушул сыяктуу көрүнүштөр жалпы милиция кызматкерлерин булгап жаткансыйт.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Оперлер койгон "спектакль"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (43)
simple_boy
2013-03-21 10:15:48
э АстагфырАллах ушунчалык мыкачы болуп баратабызбы а бир ботолко учун таптаза куноосуз ширин наристенин омурун кыйып буларды камабай элдин алдында даарга асыш керек ошондо билет башкасына да сабак болот азыр адам омуру менен таранчынын омуру бирдей эле болдуго басып баратып козго жаман корунсо эле жыга чаап олду жок болду деп кетеберип...
0
sapfir86
2013-03-21 11:11:41
Өлтүрүп кереги жок буларды, андан көрө көп жашасын, өмүрүнүн аягына чейин тынчтык көрбөй, азап чегип, кыйналып-кысталып, эзилип, өзүлөрү өлүм сурап калгандай жашашсын, акмактар!!! Кантип колдору барды ушундайга? Адам эмес, желмогуздар булар!!!
0
Akuicat_barby
2013-03-21 17:25:05
акмактар мыкачылар олсо жаза женил болот кан койо бербейт озу болбосо жакындарына залалы тийет ал эми палисия кызматкерлерин иштен бошотуш керек ошол орган жетекчисине чейин
0
Aisuluusha
2013-03-21 19:33:47
ээ кудайым эй,кичине баланын мешокто жатканын элестетип,менин сай-соогум сыздап,дене-боюм чымырады,адам атына татыбаган айбандар,буларды статия койбой туруп атса да,аздык кылат.
0
shah.
2013-03-21 23:50:16
Баланын ата энесине бериш керек бул тозоктун отундарын
0
aiba91kg
2013-03-22 02:48:23
арак ичпей эле балээни ичкирлер ...байкуш наристе эмне айып анда турмодо деле силерди кучак жайып тосуп албайт... Узака барбайсынар
0
elif
2013-03-22 03:49:55
Kankorlor...
0
Bayan1982
2013-03-22 12:28:42
Ботодой боздоп,жалгызынан айрылган эне байкушка журогум ооруду жаш баланын канын ичкен зоокурлорду кан койо бербейт акмактар кантип жер бетинде басып журушту экен?
0
Apesh91
2013-03-22 17:26:36
Кыргызстандагы милиция кызматкерлери озу не иш кылышат, ептеп эле акча алышса го, кополдукту жана менменсигенди гана билишет .... Эч кандай адамдарга жардам берилип, жакшы создор эл тарабынан айтылганыны коро элекмин. Yшул убакка чейин ....Инсап берсин АЛЛАХ тарабынана....
0
Sandra
2013-03-22 18:57:11
akmak eshekter,koldorynan kelgeni ushulbu uzabai kalgyrlar dese.aibandarga soz jok,atuuga ketirse da ubal jok.tash ichkirler,
0
Kidnessmoon
2013-03-22 23:47:13
Кыргыздар эмне бп баратабыз? Кантип колу барды бал ширин баланы башка чаап дегенде сыздап кеттим. Карачы балдардын ойу да, тили да таза да досунун DVD таанып калганын. Соз жок бул жырткычтарга эмне деп айтышка. Баарыбызды Аллахым колдосун деп дуа окуйлу намазда.
0
remma
2013-03-23 02:14:03
Кудайым ушул президенти да депутаттары да дегеле бааардыгы жок болуп кетишсе кана !!!Кыргыздар кырылып жок болуп кетебиз го мейличи эч ким калбай кайрадан жаны тукум жаралбаса онбойбуз!
0
chikago
2013-03-23 05:59:46
Коруп ыйлап жибердим, ата энеге сабырдуулук тилейм..
0
AZAMAT555
2013-03-23 21:16:10
Акмактар кудай озу кордосун
0
Rustam25
2013-03-24 17:12:32
Избектин ата энесине айтаарым сабырдуу болунуздар, Избек сиздердин коргоочунуздар болот кабырда, сурак куну да! Балакатка жете элек балдар бейиште куш болуп учушат инша Аллах сурак куну сиздердин жаныныздарда болот! Мыкаачылардын болсо жазасын Аллах озу берет....
0
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан