8-март күнү Талас ОИИБине Талас районунун тургуну 1993-жылы туулган Гүлжан (аты өзгөртүлдү) аттуу кыз кайрылган. Арызында «Талас шаарындагы автобекетте тааныш таксисттин машинасында отургам. Ошол кезде 20 жаштардагы 4 бала келип, «Бакай-Атанын Кызыл-Октябрь айылына алпарып кел» деп машина ээсине кайрылышты. Ал макул болду. Айдатып барышкан соң айдоочуну уруп-сабашып, мени зордукташты» деп көрсөтүлгөн. Аталган кылмыш иши боюнча Бакай-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан 10-11-октябрда кылмышка шектүү делинип Кызыл-Октябрь айылынын тургундары: 1994-жылы туулган А.Д., 1995-жылы туулган Ф.Ж. жана 2 жаш өспүрүм кармалган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.