Актёр Азиз Мурадиллаев күлкүлүү болобу, муңдуубу, бардык ролду ийине жеткире аткарып, ата-энесинин учугун улап келет. Бир кездерде бакырайган көздөрү менен кыздардын жүрөк оорусуна айланса, учурда эки баланын сүйүктүү атасы, жубайына күйүмдүү күйөө.
АКТЁР ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Мурадиллаев Азиз
Туулган жылы, күнү – 1978-жыл,12-июнь
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Москвадагы Щепкин атындагы училище
Катышкан спектаклдери – «Манастын уулу Семетей», «Ай тутулган түндө», «Каркыранын канаты», «Играем Андерсона», жалпысынан 40тан ашат
Кинодогу ролдору – «Каракыз», «Сүйүү сынагы», «Апамдын махабаты», «Чиркин өмүр», «Жараланган турна», «Президент жана бомж», «Курманжан датка» жана башкалар
– Азиз, «алма сабагынан алыс түшпөйт» дегендей, ата-энеңиздин жолун жолдоп актёрлукка оогон экенсиз да?
– Туура айтасың. Атам Үсөн Мурадиллаев жана апам КРнын Эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева өмүрүн театрга арнап келишти. Экөө тең Бишкектеги Кыргыз драма театрынын алдындагы студияны, андан кийин Ташкенттеги театралдык окуу жайды аякташкан. Атамдын көзү өтүп кеткен, ал эми апам азыркыга чейин актрисалыкты аркалап келет. Бала кезден ата-энем менен гастролдорго барып жүрүп, Кыргызстанда көрбөгөн жерим калган жок. Ал кезде план деген бар эмес беле. Концерттерге эл келе албаса, жайлоолорго чейин чыгып концерт коюп беришчү. Артисттердин турмушуна аралашып жүрүп бул жолду тандап калдым.
– Актёрлуктан сырткары кандай өнөргө шыктуусуз?
– Эгер актёр болбосом, сүрөтчүлүк жактан өзүмдү сынап көрмөкмүн. Анткени керектүү учурда анча-мынча чиймелеп коймоюм бар. Улуу балам Шаа кичинекей кезинде «сүрөт сабагынан сүрөт тартып берчи» десе, тартып берчүмүн. Ага келинчегим «жок дегенде сол колуң менен тартчы» деп калар эле. Бир жолу аз жерден баламды уят кыла жаздагам. 5-классында болсо керек эле, бир сүрөт тартып бергем. Аны мугалимдер жактырып, дубал-гезитке чыгармакчы болушуптур. Балам эптеп шылтоо айтып кутулуптур. Ошондон кийин кой дегем.
– Студенттик күндөрүңүз эмнеси менен эсте калды?
– Бир жолу кыздар-балдар болуп отуруш кылмай болуп калдык. Кыздар дасторкон жасап, жигиттер шарап, ичимдиктерди алмакпыз. Ал кез 1995-1996-жылдар, көп нерсе тартыш. Азыркыдай дүкөн толтура шарап, коньяк деген жок. Эмне кылабыз? Ойлонуп отуруп балдар өзүбүз шарап жасамай болдук. Атайын кооз формадагы бөтөлкөлөрдү таптык, даяр капкактарды сатып алдык. Эч кимибиз деле толук билбейбиз, уккандарыбызды туурап, «Инвайт» дегендерди аралаштырып кызыл-тазыл кылып коктейль жасадык. Аралашмабыздан түшүнүксүз эле бир нерсе чыкты. Аны үч бурчтук, төрт бурчтук болгон бөтөлкөлөргө куюп алып кыздарга бардык. Алар да мурда ичип көрүшкөн эмес экен, ууртап көрүп «жакшы экен, ээ...» деп коюшат. Биз сыр бербей отурабыз. Кийин айтсак, «Сволучтар, кайдан алдыңар эле бөтөлкөнү?» деп чычалап жүрүштү. Биз да тамашалап «таштандыдан алганбыз, бирок коркпой эле койгула, таза жууганбыз» деп койчубуз.
Москвада окуп жүргөндө каникулда досум менен көгүчкөн атып алып, даам сызганбыз. Аны куурусаң кымындай эле болуп калат турбайбы. Мен бир оозума салып, кичинекей кемирчектери келемиш жегендей сезилип, жей албай койгом.
– Курсташыңызды көшөгөңүзгө киргизип алган экенсиз. Сезимдер кантип жаралган?
– Эми кандай десем, жубайым экөөбүз бир курста окудук. Ал башкалардан өзгөчөлөнбөгөн, кадимки жөнөкөй кыз болчу. Алгач жөн гана курсташ катары сүйлөшүп жүрдүк. Бара-бара жылдызыбыз келишип, сезимдер байкалбай жаралып кетти окшойт.
– Уулдарыңыздан ата-эне жолун улачулар барбы?
– Аны азырынча айта албайм. Улуу балам Шаа 9-класстын окуучусу, медицинага аябай кызыгат. «Жакшылап ойлонуп көр, балам» деп бир эмес, эки-үч жолу айттым, бирок жолунан кайтчудай эмес. Кудай буюрса, 9-классты бүткөндө медакадемиянын даярдоо курсунан окутабыз го. Кичүүбүз Саади 6 жашта. Шок эмес, бирок аябай эрке. Баратып бир нерсени жактырып калса, колунун учу менен гана көрсөтүп коёт. Биз аны дароо алып беришибиз керек. Болбосо үйгө барганда көзүн Шректин мышыгындай кылып жалдыратып, боорду оорутуп жиберет. Анан аргасыздан кайра ошол нерсени таап алып келебиз. Чынында, өзүбүз эле ушинтип үйрөтүп алдык. Жадакалса кайсы бир мультфильм менен «ооруду» дегиче, шейшебинен тартып бут кийим, баш кийимине чейин ошондой алып беришибиз керек. Анысы жакпай калса, кайра башкага алмаштырат.
– Кесибиңизге байланыштуу жеңебиз тарабынан кызганычтар болбой койбосо керек?
– Мурун кызганычтар көп болгон. Азыр жубайым көнүп деле калды болуш керек, андай нерселер жок. Мени эмнеге кызганмак эле, повод бербесем?
– «Дем» театрында жалаң эркектер иштейсиздер. Кээде келишпестиктер болуп калабы?
– Жок, андай келишпестик болбойт. Биз театрдан сырткары жашоодо да бири-бирибиздин кубаныч-кайгыбызды бөлүшүп, жакшы катышабыз. Ал эми биздин аялдарыбызды «Демка» деп коюшат, алар өзүнчө «мафия». Кез-кезде сауна-паунага барганга чогулуп турушат. А балдар өзүбүзчө барабыз.
– Сиз ролдорду алганда эмнесине көңүл бөлөсүз?
– Бир гана учурдан башка бардык ролду ойной берем, мейли аракеч болсун, бандит болсун... Ал эми аша чапкан уят ролдор сунушталса, акчасы канчалык кымбат болгонуна карабай баш тартам. Мына, балдарым чоңоюп келатат, келечекте келин балалуу болом. Анан элестет, бала-чака менин ошондой кинолорумду көрүп жатышса. Болбой калат го.
– Кесиптештериңиз «Азиз таарынчаак» дешет экен. Ошол чынбы?
– Тамашанын да түрү болот да, жөн гана жаман ою жок тамаша же атайын билип туруп мазактоо максатында айтылган тамаша. Баарынан да өзүнчө турганда эмес, киши көп, сыйлуу жерде калп тамаша айткандарды жактырбайм. Мен аларга таарынбайм, болгону «мм...» деп ойлонуп коём.
– Өзүңүзгө кандай ролдор жакын?
– Ар бир чыгармачыл адамда өзүнө жакын роль болот. Мисалы, мага күлкү жаратуу кыйын. Негизи эле адамды ойго салып, кайгыга батырып коюш оңой, күлдүрүш оорураак.
– Азыркы кыргыз актёрлорунун арасында роль талашуу, атаандашуу деген барбы?
– Бар, албетте. Атаандаштык болбосо жашоо кызыксыз болуп калат го. Бут тосуу, роль талашуу дайыма болбосо да, кээде кезигип турат. Мен бул нерсени мыйзам ченемдүү көрүнүш катары санайм.
– Кесибиңиз үчүн кандай курмандыктарга бардыңыз?
– (Көпкө ойлонуп) Жаштыгым- дын 7 жылы актёрдукка окуу менен өттү. Башкача айтканда, гүлдөп турган чагымда окуу менен алек болдум. Андан башка майда-чүйдө көп эле курмандыктарга баргам. Спектакль деп көп зарыл нерселерден баш тартып дегендей. Башка жол менен кетсем, азыр, балким, бир кабинетти ээлеп отурмакмын же көп акча таап, бизнесмен болмокмун. Бирок азыркы кезге чейин бир да жолу туура эмес кылыпмын деп өкүнгөн эмесмин.
– Чыгармачыл адамдардын мүнөзү оор келет дешет. Сизде да андай маселе барбы?
– Ар бир адамдын өзүнүн эч ким билбеген сапаттары болот. Менин мүнөзүм оор дегенден алысмын, жайдары мүнөзмүн. Мени толугу менен 100 пайыз эч ким билбесе керек.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр актёрдун өздүк архивинен алынды)
star@super.kg