ТАШИЕВ МЕНЕН ЖАПАРОВ 10 ЖЫЛГА СОТТОЛОБУ?

КЫРГЫЗСТАНДЫ САКТАП КАЛЧУ АДАМ ЧОЛПОНБАЕВБИ?
«Кыргызстанды сактайм» деп чыккан Мукар Чолпонбаев 13-мартка белгиленген Бишкектеги митингге алдын ала убада кылгандай 5 миң киши менен эмес, 300гө жетпеген адам менен чыкты. Албетте, мынча киши менен бүтүндөй өлкөнүн пикирин билдирүү мүмкүн эмес.
13-мартта өтүүчү митингди утурлай президент Алмазбек Атамбаев жамы журтка: «Азыр өлкөдө болуп жаткан бардык жаңжалдардын артында Бакиевдердин кулагы көрүнөт. Эгер 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя болбогондо, азыр элибиз электр жарыгы үчүн 70 тыйын эмес, 4-5 сомдон төлөп калышы мүмкүн эле. Андыктан Кудайга шүгүр дешибиз керек. Ким бийликке келүүнү кааласа, шайлоого барсын»,- деди.
Мукар Чолпонбаев 1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган. Анын учурдагы талаптарынын арасында «Кумтөр» боюнча 2009-жылдагы макулдашууну жокко чыгаруу да бар. Эгерде тарых барактарына үңүлсөк, «Кумтөр алтын» долбоорун түзүү боюнча макулдашууга КРнын Өкмөтү менен «Камеко» корпорациясы 1992-жылы кол койгон. Бул макулдашуу «легендарлуу парламенттин» түбүнө жеткендиги жашыруун эмес. Анын спикери Медеткан Шеримкулов «Кыргызстандын бардык алтынына эсеби, көзөмөлү жок эле жеке адамдар ээлик кыла баштаган. Алардын артында Аскар Акаевдин кишилери турчу. Президент «Кумтөр» боюнча макулдашууга кол коюлсун деп буюрган. Өкмөт аргасыз эле. Ал эми «легендарлуу парламент» мунун баарынан кабардар болуп, каршы чыккан» деп жергиликтүү агенттиктердин бирине айткан.
Жогорудагы парламент тарагандан кийин 1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга 1994, 1996, 1998, 2003-жылдары президенттин бийлигин кеңейтүү үчүн өзгөртүүлөр киргизилген.
Аскар Акаевге жакын адамдардын катарында Мукар Чолпонбаев да бар болчу. Ал бир кезде ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйынын жетектеген. Андыктан Кыргызстандын бүгүнкү кейиштүү абалга келишине ал дагы кайсы бир деңгээлде жоопкер. Азыр өзүн эли-жери үчүн күйгөн патриот катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Акаев кезинде одоно мыйзам бузуулар болуп жаткан маалда кайда эле? Эмне үчүн Жогорку Кеңешти бийлеп турган учурунда эле Чолпонбаев Акаевге «Кумтөр» боюнча келишимдин мамлекеттин кызыкчылыгына каршы түзүлүп калганын айтып, элди көтөрүп чыккан эмес?
Бул аралыкта митингдер толкунуна түрткү болгон «ата журтчу» депутаттардын соттук отурумунда мамлекеттик айыптоочу Камчыбек Ташиевди 10 жылга, Садыр Жапаров менен Талант Мамытовду 9 жылга эркинен ажыратууну суранды. Алар бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деп айыпталууда.

БИШКЕКТИН МЭРИНЕ ҮЧ АЙ МӨӨНӨТ БЕРИЛДИ
Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйыны өтүп, анда мэр И.Өмүркуловго шаардык кеңештеги «Республика» фракциясы сунуштаган ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселеси талкууланды. Жыйында көптөгөн сын-пикир, сунуштар айтылып, мэрге 3 ай мөөнөт берилди.
Ошондой эле мэрге бир катар талаптар да коюлду. Алар: 3 күндүн ичинде вице-мэр Вячеслав Красиенкону жана бир катар башкармалыктардын жетекчилерин иштен алуу болду.
Жыйында «Ата Мекен» фракциясынан депутат Союзбек Салиев «Бишкек мэриясында иштегендердин санын 20 пайызга кыскартуу керек» деген сунушун айтты.

 

БШКГА ЛЕНД КРУЗЕРДЕН БАШКАСЫ ЖАРАБАЙБЫ?
Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышынын депутаттары төш белги жана күбөлүктү өз каражаттарына сатып алышат. Бул тууралуу Боршайкомдун төрагасы Туйгунаалы Абдраимов парламенттин жыйынында билдирди. «Мыйзамда депутаттарга төш белгилердин жана күбөлүктөрдүн акысыз берилиши тууралуу жазылган эмес. Жогорку Кеңештин кийинки шайлоосун да мен өткөрө турган болсом, кийинки чакырылыштагы жаңы шайланган депутаттарга да төш белги жана күбөлүктөрдү сатам»,- деп билдирди Т.Абдраимов.
Ал түшүндүргөндөй, бул себептен улам 2012-жылдын ноябрында шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайланган депутаттар төш белги жана күбөлүктөрдү өз чөнтөгүнөн акча чыгарып сатып алышкан.
Бул ызы-чуунун баары БШКнын башчысынын кымбат баалуу машина сатып алгандыгынан улам келип чыккан. Бирок суроо жаралат, эмне үчүн кымбат баалуу Ленд Крузер? Аз күйүүчү май ичкен үнөмдүү унааны алышса болбойбу? Антпесе, айланып келип эле бензин да мамлекеттин эсебинен куюлат эмеспи.

КАЗАКСТАНГА КЫРГЫЗСТАН СҮТ САТА БАШТАДЫ
Казакстан кыргызстандык эки компанияга сүт азыктарын экспорттоого уруксат берди. Эске сала кетсек, 2012-жылдын март айында Бажы союзуна мүчө өлкөлөрдүн ветеринардык кызматтары Кыргызстандын сүттү кайра иштетүүчү ишканаларына инспекциялык текшерүү жүргүзгөн. Анын натыйжасында бир катар Бажы союзунун ветеринардык-санитардык талаптарына жооп бербеген жагдайлар аныкталып, сүт азыктарын экспорттоого тыюу салынган.
Ошондой эле Кыргызстанда 100 чакан насыя компаниясынын лицензиялары жокко чыгарылды. Мындай маалыматты «Ата Журт» фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, буга чейин өлкөдө 78 пайыз үстөгү менен насыя берген компаниялар иш алып барып келген. «Учурда биз буларды иретке келтиргенге аракет кылып жатабыз. 100 чакан насыя компаниясынын лицензиялары жокко чыгарылды. Ал эми иш алып барып жаткандарын саны – 350. Буга чейин чакан насыя берүүчү бир дагы компаниянын лицензиясы жокко чыгарылган эмес»,- деди Кочкоров.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
PROS
2013-03-18 18:38:29
Ошол эле Атамбаев, Отунбаева дегендер 90-жылдан 2005-жылга секирип отушту беле?! Бир жактуу корунуштон качан арылабыз кыргызым?! Булар го кумторду козгоп чыгыптыр, а бийлик оозуна талкан салып алып отурат го, элди ойлоп да койбой!
0
LEP888
2013-03-19 09:00:12
PROS, Кумторду ойлогон адам 2009 жылы Кыргыз элинин шоруна тузулуп жаткан келишимге каршы чыгышмак, туштон кийин элин ойлогон патриот боло бербесин баатыр энекелерибиздин эрке балдары...
0
gulperi.kg
2013-03-18 19:14:54
Бирин соттолуп бирин оттолуп бийликте бир казанда кайнай бергиле бирин бирин коро албай
0
Anake_85
2013-03-18 20:46:49
жок тура куно кетирдиби камаш керек,ушунтип бир бирин чукушуп анан онолот мындай болчумес мурда
+1
sagun
2013-03-19 08:31:28
биринчи бийлик кумтор тууралуу келишимди кайра кароо учун коммиссия тузгон. алар мыйзам жолунда иштегиче эле Жапаровдор аны озуно саясий упай топтоо учун ызы-чуу кылып жиберди. болбосо бийлик келген куну эле, эн бир чече турган маселелердин бири бул Кумтор деп айтышкан.
0
Mirko.93
2013-03-20 16:10:41
бул жерде биз башты оорутуп комментарий жазганыбыз без толк.. Же комментарийлер да бир нерсени чечеби?
0
KR-777
2013-03-23 13:05:00
Тиги сайтка кирип окуган элдерди алдаш учун оппозициянын кишилери акча толоп комент. жаздырат. и алар оозуна келгенди оттой беришет. ошондуктан эл буларды окуп алып тескери жакка кетпеши учун кээде ушинтип болгон оюнду элге тушундуруп коюуу учун жазып каласын. Анткени ар бирибиз Кыргызстан учун эмгек кылышыбыз керек эмеспи. Мына ушул коменттарий жазгандын пайдасы жана зыяны. Кара пиар деген ушул, досум, Мирко 93
0
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан