ЖКнын депутаты Жылдызкан Жолдошова: «Баатыр энелерди фашист деп атап, акарат келтиргендин өзү адепсиздик. Эгер Карамушкина ушинтип кыргыз элин, тилин сыйлабаса, анда Кыргызстандан чыгып кетсин»,- деди.
Ал эми Ирина Карамушкинанын айтымында, ал Жалал-Абадда митингге чыккан аялдарды эмес, тескерисинче, митингдин уюштуруучуларын фашистке салыштырган. Депутат өз сөзүндө Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттер балдар менен кары-картаңдарды өз кызыкчылыгы үчүн колдонгонун белгиледи. «Баатыр энелер менин 7-марттагы пленардык жыйында сүйлөгөн сөзүмдүн стенограммасын сурап карап көрүшсө болот. Мен эч кимди мазактаган эмесмин»,- деди Карамушкина.
Партиялашын коргогон депутат Эркингүл Иманкожоева Жолдошованы сөзү үчүн жоопко тартуу керектигин айтты. «Жаза катары ага бир ай ЖКнын жыйынынан микрофон бербей коюу керек»,- деди.
Депутаттык корпус бул окуя боюнча бир жыйынтыкка келген жок.