Кыргызстанда чет элдик жарандардын 90 пайыздан ашууну мыйзамсыз иштеп жүрүшөт. Мындай маалыматты «Жаңы муундун коалициясы» коомдук бирикмесинин жетекчиси Тимур Саралаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда 10 миңге жакын чет элдик жаран ишке орношуу үчүн расмий түрдө уруксат алат.
«Кыргызстанда эмгектенип жүргөн чет элдик жарандардын саны 10 миңден да көп. Бишкектин базарларында эле бир нече миң чет элдик жаран иштейт. Алардын арасынан кытайлар басымдуулук кылат. Андан кийин түрктөр, анан пакистандыктар жана орусиялыктар. Көбүнүн иштегенге уруксат кагазы жок»,- деди Тимур Саралаев. Ошондой эле ал учурда өлкөдө 54 мамлекеттин жарандары иштеп жатышкандыгын айтты.