Быйыл Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын эң улуу студенти окуусун бүтөт. Ал 66 ЖАШТАГЫ япониялык Рикио Ямашита экенин аталган окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады.
Өткөн жылы 1200 ЖЕРГИЛИКТҮҮ дарыгер чет өлкөгө чыгып кеткен.
2012-жылы өлкөдө 8 МИЛЛИАРД чылымдын даанасы сатылгандыгын ЖКнын депутаты Дастан Бекешев билдирди.
КАНЫБЕК НАРБАЕВ Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамагенттиктин директору болуп дайындалды.
Борбордогу Улуттук китепканада Wi-Fi акысыз интернет аймагы ишке кирди.
Өкмөттүн атайын изилдөөсү боюнча бүгүнкү күндө калктын 1 ПАЙЫЗЫ гана китеп сатып алат.
«Өлкө ичинде 300 АДАМ жасалма бөйрөккө муктаж»,- деп Кыргызстандагы неврологдор коомунун президенти Рысбек Калиев билдирди.
Беш жылга эркинен ажыратылган экс-министр РАВШАН САБИРОВ 13-март күнү АЧКАЧЫЛЫК жарыялады.
«Альфа Телеком» ЖЧКсынын мурдагы башчысы Азамат Мурзалиев ден соолугуна байланыштуу ҮЙ КАМАГЫНА чыгарылды.
ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаеванын айтымында, «Центерра Голд Инк» компаниясынын президенти ЯН АТКИНСОН өкмөт менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келди.
Парламентте депутаттар өлкөгө МЕТАДОНДУ киргизүүгө тыюу салууну жана ага тиешелүү мыйзам долбоорду кабыл алууну сунуштоодо.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
best-life
2013-03-19 11:41:17
Эми медиктердин бир ай зарыгып куткон маянасы биздин бийликтегилердин бир кундук туштонуусуно да жетпейт да. Анан айла жок кеткенге туура келет алар да уй-було, бала чакасын багуу керек, тиргилик кылуу керек дегендей.Эми ушундай кырдаалдар боло берсе бизде билимдуулордун баары чет олкого кетишип бизде жалан гана митингчилер калат го))))))
0
MMA_1
2013-03-19 21:54:26
Ушул эртенки кунду ойлосом коркуп кетем. Мен чонмун, эл башымын деп отургандар кыргыздын эртенин ойлобой, кантип жашап журот экен?
0
Rostov-on-Don
2013-03-25 22:36:16
супер инфо уй камагы боюнча кээнири тушунук,маалыматтарды жазсаныздар жакшы болмок.
0
admin_media
2013-03-26 10:20:45
Rostov-on-Don,
Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.