Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы Санжар Бакиев үстүбүздөгү жылдын 20-мартында эркиндикке чыгарын жарыялады. Эске сала кетсек, Санжар Бакиев 2010-жылы 2-ноябрда Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен күчөтүлгөн режимде 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2011-жылдын 1-февралында Чүй облустук соту Жалал-Абад облустук соту чыгарган өкүмдү 50 миң сом айып пул төлөө чечимине өзгөрткөн.
Бирок Жогорку Соттун токтому менен 2012-жылдын 21-декабрында Чүй жана Жалал-Абад облустук соту чыгарган чечимдер өзгөртүлүп, 5 жылга эркинен ажыратылып, 75 миң сом айып пул салынган. Тергөө учурунда отурган 7 ай 6 күндүн ар күнү эки күнгө барабар деп эсептелинген. Ал эми жаза өтөө мөөнөтү 2010-жылдын 25-июнунан башталган.
Мындан сырткары Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына карата амнистия жарыяланганы үчүн Санжар Бакиевдин абактагы мөөнөтүнүн 1 жыл 7 ай 29 күнү кыскарган.
Санжар Бакиев «2010-жылдын 13-14-май күндөрү Жалал-Абаддагы массалык баш аламандыкты уюштурган жана мыйзамсыз курал сактаган» деп айыпталган. Ал эми Жалал-Абад обладминистрациясын бошотуу учурунда каза болгон эки адамдын өлүмү боюнча акталган.
Санжар Бакиев Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин агасы Жусуп Бакиевдин уулу.