– Саламатсызбы, Жеңишгүл эже, КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчөлүккө дайындалышыңыз менен куттуктайбыз! Аталган кеңеш түзүлгөндөн бери сиз көрүүчү катары өзгөрүү байкадыңызбы?
– Рахмат. Байкоочу кеңештин бул каналдын стратегиялык өнүгүү планын кабыл алууда орду чоң. КТРКнын ишин жаман деп айтууга болбойт. Бул каналда өз ишин мыкты билген профессионал режиссёрлор, редакторлор иштейт. Илгери көрчү деле эмеспиз, учурда көпчүлүк кыргызстандыктар көрүп, рейтинги жогорулоодо. Бир гана айта кетчү нерсе, музыкалык берүүлөрдүн ишин жакшыртуу керек.
– КТРКнын «Ала-Тоо» маалымат программасына акыркы кезде көп сындар айтылып жатат. «Бийликтин камчысын чабууда» дегенге кошуласызбы?
– Бир жактуу маалымат берип жатат дегенден алысмын. Мисалы, кечке эле Атамбаевди же Сатыбалдиевди, же Жээнбековдун баскан-турганын көрсөтүп жаткан жок да. Бардык маалымат бир салмакта берилүүдө.
– Каналдын жетекчиси ЖКнын жыйынында «партиялык тизме менен келген Байкоочу кеңештин мүчөлөрү эркин иштегенге мүмкүнчүлүк бербей жатат» деп айткан эле...
– Кеңештин жаңы мүчөсү катары Кубат Оторбаевдин колу-бутун байлап жатышабы, бул маселелерди айта албайт экем. А негизи, адамдык таризден алып караганда, андай болбош керек. Жетекчиге мүмкүнчүлүк бериш кажет.
– Бир кезде сиз тарткан сериалдар КТРКдан көрсөтүлбөй калды эле, иниңиз Асылбек Өзүбековдун да «эжемдин мээнети бааланбай калды» дегени бар. КТРК эмне себептен ошондой кадамга барганын билесизби?
– Мен тарткан сериалдар КТРКдан көрсөтүлүп келген. Анткени мен кыргыз сериалын түптөөчү катары таанылгам. Бирок кээде КТРКнын системин куруп келген жетекчинин ордуна башкасы келгенде, мурунку системди талкалай баштагандар да чыгат экен.
– Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?
– Улуу Британиянын «БиБиСи» радиосунун колдоосу менен кыргыз сериалын тартканы жатабыз. Буюрса, ал кино кыргыздын үрп-адатын, каада-салтын чагылдырат. Көркөм тасма элдин сезимине бат жетет эмеспи, андан айрым салттардын жаман-жакшы жактарын байкоого болот. Биздин идеологиябыз учурда бир калыпка келбей жатат дейбиз. Мына ушул идеологияны батыштын жаман көрүнүшүн бат өздөштүрүп, өзүбүздүкүн тана бергенди мен туура көрбөйм. Тескерисинче, өзүбүздүн мыкты сапаттарыбызды заманга айкалыштырып, заманбап өнүгүшүбүз керек. Кинодон сырткары «Эң биринчи сүйгөнүм» аттуу китеп жазып бүттүм. Анан да учурда бир тасма тартып жатабыз.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg