21-Март – Нооруз майрамына карата Түркиянын ТРТ Аваз телеканалы эл аралык фестиваль уюштуруп жатат. Аталган фестивалга түрк тилдүү элдерден өкүлдөр чакырылары белгилүү. Бул ирет фестивалга Кыргызстандын атынан бал шириндер Урмат менен Неля барышат. Бул тууралуу: «Майрамдык кечеде Неля «Күңөтай», мен «Менин асыл жерим» деген ырды жекече ырдайбыз. Ал эми «Чын эле таптымбы?» аттуу чыгарманы чогуу аткарабыз»,- дейт Урмат Усенов.