БЕКЧОРО УЮШТУРУУЧУЛУККА ӨТТҮБҮ?

Көптөн бери карааны көрүнбөй, күйөрмандарын сагындырып жүргөн Бекчоро ырчылыкта тыныгуу жасап, башка жумуштар менен алектенип жүрүптүр. Өзгөчө стилдүү ырчы мырза апрель айынын башында Кытайдын Үрүмчү, Кызыл-Суу сыяктуу кыргыздар жашаган аймактарына концерт уюштуруп жатканын билдирди. «Кытайга көптөн бери биздин ырчылар концерт коюп барыша элек экен. Ал жактагылардын чакыруусу менен уюштуруучулук тизгинди өзүм кармап, Султан Садыралиев, Нурлан Насип болуп барып келели деп жатабыз»,- дейт Бекчоро. Негизи, концерт уюштуруучулар арасында ырчыларыбызды сызга отургузуп кеткен шылуундар көп болгон эле. Бекчоро аларга үлгү боло турган уюштуруучулук жөндөмгө ээ болсо керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан