Ишенбей турасызбы, ооба, мырзаларды куттуктады. Болгондо да «Келдике» зер үйүндө жасалган зер буюмдар топтому, «Дархан» ишканасынан чыгарылган коньяк, шампан жана «Куликовский» кондитердик үйүнүн торттору менен. «Кандайча?» деп таң калбаңыз, окурман. Анткени гезитибиздин Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган «Аялзат – аалам ажары!» сынагынын алдыңкы үч сабына жалаң мырзалар – Зайырбек Ажыматов, Улукбек Жайчыбеков, Бердибек Жамгырчиевдер чыгышпадыбы. Жигиттер бир ооздон «жеңүүчү болуп, өзүбүз бир кубандык. Эми сүйүктүүлөрүбүзгө даяр белектерди алып барып кубанталы» деп сынактын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип өтүштү.
Калган 7 жеңүүчүбүзгө торт, шампан жана коньяктар ыйгарылды. Баса, акындарыбыз да куру кол келишпептир. Бири комуз менен ыр ырдап, бири ыр куржундан белек алып сунуп, көңүлүбүздү көтөрдү.