Элдар Айтматов: «АТАСЫНЫН ЖЫЛДЫГЫ ӨТӨ ЭЛЕКТЕ ҮЙЛӨНДҮ» ДЕГЕН - УШАК»

Абалтадан “сынбасты уста жаратпайт, өлбөстү Кудай жаратпайт” деп айтылып келет. Атактуу агабыз Чыңгыз Айтматовду түбөлүк сапарына узатканыбызга кечээ-жакында бир жыл толду. Артында калдайган эли, учугун улаар уулдары бар айтылуу агабыздын ашы да өттү деп уктук. Бул тууралуу Элдар Айтматов атасын эскерип отурду.

Тоолору кулап кыргыздын,
Томсорот эли Чыңгыздын.
Ааламга берчү жарыктын,
Шооласы өчтү жылдыздын.

– Чыңгыз агасыз бир жыл өттү. Убакыт учкан куштай өтө берет экен. Сиз үчүн жана сиздердин үйбүлөңүздөр үчүн бул жыл кандай өттү?
– Ошол каргашалуу күндөн бери ый, куса менен бир жыл да өтүп кетти. Жеке мен үчүн эле эмес, үйбүлөбүз үчүн оор болду. Жалпы кыргыз үчүн тоо кулагандай болсо, биз үчүн андан да оор болгону белгилүү эмеспи. Атам барда биздин үйдөн киши үзүлчү эмес. Алар ар кандай маселелер менен келишчү. Атам биринин да көңүлүн калтырбай, баарын кабыл алчу. Өзү чарчап же маанайы жок болуп турса да, мейманды ысык тосуп алчу.
Азыр үйгө көп деле киши келбей калды. Албетте, атам жалпы элдин эсинде калды. Ушуга чейин куран түшүрүп, көзүнө жаш алып, атамды эскерген адамдар бар. Бирок жакын санаалаш болуп, тирүү кезинде атамдын артынан калбай үйгө байма-бай келчү адамдар атам каза болгондон кийин бизди тааныбагандай болуп калган учурлар да кездешти. Мен ушундай адамдардын көрпенделигине таң калдым.
– Даңктуу агабыздын жылдыгы берилгенин уктук. Ушул туурасында айта кетсеңиз...
– Ооба, июнь айынын он төр­түндө атамдын жылдыгын өткөрдүк. Себеби 14-июнь – атамдын сөөгү коюлган күн эмеспи, ошол үчүн бул датаны тандап алдык. Жылдыкка эки-үч ай мурун эле даярдык көрө баштаганбыз. Атамдын ашын өзүнүн атындай бийик деңгээлде өткөрүүгө аракет кылдык. Ашка жакын туугандарын, досторун, жердештерин, чогуу иштешкен адамдарын чакырдык. Ал күнү алгач “Ата-Бейитке” баарыбыз барып, куран окудук. Андан соң шаардагы ресторандардын биринде меймандардын башын кошуп, тамак бердик.
– Чыңгыз ага сиздерге кандай тарбия берди? Адатта, иши көп адамдын үйбүлөсүнө убактысы жетпей калат эмеспи.
– Жок, атам үчүн ар дайым үйбү­лөсү биринчи орунда турчу. Атам, эжем, мен болуп көп ойночубуз. Кичинебизде бизди уктатардын алдында ар түрдүү жомокторду айтып берип, апам экөө дайым бизди жандарына алып жүрүшчү.
Эсимде, мен 7-8 жаш курагымда Японияга барып калдык. Атам жолугушуулардын арасынан бир аз убакыт таап, бизди “Диснейлендге” ээрчитип барган. Өйдө-ылдый көтөрүлө турган аттракцион бар эмеспи, аны «америкалык кичине тоолор» деп атап коюшат. Эжем экөөбүз жыргап каткырып баратсак, атамдар турган жеринде катып калгансып козголушпайт. Көрсө, биз үчүн аябай коркуп кетишкен экен.
– Атаңыз аябай эсиңизде калган учур...
– Бир жолу биз Бишкектен Москва шаарына учуп баратканбыз. Бир маалда эле учак титиреп баштады. Борттогу жүргүнчүлөрдүн баары коркуп, эмне кыларыбызды билбей калдык. Ошондо атам учкучтун кабинасына кирип сураштырып, кыймылдаткычтын бузулуп калганын билди. Апам биздин беттерибизден өөп, коштошо баштады. Төртөөбүз кучакташып, кыймылдабай отуруп калдык. Ошондо мен атамдын жүзүн карасам, оор басырыктуу бойдон, эч коркпой отуруптур. «Балам, коркпо, бардыгы жакшы болот» дегенин угуп, атамды бек кучактап, көңүлүм жайдары боло түштү. Кудайга шүгүр, аман-эсен кондук.
Ошол учурдагы атамдын элеси, мээримдүү жана соороткон көз карашы ушул күнгө чейин эсимден кетпейт. Негизи эле атамдын элеси ар дайым ээрчип жүргөндөй сезилет.
– Атаңыз бул жарык дүйнө менен коштошордо жанында боло алдыңызбы?
– Ооба, жанында болдум. Атам экөөбүз Татарстанга таятасы Хамзанын жерин көрүп келүү максаты менен барган элек. Бирок биз учуп келген күндүн эртеси эле өзүн начар сезип, биз “Тез жардам” чакырып, атамды ооруканага алып кеттик. Ошол оор күндөрдө массалык маалымат каражаттардын бардыгы мени “Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Р.Аттокуров менен кийин учуп барды” деп жарыялашкан. Мен чынында атамдын жанында болчумун. Апам, байкем жана башкалар кийинчерээк учуп келишти.
Ошол күндөр менин турмушумдагы эң татаал күндөр болгон. Мен акырына чейин үмүтүмдү үзбөдүм. Атам мага түбөлүккө жашай тургандай сезилчү.
Өткөн айда апам Мария Урматовна, атамдын карындашы Роза Төрөкуловна болуп Татарстандын Казань шаарына атама эскерүүгө арналган үч күндүк конференцияга барып келдик. Ал жерден чоң апам Нагима Айтматованын атасы Хамза Абдувалиев өскөн Мячкяра аттуу айылга бардык. 120 жыл мурун Хамза ата соода кербенине кошулуп, мурда угуп-билбеген Кыргызстанга сапар тартыптыр. Анан Каракол шаарында отурукташып, алты балалуу болуп, алардын бири – болочок жазуучунун энеси Нагима апа болгон. Ошентип, атам көрөм деп көрбөй калган жерди көрүп келдик.
– Эми кеп учугун өзүңүзгө бурсак. Эл ичинде “атасынын ашы өтө электе үйлөнүп алды” деген кеп жүрүп жатат. Бул туурасында эмне деп айтасыз?
– Негизи, ушактарга көп көңүл бурбайм. Ар ким ар кандай айта берет. Шумдук нерселерди угасың. Ал эми ушактан өтүп фактыга келсек, учурда жакшы көргөн адамым бар. Аты – Алия. Мен үйбүлөлүк бактынын идеялы деп атам менен апамды билем. Мен дагы ошолордун чыйырын улап, бейпил үйбүлө кургум келет. Аны менен жашоомдун аягына чейин өмүр сүргүм келет. Алия экөөбүз бири-бирибизди аябай жакшы түшүнөбүз. Айта кетчү нерсе, азыр расмий түрдө баш кошо элекпиз. Убакыт келгенде чоң той берип үйлөнөйүн деген ниетим бар.
– Учурда эмне иш менен алек болуп жатасыз?
– 2000-жылы атам Айтматов атындагы Эл аралык фондун түзгөн эле. Ал кыялында кыргыз адабиятын жогорку деңгээлге жеткире турган уюм түзгүсү келген. Атамдын ошол кыялын ишке ашыргым келет. Бул фондунун башчысы катары атамдын 8 томдон турган китебин жарыкка чыгардым. Бул китеп орус тилинде да, кыргыз тилинде да жарык көрдү. Айтор, атамдын артында калган ыйык мурасы кылымдарга сакталса деген ой менен алек болуп жүрөм.
Өкүнгөн нерсеңиз барбы?
– Эң өкүнүчтүүсү, атамдын каза болгонуна бир жыл толгонуна карабастан, ушул күнгө чейин көптөгөн маселелер чечиле элек. “Ата-Бейитке” атама татыктуу эстелик тургузуу планы алдыбызда турат. Ал эми башка өлкөлөрдө атамдын атына эстелик эле эмес, мектептер, сейил бактар курулууда.
Ошентсе да атам өз мекенинде даңкталып, ага татыктуу көңүл бурулса жакшы болмок. Бардык күчүмдү, аракетимди ушундай маселелердин чечилишине жумшап жатам.
– Элибизде “учугун улаар уул болсун” дешет. Канчалык кайгырсак да, Чыңгыз аганын артында калар мурасын сактай турган уулдары бар экени кубандырат. Маегиңизге чоң рахмат.
– Силерге да рахмат.

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 346, 19-25-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан