БОРСОЙГОН БООРСОКТОР

Сыртта жаз, жакында Нооруз. Бул майрамды сүмөлөксүз жана да боорсоксуз элестетүү кыйын. 11-март күнү ордо калаада «Боорсок» аттуу сынак өттү. Бул сынакка коюлган боорсоктордун түрлөрүн ар бир эле кожойке жасай алат.

БЫШТАК БООРСОК

Керектелүүчү азыктар:
Ун – 1 килограмм
Быштак – 1 килограмм
Жумуртка – 2 даана
Кант упасы – 100 грамм
Суу – 400 грамм
Ачыткы – 1 чай кашык
Өсүмдүк майы – 1 литр
Туз – Татымына жараша

Жасоо ыкмасы:
1. Жылуу сууга жумуртканы, ачыткыны жана тузду кошуп аралаштырып алабыз.
2. Андан кийин унга быштакты кошуп, суу менен жумшак кылып камыр жууруш керек. Камырды 30-40 мүнөт көтөрүлгөнчө күтүү туура.
3. Камырды кол менен жазылап, жалпак кылабыз.
4. Эми аралыгын 2-3 сантиметрден кылып, узатасынан узун-узун кесимдерге кесебиз.
5. Узун кесимдерди туурасынан кессек, чакан-чакан тоголокчолор келип чыгат.
6. Аларды алаканга салып тоголок формага келтирүү керек.
7. Даяр болгон боорсоктор майга салынып бышырылат.

Бышкан боорсокторду табакка үйүп салып, үстүнө кумшекер упасын себелеп коёбуз.

КҮЛГҮН БООРСОК

Керектелүүчү азыктар:
Ун – 1 килограмм
Суу – 400 грамм
Кумшекер – 1 аш кашык
Маргарин – 2 аш кашык
Кызыл кызылча – 200 грамм (же 1 кичинекей даана)
Ачыткы – 1 чай кашык
Өсүмдүк майы – 1 литр
Туз – Татымына жараша

Жасоо ыкмасы:
1. Алгач кызыл кызылчаны кабыгынан аарчып, жарым литр сууга 10-15 мүнөт кайнатуу керек. Кайнаганда суу бууланып, көлөмү 400 граммдай болуп калат.
2. Кызылчаны чыгарып салып, өңү кызыл сууну муздатабыз.
3. Кол күйбөгөндөй болгондо ага кумшекер, туз жана эритилген маргаринди кошуп аралаштырабыз.
4. Эми унга даяр болгон суу куюлуп, жумшак камыр жуурулат.
5. Камыр көтөрүлгөн соң жука жайып, төрт чарчы же тоголок кылып кесебиз.
6. Кайнап жаткан майга бышырып алуу керек. Кызылчанын суусунан улам боорсоктордун өңү күлгүн болуп калат.

АШКАБАК БООРСОК

Керектелүүчү азыктар:
Ун – 1 килограмм
Суу – 300 грамм
Кумшекер – 1 аш кашык
Маргарин – 100 грамм
Ашкабак – 200 грамм
Ачыткы – 1 чай кашык
Өсүмдүк майы – 1 литр
Туз – Татымына жараша

Жасоо ыкмасы:
1. Алгач ашкабакты кабыгынан тазалап, сууга жакшы бышырып алуу керек.
2. Эми ашкабакты эзип, унга кошуу зарыл.
3. Андан соң кумшекер, эритилген маргарин, туз, ачыткы жана жылуу суу менен камыр жуурулат.
4. Камыр ачыган соң жука жайып, төрт чарчы кылып кесип алыңыз.
5. Камырды кайнап жаткан майга тегиз бышыруу керек.

САЙМА БООРСОК
Камыры кадимки боорсоктукундай эле жуурулуп, жайылат. Камыр атайын тиштүү бычак же түр жасай турган ашкана жабдыгы менен кесилет. Мындай боорсок көбүнчө тойго жасалат.

ЧИЙ БООРСОК
Бышкан чий боорсоктун жоондугу бармактай болушу шарт. Мурда аны чийдин үстүнө тоголотуп, чийдин изин түшүрүп, анан кесишчү. Ошондуктан чий боорсок аталып калган.

БЫТЫРА БООРСОК
Башка боорсоктордон айырмасы – майда кесилип бышырылат. Адатта бытыра боорсокту чачыла катары пайдаланышат.

КӨӨКӨР БООРСОК
Бул боорсоктун өзгөчөлүгү формасында. Ал үчүн консерванын калай банкасынан көөкөр формасында кескич жасап алуу керек. Боорсоктун курамы кадимки боорсоктукундай.

Керектелүүчү азыктар:
Ун – 1 килограмм
Суу – 400 грамм
Кумшекер – 2 аш кашык
Каймак же маргарин – 2 аш кашык (100 грамм)
Ачыткы – 1 чай кашык
Өсүмдүк майы – 1 литр
Туз – Татымына жараша

Жасоо ыкмасы:
1. Унга кумшекер, каймак, ачыткы, туз кошуп, жылуу суу менен жууруйбуз.
2. Камыр көтөрүлгөндөн кийин жука жайып, алдын ала даярдалган калыптын жардамы менен кесебиз.
3. Андан соң камырлар кайнап жаткан майга бышырылат.

Даяр болгон көөкөр боорсогу дасторконуңузга көрк тартуулайт.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Боорсоктун биз билбеген түрлөрү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
aiza11.3
2013-03-18 13:28:06
жегим келип кетти .....ммм боорсок
0
Rostov-on-Don
2013-03-18 16:47:21
Кантип даярдалганын видеосун корсотбопсунорда,окугандан коро коруп жасасан он болот болчу!
0
Koreanka
2013-03-19 11:29:19
ммммм курсагым ачты.
0
Nur_meerim
2013-03-19 16:57:29
Май кайнаганын билбейт экем. Балким, кызытылган майдыр..
0
shirin27
2013-03-20 21:46:05
Boorsok boorsok boorsokko toysok
0
rusik.93kg
2013-03-21 03:50:20
Emi nanga synak kylgyla.
0
sapfir86
2013-03-21 11:19:46
Пияз кошулган боорсоктун да даамы сонун болот. Кадимки эле пиязды пельменге туурагандай кылып майда туурап унга кошуп жууруп салат. Бирок камырды катуураак жууруш крк, анткени пияз жумшартып жиберет.
0
OMG
2013-03-23 02:03:32
men da borson sagyndym =(((((
0
Venchuk
2013-04-08 14:36:29
майонез да кошсо жакшы болот
0
Misi
2013-05-11 22:05:30
mm kandai sonun boorsok; ysyk boorsok jegim kelip jatat
0
Milashkaa
2017-08-19 20:54:25
Ашкабак кошулган боорсок абдан даамдуу. Боорсок топмаркетте сатылат
0
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан