Жаш депутат Ыргал Кадыралиева 23 жашка чыга элек кыздардын ата-энесинин атайын уруксат кагазы жок чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизүү демилгесин көтөрүп чыкты. Коомчулук мындай демилгени таң калуу менен кабыл алды. Эмне, кыздардын баары чет өлкөлөргө денесин сатып иштөө үчүн барып жатышабы? (Демилгенин автору кыргыз кыздарынын чет өлкөлөрдөгү сойкулук иштерине байланыштуу чырлар көбөйүп кеткенин, төрөлүп ташталган балдар, аборт жасаткандар көп экенин негиз катары карманууда). Эмне үчүн 23 жашка чейин? Бул адамдын ээн-эркин орун которуу укугун чектөө эмеспи? Учурда бул токтом тиешелүү комитеттен колдоо тапты, эми жалпы парламенттик жыйынга чыгаруу гана калды.
«ЧЕКТӨӨ КЕЛЕЧЕКТИ САКТОО ҮЧҮН...»
Демилгени көтөрүп чыккан ЖКнын депутаты ЫРГАЛ КАДЫРАЛИЕВАны кыска кепке тарттык.
– Эмне үчүн 23 жаш?
– Башында 22 жаш деп жаттым эле. Курак чегин кыскартуу же көбөйтүү сунуштарын кабыл алууга даярмын. 22-23 жаш деп тандоонун себеби, бул аралыкта кыздар ЖОЖду аяктап, бир кесиптин ээси болуп, балким, турмушка чыгып, өз укугун билип калат. Антпесе, чет жакта 14-16 жаштагы өспүрүм кыздар сексуалдык жана эмгек кулчулугуна дуушар болуп жатат.
– Башка өлкөлөрдүн бул сыяктуу маселелер боюнча тажрыйбаларына көз чаптырып көрдүңүзбү?
– Жаш кыздарды чет мамлекетке чыгарбоо жагынан Түркмөнстан эң белгилүүсү. Эгерде бул өлкөнүн кызы чет жердикке турмушка чыгып калса, анда мамлекет ортодо кепил болуп берет. Түркияда миграция агымы күчөп турган кезде кыз-келиндер менен жаш балдарды өлкө аймагынан чыгарбоо саясаты болгон экен. Эркектер сыртка чыгып, иштеп тапканын кайра өз мекенине жөнөтүп, кийин 80-90 пайызы кайрылганын уктум. Ушул эле көрсөткүч баарын эркин койгон мамлекеттерде 40 пайыздын тегерегин түзөт. Өзбекстанда 35 жашка чейинки аялзатын чет жерге чыгарууда чектөө бар, алар туугандарынан же күйөөсүнөн уруксат алышы керек.
– Чектөө киргизүү эмнеден улам келип чыкты?
– Кыргызстандын келечегин сактап калуу үчүн. Бүгүн өлкөдөн чыгып жаткан жаш кыздар – эртеңки күндүн энелери. Айылга барып калсаң, той-топурду мындай кой, өлүм-житимде жай казууга адам табылбай калууда.
Айрым маалыматтарга караганда, кыргыз кыздары чет жердеги мигранттардын ичинен эң жашы болуп саналып, таштап кеткен ымыркайлар менен жасалган аборттордун саны боюнча да эң алдыда экен.
Бул демилгени былтыр эле айтып чыккам, бирок коомчулуктагы сындардан улам токтотуп койгом. Бирок жер-жерлерде шайлоочулар менен жолуга келгенде, көптөгөн улуу кишилер токтомдун тагдырын сурашып, анын туура иш экенин айтышууда. Ошол үчүн кайра алып чыгууга белсендим.
– 23кө толо элек кыздар башка өлкөгө чыгуу үчүн ата-энесинен милдеттүү түрдө уруксат алышы керек экен. Андай мүмкүнчүлүгү жоктор чек арачыларга пара берип, кийин кезектеги коррупциянын булагына айланып кетпейби?
– Окуу, ишке орношуу же дарылануу максатында чет өлкөгө чыгуу керек болсо, аны тастыктаган документтер көрсөтүлсө, аларга чектөө каралбайт.
Коррупция боюнча, бул көрүнүш улам азаюуда. Комитеттин талкуусуна келген Ички иштер министрлиги менен Чек ара кызматынын өкүлдөрү да «эгерде долбоор кабыл алынып калса, коррупцияга жол бербейбиз» деп айтышты.
ЗЫЯНДЫН ЗЫЯНЫ АЗЫРААГЫН ТАНДОО
Кыздардын четке чыгуусун чектөө менен биз анын конституциялык укуктарын да чектейбиз. Баш мыйзамдын 25-беренесинде «Ар бир жаран Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эркин чыгууга укуктуу» деп жазылат. Ошол эле учурда 20-беренеде «Жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн» деп айтылат.
Ыргал Кадыралиеванын токтом долбоорун жалпы депутаттар кабыл алууда дилеммага кабылары анык. Биринчиси, жаш кыздардын конституциялык укугун бузбай, алардын чет өлкөлөргө чыгуусун азыркыдай эркин калтыруу. Экинчиси, 23 жашка чейинки кыздарды четке чыгарбоо үчүн жөндүү шылтоо табуу.
Ал кандай болушу мүмкүн? ЖОЖго өтүп-өтпөгөнүнө карабай, алардын баарына жогорку билим берүү. Же алардын баарын өлкө ичинде жумуш менен камсыз кылуу. Үчүнчү да жолу бар, 23 жашка толгонго чейин, балким, бийликтин үгүттөөсү менен алардын баарын турмушка узатуу керек
болот.
МИГРАНТТАРДЫН ОРТО ЖАШЫ – 30
Кыргызстандык мигранттардын орточо курагы – 30 жаш. Бирок социологдордун айтымында, жыл сайын бул көрсөткүч жашарууда.
Орусияда жүргүзүлгөн сурамжылоо учурунда ысымын жашырган кыргыз кыздарынын бири кыска маек берген. Ал: «Биз москвалыктардын жүрүм-турумун туурай баштайбыз. Аларга теңелебиз деп отуруп, кантип бузулуп кеткенибизди аңдабай да калабыз. Мен бул жакта никеге чейин эле төшөк мамилесине өтүп кеткен көп кыздарды көрдүм. Мисалы, 18 жаштагы кыз Орусияга келет, кайсы бир жигит менен жүрө баштайт, кийин чогуу жашоого өтүшөт. Кыздын боюна бүтүп калганда жигити жөн эле башкасына басып кетет. Жыйынтыгында ал кыз же үйүнө, мекенине кете албайт, же турмушка чыга албай калган окуялар өтө көп кездешет»,- деп айтып берген.
1990-жылдардын башында массалык жумушсуздук каатчылыгынан Орусияга жүздөгөн, миңдеген кыргыз аялдары чаар баштыктарын көтөрүп жөнөшкөн. Казан башында калган үйдүн кожоюну балдарынын тарбиясына жетиштүү көз сала албай, эненин тарбиясын көрбөй, ээн чоңойгон жаштардын армиясы келип чыкты. Учурда ошол балдар 20 жаштын тегерегинде. Учурунда кароосуз калган балдардын басымдуу бөлүгү минтип турмушунда түз жол таппай, ары-бери урунуп жүрүшкөн чагы.
Депутаттын демилгеси аргасы жоктуктан келип чыгууда. Бирок ошонун ордуна бийлик өкүлдөрү чындап эле мамлекеттин келечегине, жаш муун үчүн күйсө, анда мигранттарга шарт түзүп берүүгө баш катырышсын. Анткени чектөө болобу, жокпу, бул жумуш издеп чет өлкөлөргө чыгып жаткан жаштардын агымын токтото албайт. Ушундай чектөө менен эле жаш кыздарыбызды Кыргызстанга байлап коё алышпайт. Анткени кыздар Орусия же Казакстанга жыргаганынан чыгып жатышкан жок. Айылдарда, шаарда жетишерлик жумуш орундары жоктугунан, жардылыктан улам кетип жатышат.
Жыл сайын «мигранттар миллиарддан ашуун доллар которуп жатат» деп ооз көптүрө статистикалык маалыматтарды жарыялайбыз. Ал акчанын артында, ар бир тыйындын артында канчалаган кыйынчылыктар, көз жаштар, бели ката элек жаштардын эмгеги, зордукталган кыздар, ажырашкан үй-бүлөлөрдүн тагдыры жатат. Андыктан эл өкүлдөрү жаш кыздарга чектөө коюу жолун эмес, жумуш менен камсыз кылууда чет өлкөдөгү ири компаниялар менен кыргызстандык мигранттардын ортосунда кепил болуп берүү жагын карап чыгышса, миңдегендердин алкышына жана сообуна калары бышык.
Эльвира Караева
koom@super.kg
«СУПЕРДИН» СУРАК БУРЧУ
23КӨ ЧЫГА ЭЛЕК КЫЗДАРДЫ АТА-ЭНЕСИНИН УРУКСАТЫСЫЗ ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ЧЫГАРБОО ТУУРАБЫ?
Бактыгүл Чойбекова,Талас району:
– Туура. Азыркы кыздардын түрдүү кырдаалдарга даярдыгы начар. Мектептин окуу программасына чет өлкөдө өзүн алып жүрүү жана мамиле куруу маданияты, жыныстык мамиле тууралуу сабактар киргизилген эмес. Качан гана ушундай программалар киргизилип, окуучулар билди дегенде жашка чектөөнү жойсо болот.
Жаңылай Кадырова, Баткен шаары:
– Азыр 22демин. Бул демилгени колдойм жана жашка чектөөнү мындан да жогорулатса болот. Көпчүлүгү мектепти бүтүп эле чет өлкөгө сапар алышат. Бул туура эмес. 18 жаштагы кызды алдап коюу кыйынчылыкты деле туудурбайт. Ата-энелерге кыздарыңыздарды чет мамлекетке жөнөтөрдөн мурун бир ойлонсоңор демекчимин.
Мирлан Шабдалиев, Ысык-Көл облусу:
– Мен буга кошулам. Кыздар чет өлкөдө эле эмес, ата-энесинин кашында деле кордук көрүп калып жатышпайбы. Жумуш издеп барып канчалаган жапжаш кыргыз кыздарыбыз бирөөгө сатылып, кул болуп жүрүшөт. Ар бир ата-эне кыздарын чет жакка чыгарбай, турмушка узатса, андан кийин жолдошу менен бирге каалаган жерде иштөөгө болот.
Алымжан Молорбаев, Ош облусу:
– Чет өлкөгө билим алганы баратса, мейли, чыга беришсин. Ал эми жумуш үчүн чыгып жатышкан болсо, 23 жашка чейинки кыздарды эле эмес, жигиттерди да чыгарбоо керек. Себеби алардын тажрыйбасы аз, калпычы жана башка ууру-кескилерден коргонууну билишпейт.
Эркиналы Саитов, Жалал-Абад шаары:
– Мен Орусияда 3 жыл иштеп келгем. Чынында, кыздарды көрүп зээним кейиди. Алданып, документтерин жоготуп, кул сыңары иштеп жүргөндөр көп. Кыздар 23 жаштан кийин чыксын дегенге макулмун. Кыздарыбыздын абалы азыр ар бирибизди ойлондуруп калбадыбы?!
Шайлоо Өмүрбекова, Нарын шаары:
– Өз кыздарыбыздын чет жерде кордолуп жатканын көрүп, угуп жатабыз. Аларга өзүбүздүн өлкөдө шарт түзүп бериш керек. Окуу же ар түрдүү келишим менен бара жаткандар болсо, тиешелүү мекемелер менен байланышып, анан кетишсе. Кыздарыбыздын керт башына кепилдик берген чет жерде эч бир мекеме жок.
Эльмира Эсенаманова, укук коргоочу:
– Каршымын. Бул эл аралык адам укуктарына да каршы келет. Биздин кыздар кандайдыр кыйынчылыкка туш келбесин десе, анда өлкөдө жумуш орундарды түзүүсү керек. Биздин депутаттар адам укугуна каршы мыйзамдарды жазышат, алар жөн эле отуруп демилгелей бергенин токтотушса...