«БААТЫР ЭНЕ, ПАРЛАМЕНТ ЖЕ ПРЕЗИДЕНТ ЭМЕС, ЧЕЧИМДИ СОТ ЧЫГАРЫШЫ КЕРЕК»

Президент Алмазбек Атамбаев дүйшөмбү күнү жергиликтүү телеканалдарга курган маегинде өлкө үчүн маанилүү маселелерге кеңири токтолду. Мурдагыдай тандалма эмес, курч суроолор берилип, ошого жараша ынанымдуу жооптор да айтылды. Маектин орчундуу учурларына токтолобуз.

КАМБАР-АТА «КУМТӨРДҮН» КЕЙПИН КИЙБЕЙТ»
Орусия менен биргеликте курулуучу Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин долбоорунун тегерегинде коомчулукта ача пикирлер жаралды. Ири ГЭСтерди куруп, энергетикалык эркиндикке жетишели деп жанталашып жатсак, айрым депутаттар Москвага учуп барып, орус аткаминерлерине кыргыз бийлигин жамандап, ГЭСтерди курбоого үндөгөнүн гезиттер жазып чыгышты.
Оппозициянын койгон кинесине үңүлсөк, Камбар-Ата-1 экинчи «Кумтөр» алтын кенинин таз кейпин кийип калат имиш. Бирок бул чындыкка коошпогон сөз. «Мындай чочулоого негиз жок, келишим ириде кыргыз элинин кызыкчылыгына шайкеш келет»,- деди өлкө башчысы.

«КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ УЛАНАТ»
Кыргыз бийлиги коррупцияга каршы күрөш жарыялаганы маалым. Алкымын тыя албагандар кармалганы менен, көпчүлүк учурда сот тарабынан акталып кеткен фактылар бар. Мындай тоскоолдуктарга карабастан, коррупцияны ооздуктоо процесси улантыларын өлкө башчысы убада кылды. «Ушул кармалган коррупционерлер ар кайсы шылтоолор менен сотко жеткирбей, созгонго аракет кылып жатат. «Мегакомдун» ишин карагыла. Мына ошол эле
А.Абеков колдон келишинче создуктуруп жатат. Иши кылып сот болбосун деп аракеттенишүүдө. Бирок, Кудай буюрса, иштин көбү аягына чыгат. Керек болсо биринчи инстанциядан акталып кетсе, экинчисинен, үчүнчүсүнөн каралып жатат. Ошондуктан дымып калды деп айтсак болбойт»,- дейт ал.
Ушул жерден бир кыстырма. Социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабиров райондук соттон акталып чыкты эле, Бишкек шаардык соту аны күчөтүлгөн режимде беш жылга эркинен ажыратты.
Сөзүн андан ары улаган президент коррупцияга шектелип кармалгандар тууган-туушкандарын, жердештерин көтөрүп, сотко кысым көрсөтүп жатканын жашырган жок. Бирок ошол эле маалда коррупциянын тамырын кыркуу аракети күчөтүлөрүн, бул жаатта күрөш жүргүзүүнүн экинчи этабы башталарын мындайча шардана кылды: «Март айында энергетика маселелерин, энергетикалык коопсуздукту карайбыз. Апрель аягында коррупция менен күрөшүүнүн экинчи этабын карайлы деп жатабыз. Кээ бир чиновниктер пара алган жеринен кармалды. Алар үчүн деле жер-жерлерде митингдер өтүп жатат. Баатыр эне, депутат, парламент же президент эмес, чечимди сот чыгарыш керек. Сот менен, мыйзам менен иштеп көнүшүбүз керек. Мындан ары биз мыйзамга гана баш ийип, мыйзам менен жашашыбыз керек».
Коррупция менен күрөшүү – жеке эле Атамбаевдин колунан келчү иш эмес. Ал үчүн жалпы коомчулук биргеликте күрөшүшү керек. Мисалы, сот адилет чечим чыгарып, кайсы бир чиновниктин жегичтиги далилденсе, тууган-туушкандары, айылдаштары нааразычылык акциясына чогулгандын ордуна соттун өкүмүнө баш ийгенди үйрөнсө жакшы болбойт беле...

ЖАНЫШ БАКИЕВ, МАКСИМ БАКИЕВДЕР ЧАБУУЛГА ӨТКӨНДӨ…
Жаз, күз мезгилинде пикет-митингдердин болушу салтка айланып калды. Тилекке каршы, быйылкы жазгы сезон өтө курч өтөрү, сыртта бозгунда жүргөн Бакиевдер саясий акцияларды каржылап, реванш алууга аракет жасаары кызуу талкууланууда. Буга байланыштуу маектин жүрүшүндө «кезекте дагы бир чоң окуялар, төңкөрүш, революция болот экен» деген пикирлер бар. Буга кандай карайсыз?» деген суроо узатылды. Анда Атамбаев: «Пикирлер гана эмес, албетте, аракет деле болот. Анткени быйыл ошол эле Жаныш Бакиев, Максим Бакиевдин аркасында тургандардын мындай акыркы бир үмүттөрү бышып жатат. Эптеп кайрадан бийликке келсек деген ойлору ошол»,- деп так кесе жооп берди.
Өлкө башчысы жогорудагыдай маалыматты жөн-жай эле айтпашы турган иш, оперативдүү маалыматтарга таянып билдиргени калетсиз. Анын үстүнө оппозициянын койгон талаптарында олуттуу негиз жоктугун аргументтер менен бышыктады. Мисалы, электр энергиясынын, жылуулуктун тарифин эселеп жогорулатып, мамлекеттик мааниси зор объектилерди текейден арзан баада сатып, журналисттерди, оппозиция лидерлеринин өмүрүн чымындай көрүп калганынын кесепетинен Бакиев бийликтен куулду. Атамбаев белгилегендей, эгер Апрель революциясы жүзөгө ашпаганда электр жарыгы үчүн азыркыдай 70 тыйын эмес, 4-5 сом төлөп калышыбыз ыктымал эле. Бул биринчиси.
Бакиевдин тушунда белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергенов, депутаттар Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Тынычбек Акматбаев, Санжарбек Кадыралиев, Руслан Шаботоев жана Жусупжан Жээнбековдун уулу өлтүрүлдү, журналисттерден Алишер Саипов менен Геннадий Павлюк өлтүрүлсө, Сыргак Абдылдаев бычакталып, «Де-факто» гезитинин түптөөчүлөрү Чолпон Орозобекова менен Жеңишбек Эдигеев сыяктуу журналисттер журт которууга аргасыз болушту. Бакиев заманынын криминал менен камыр-жумур болуп, адамдарды өлтүрүүгө тикелей катышканын президенттик администрациянын экс-башчысы Медет Чоканович Садыркулов (МЧС) баштаган үч адамдын өлүмүнүн сыры ачылганы далилдеп турат. МЧС окуясы боюнча сот Курманбек Бакиевди 24 жылга, ал эми Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыраткан чечимди сыртынан чыгарды. Мына ушундай кандуу окуяларды унутпашыбыз керектигин өлкө башчысы баса белгиледи.
Оппозициянын негизги талаптарынын катарында «Жер-Үй» алтын кенин иштетпөө, «Кумтөрдү» мамлекеттин кызыкчылыгына иштетүү талабы бар. Анын тегерегиндеги чууну иликтеген мамлекеттик комиссия 2009-жылдагы келишимди бузуу, Кыргызстандын кызыкчылыгына иштей турган келишим түзүү чечимин жарыялады. Ошого карабастан, оппозициянын «Кумтөрдү» бетке кармашы – жумурткадан кыр издегендей маанай жаратат. Ал эми 2009-жылы «Жер-Үй» 300 сомго сатылып кеткен. Учурдагы оппозиция лидерлери ошол кезде жооптуу кызматтарды аркалашчу, ошондо «лам» деп ооз ачканга жарашкан эмес. Апрель революциясынан кийин бийлик соттошуп жатып «Жер-Үйдү» кайтарып алды. Бүгүнкү күндө аны 300 миллион долларлык башталгыч баа менен аукционго коюшту. Келишимдин шарттары ириде мамлекеттин, элдин мүдөөсүнүн негизинде түзүлөрүнө өкмөт убада берди.
Жогорудагыдай талаптардан сырткары «парламент мөөнөтүнөн мурда таркатылсын, өкмөт отставкага кетсин!» деген талаптары суу кечпегенине карабастан, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, «бийликти басып алабыз» деп ормон опузага салгандарга президент төмөндөгүдөй комментарий узатты: «Парламентти таратыш керек» деп жатышат. Мейли, бул парламентти тараталы, жаңы шайлоо болсун. Эмкиси чыгат да, «бул парламентти тараталы» деп. Парламентти таркатыштан мурда, эмки шайлоону өткөрүш керек. Ал үчүн даярданыш керек. Эми шайлоону колдон келишинче таза өткөрүшүбүз зарыл. Керек болсо видеокамера колдонобузбу, биометрдик маалыматтарды колдонобузбу, таза өткөрбөсөк болбойт. Ошол эле «азыркы парламентти таратабыз» же «президентти кетириш керек» деп бакылдап акчаны таратканча, шайлоого даярданышпайбы. Мына шайлоого, болгону, эки эле жыл калды. Президенттик шайлоо деле төрт жылдан кийин болот».

«БИЙЛИККЕ ЖАҢЫ, ТАЗА МУУНДУ КАЛТЫРЫП КЕТСЕМ ДЕП ТИЛЕЙМ!»
Соңку мезгилдеги кадрдык жүрүштөргө коомчулук канааттанбаганы – турмуштун ачуу чындыгы. Мисалы, Накен Касиев, Шамиль Атаханов, Абдылда Суранчиев, Бабырбек Жээнбеков сыяктуу пенсия курагындагы жана пенсияга жакындап калган кишилер жооптуу кызматтарга келди. Дал ушул көйгөй маекте да козголду. Кызыгы, Атамбаев да кадрдык дайындоолорго купулу толбогонун жашырган жок. Бирок жаңы элита менен жаштар маселеси ар башка экенине токтолгон президент кеп кадрдын жаш курагында эмес, анын тазалыгында, профессионалдык деңгээлинде экенин белгилеп, мисал катары АКШнын 70 жаштагы мамлекеттик катчысы Жон Кэррини келтирди. Өлкө башчысынын бул кебинде калет жок. «Илимдүү-билимдүү, мээси компьютердей иштейт» деп көкөлөтө мактаган жаңы муундун өкүлдөрү мамлекетин, элин сызга отургузуп кеткен көрүнүштөргө күбө болуп эле жүрбөйбүзбү. Мисалы, эрке талтаң ханзаада Максим Бакиев Кыргызстанды жеке менчик компаниясына айландырып коё жаздаганын кантип танабыз? Эгер Апрель революциясы болбогондо, Максим элибизди кулдай эле башкарып калмак...
Деген менен, президенттин бийлик бутактарына таза, жаңы муунду алып келүү ниети бардыгы көрүнүп турат. «Менин да тилегим – ушул эки жылдан кийин эмки парламенттик шайлоого жаңы элита катышып, мына, шаардык шайлоодой уттуруп койбой, жаңы бир элита келсе экен деп турам»,- дейт ал. «Керек болсо жаштар, Кыргызстан үчүн күйгөн, керек болсо жанын бере турган адамдар келиш керек. Албетте, аларды да даярдап, жардам бериш керек. Акыркы Бишкек шаарындагы шайлоодо көрдүм жаш партияларды. Бир топ камчыга сап боло турган жигиттерибиз бар экен. Тилекке каршы, бир тобу өтпөй калды. Ошолор менен жолуксам, сүйлөшсөм деген ойлор бар.
Менин деле максатым ушул – мамлекетин ойлогон жаңы элита калышы зарыл».

«МАМЛЕКЕТТИН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ДОСТОРДОН, ТУУГАНДАРДАН ДА АЛЫСТАЙ ТУРГАН БОЛДУМ...»
Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун ишмердүүлүгүнө нааразы болгондор да, алкагандар да бар. Айрымдар «Өмүркулов президенттин досу болгондуктан мэрликтен түшпөй жатат» деп божомолдоп жиберишти. Ушул маселенин тегерегиндеги суроого Атамбаев кенен жооп узатты. И.Өмүркуловдун тагдырын жеке өзү эмес, Бишкек шаардык кеңеши чечерине токтолгон президент бул маселеге кийлигишпей тургандыгын билдирди. «Мисалы, Бишкек шаары өзү чогулткан салыктын үчтөн бирин эле алат. Мындай болбошу керек. Борборубузга системдүү мамиле жасалышы абзел. Каражатты жетиштүү көлөмдө бөлүп берсек, мэриянын иши алдыга жылмак. Анан кантип Бишкекти бирөө кыйратсын?!» дейт Атамбаев.
Атамбаев үчүн президенттик кызмат жеке жашоосунда өзгөрүүлөрдү алып келип жатканына да токтолду. Ал мамлекеттин келечеги деп жатып, жакын туугандары, досторунан алыстап баратканын жашырган жок. «Мага бул кызматта дос, жакын же тууган деген жок. Менин азыр бир эле максатым бар, бул – менин мамлекетимдин, биздин Кыргызстандын келечеги. Мүмкүн мөөнөтүм бүткөндө достордон дагы, туугандардан да ажырап каламбы деп ойлоп турам. Бирок менин тагдырым ушул, азыр бир гана приоритетим бар, бул – Кыргызстандын келечеги»,- деп президент кебин жыйынтыктады.

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жергиликтүү телеканалдарга берген маегинен кыскартылып алынды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
PROS
2013-03-18 18:51:42
Ох-хоо, ачык айкын эле актанып коюптур го ажобуз, озун актагандан оло кач деген таасын соз бар го улуу кыргыз элимде.
-2
Lion-x
2013-03-18 19:42:45
Атамбаев иштеп жатат, бирок оппозиция соорой иштеген ишин корсотпой, оз 7 каналы менен жалган маалыматты таратып элди Атамбаевге кайрып жатат.
+2
narunduk
2013-03-18 19:43:07
эми байкуш бийлик эмне кылсын. колунан келген баарын кылып жатат. чамасы чак болуп турган эл деле тушунуп туруп эле, актанып жатат дей бересинерби?
0
sagun
2013-03-18 19:47:26
учурдагы бийлик колдон келгенин баарын кылып, жакшыле аракет кылууда. сразу эле асмандан алып бере кое албайт да. кыргызстан онугуусу учун кеминде 20 жыл керек болот дагы. бирок, анын алгачкы башталуусу бугунтон эле сезилиши керек. менимче коррупция менен курошуу, кендерди, гестерди, айрыкча кумторду кайрадан келишим тузуууго мажбур кылуу бул олконун ошондой жакшы жакка алган алгачкы кадамдары десе болот. Атамбаев бийликке келбегенде азыркы жаман деп жаткан учур кандай болмок? элестетуу кыйын...
+1
Anake_85
2013-03-18 20:26:46
буюруса баары жакшы болот,
+1
Lux
2013-03-19 12:07:23
Президентибиз туура айтат,баары мыйзам чегинде болуш керек,бироону камаса эле митингге чыга бербей.Баатыр эне, парламент же президент эмес, чечимди сот чыгарышы керек.
+1
HUMMER
2013-03-20 14:54:35
кыргызстан онолот онолот!!!
0
KARL.MARKS
2013-03-21 10:37:32
Атамбаев иштеп жатат, бирок результат жок...
0
Buma
2013-03-22 17:41:35
rezultat bolush uchun ozubuz da onolushubuz kerek da... birok Janysh Bakievdi omur boyuga sottoduk dep jatat, bayagyda koiberip jiberse, kachyp ketti bele??? Ishi kylyp Kalptan azyraak suilop, koburook ishten natyija chyksa jakshy bolot ele, biz dagy al ishtedi, bul ishtebedi dep jata berbei, kosho korrupsiyalardy joigonga jardam berishibiz kerek, degenim, ozubuz ech kimge korr-ya berbeshibiz kerek!!!!!
0
sagun
2013-03-23 12:56:27
Атамбаев иштеп жатат, анын результаты иш буткон сон билинет. элде соз барго жожону куздо сана дегендей.
0
glamour
2013-03-25 00:21:16
ınşallah eger azırkı prezıdentıbız kudauıma,paygambarlarıma,kuran kıtebıbızge ışense el akısın jebeyttır jana akaev,bakıevderge okşop başka ölkögö kaçpastır,sebebı allahım kuldarına emne deyt-bır gana kul akı menen kelbegın deyt,tıgıl dyınödö kırgızdar menen esepteşe turgan köp çınovnık bar
0
admin_superstan
2013-04-01 11:24:52
maksb86,сизге эскертүү!
Бирөөнүн кадыр-баркына далилсиз шек келтирүү болбойт.
0
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан