Башталышы – 18:30 (жарым саатка кечикти)
Концерттин өткөн орду – Кыргыз драма театры
Көрүүчүлөр – 100 пайызы (7-мартта)
Мыкты номер – Жеңишбек менен Аалынын айтышы
Билет баасы – 500 сом
Төкмө акындар «честный» калк келет эмеспи, концертти өз убагында башташса керек деп Кыргыз драма театрына 18:30да кирип бардым. Кыргызчылык менен жарым саат күттүрүп, анан көшөгө ачылды. Эл комуз үнүнө, куйкум сөздөргө суусап калыптыр, залда жылчык жок. Калп айтпайын, концерттин соңуна чейин тикесинен тик тургандарды көрдүм. Алпаруучулар Жакут менен Адилет «Келсеңер угасыңар» десе эле келе бересиңерби? Бир нерсени так угуп, анан келбейсиңерби. Балким, Жеңишбек менен Аалы силерди алдап койду?..» дешсе, залдагы кемпирлер «апей, ботом, эмне дейт?» деп чочуп кетишти. Көпкө күттүрбөй чыккан акындар аларды кечке мыскылдап жаткан алпаруучулардын катыгын берип ташташты. «Эмнеге экөө филармонияга бербейт?» деп келгендердин бири нааразы болгонун айтып, акындар мындайча жооп узатышты: «Бизден бышык артисттер Бишкектин чоң залдарын биринчи басып алыптыр. Аалыке менен Жеңишке аз эле киши келет деп, кырдрам бизге артыптыр...» Айтымдарында, Опера-балет театрын өпкөсү чоңдор бербей коюшса, Спорт Ордосун куудулдар ээлеп алышыптыр. Акыры циркке кайрылышса, маймылдардан бошобосун айтып узатышкан экен экөөнү.
Акындардын шакирттери Кубат, Жылдызбек дегендер да концертке конок катары келишти. Бирок канчалык аракет кылышса да, сөзгө азырынча чоркок экени билинип турду, кеп таппай калган жерден комузун би-ир топко кылдыратып, болбосо «аа-аа» деп созуп барып кырдаалдан чыгып жатышты. Ошондой эле меймандардын катарын «Кыз-жигиттин айтышы» номери менен Бекзамир, Турдукан, Эрлан, Баян аттуу жаш акындар жана пародист Айтбек Мукамбетов толуктады.
Акындар «скромно» эле кутулушат дешкениби, аялзатынын майрамына карата залды жасалгаламыш этип койбой бир «косяк» кетиришиптир. Бирок аткаруучулук чеберчиликтин мыктылыгы муну актап кеткендей. Көптөн бери сөз баккан төкмө акындардын айтышын укпагангабы, концерттен энергия алгандай эле болдум. Аягында «таң аткыча ырдай берет элек, театр жатат шаштырып, болбосо ырдай бермекпиз, элди залга жаткырып...» деп үч саатка созулган концертти күндүн күнөөкөрлөрү өздөрү жабышты.
Толик Сынчы