ТЕКИЛАНЫН МЕКЕНИ – МЕКСИКА

АГАВАНЫН ШИРЕСИНЕН АЛЫНАТ
Текила – көгүлтүр агаванын (кактус түрү) ширесинен алынуучу ичимдик. XVI кылымда Мексиканын Текила шаарында жасап башташкан. Андыктан ичимдик ошол шаардын атынан аталып калган. Бирок илгери эле ацтектер (индей эли) агавадан октли аттуу суусундук даярдап келишкен.
1521-жылы Мексикага испандык басып алуучулар бара баштайт. Алар өздөрү менен ала барган брендилери түгөнгөндө агавадан ичимдик жасоону үйрөнүшөт.
Ичимдик алуу үчүн агаваны 1758-жылы плантацияларда өстү­рүүгө өтүшөт. Текила болсо Мексикадан Америкага жана Европага 1876-жылдан баштап ташыла баштаган.
Текиланын курамынын 51 пайызын агавадан алынган спирт түз­сө, калганы башкадан, мисалы, жүгөрү, кант камышынан алынган спирт түзөт.
«Премиум» классындагы текиланын гана курамы таза агава спиртинен турат.
Классикалык текиланын градусу адатта 55 градус болот. Бирок аны бөтөлкөлөргө куяр­да суу кошуп, градусун 38ге келти­ришет.
Текила боюнча адис – текилеро деп аталат. Ал ичимдик өндүрүүнүн сырын гана билбестен, Мексиканын тарыхын да кошо билиши шарт.

КАНТИП АЛЫНАТ?
Кактусту бууга кармашат, анан майдалап, ширесин сыгып алышат. Алынган ширеге кант камышынан алынган кантты же атайын ачыткыны кошуп ачытышат. Ачыган ширени эми кайнатып, аппарат аркылуу тамчылатып куюп алышат. Бул процесс 2 ирет кайталанат. Алынган спиртке тазаланган суу кошуп, текиланы бө­төлкөлөргө куюшат.
Текиланы тузду жалап, анан ичүү, артынан лимон жеш салты кийин гана туристтердин ойлоп табуусунан пайда болгон. Негизи, текиланы корицаны (татымал)жалап, анан ичишет да, артынан апельсин жешет.
Учурда Текила шаарында текила музейи бар.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jazyl
2013-03-18 16:34:34
mmm tekila
0
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан