КУТУРГАН АТТЫ КӨМӨ АЛБАЙ ЭСИ ООГОНДОР

«Нарындын Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында малдан кутурма оорусу катталды» деген маалымат мындан бир жарым ай мурда таркаган. Көп өтпөй социалдык тармактарда «кутурма тийген жылкынын этин талаага таштап салышып, айылдын иттери жептир. Кайра оору жайылабы?» деген маалымат таркады. Бул окуянын анык-төгүнүн билмекке Ак-Моюнга сапар тарттык.

«КАЛГАНЫН МАЛ ДОКТУРДАН СУРАП АЛГЫЛА»
Аттын ээси Токтомуш аттуу киши Ак-Моюн айылынын башында турат экен. Жолукканыбызда ал «ооба, атым короодо туруп эле кишенеп, оозу жеткен жерлерин тиштеп, жулунуп кирди. Эсибиз чыгып, айылдык мал доктурду чакырдык. Ал келип, көрдү. Ошол күнү ат өлүп калды. Мал доктурлар «Бишкекке текшерүүгө жиберебиз» деп аттын башын кесип кетишти. Мага «атың кутурду» деп борбордон кагаз келген жок. Башка эч нерсе айта албайм. Мал доктурдан сурап алгыла же болбосо айыл өкмөт жооп берсин» деди.

«АЛГАЧ АТТЫН ӨЛҮГҮН ЧАЛА ТОЛГОН ДААРАТКАНАГА ТАШТАШТЫ»
Айылды аралап, окуя тууралуу сураштырдык. Өзүн МЫРЗАКУЛ ӨСКӨНОВ деп тааныштырган айыл тургуну төмөндөгүлөрдү баяндады:
– Мындан бир ай мурун «Токтомуш деген кишинин аты кутуруптур» деп уктук. Аттын денесин чала толгон даараткананын чуңкуруна салып жиберишиптир. Кыштын күнү тоңгон жерди казыш кыйын. Андыктан аттын өлүгүн күл менен жаап коюшуптур. Анан ал кишинин кошуналары «чуңкурдагы малдын денесин иттер казып жеп жатышыптыр» деп сөз таратып ийишкенде айыл өкмөт болгон ит-мышыктын баарын аттырып салды. Аттын денесин, атылган ит-мышыктын өлүктөрүн Ак-Жардагы чуңкурга ташташты деп уктум.

«2 АЙЫЛДЫН ИТ-МЫШЫГЫ АТЫЛДЫ»
Эми Ак-Моюн айыл өкмөтүнө барып, айыл өкмөтүн таба албай, анын катчысы КАНАТ ҮМӨТАЛИЕВге жолуктук.

– Атты дааратканага салып жиберишип, иттердин казып жегендери чынбы? Лабораториядан жыйынтык чыгып келгенге чейин эле Ак-Жарга алып барып көмүлгөнбү?
– Окуя 26сында катталган. Жыйынтык 28-январда келди. Туура, дароо эле алып бара койгонго мүмкүндүк болгон жок. 2-3 күндөй Ак-Моюнда эле 2 метрлик чуңкурга салып, эми кыштын күнү жер казыш деле кыйын да, топурак ала алышпай, үстүн күл менен жабышты. Дарылар себилди. Лабораториядан жыйынтык чыгып келген соң Ак-Жарга алып барып, көмүп салышты. Ак-Моюн менен Бирлик айылы бир округга киргендиктен, кутурманын жайылуусунун алдын алып, 2 айылдан 300дөй ит, 150дөй мышык атылды. Алардын өлүгү да ошол чуңкурга салынып, хлор себилди.

«АТТЫН ЭЭСИ ЭКИ БАЛАСЫ МЕНЕН ДАРЫЛАНДЫ»
Аты кутурган Токтомуш мырзанын ден соолугуна кандай кам көрүлгөндүгүн айылдык ФАПтын фельдшери ГҮЛМИРА МУСТАПАЕВАдан сурадык.
– Малдын ээси жана ошол учурда мал менен аралашып жүргөн 2 баласы Ат-Башы райондук ооруканасына алып барылды. Үчөөнө тең кутурмага каршы вакциналар сайылды жана 10 күндүк дарылануудан өтүп келишти. Башка үй-бүлө мүчөлөрү ат кутурган мезгилде үйдө жок болушуптур. Бирок аларды да текшерүүдөн өткөздүк.

ЧУҢКУРДУН ООЗУ АЧЫК ЭКЕН
Алынган маалыматтардан улам малдын денеси салынган чуңкурду көрүп келмекке Ат-Башынын Ак-Жар айылына жөнөдүк. Туура, чуңкур айылдын чекесинде жайгашыптыр. Оозу ачык, айлана-тегереги тосулган эмес. Ичи бетондолуп, бирок капкагы жок экен. Тегерегине хлор сээп коюшуптур. Бирок алыстан эле жагымсыз жыт уруп жатты. Шарт боюнча мындай чуңкурлар кандай тартипте болуш керек экендигин билүү үчүн айылдык ветеринарга барганбыз. Бирок иш күнү болбогондуктан, ага жолуга албадык.

«АЧЫК ТАШТАЛГАН ТАРПТАН КАЙРА ООРУ ЖУГАТ»
Кутурма менен өлгөн аттын чуңкурда ачык жаткан тарпынан жака-белде жашагандарга, алардын малына баары бир коркунуч келсе керек деген ой тынчытпады. Андыктан Республикалык карантиндик жана өтө коркунучтуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы КУБАНЫЧБЕК БЕКТУРДИЕВге кайрылдык.

– Кутурма менен ооруган малдын өлүгү кандай жайга ташталышы керек?
– Кутурма менен ооруган малдын өлүгү тереңдиги 10 метр келген биологиялык термикалык чуңкурга ташталышы керек. Анын ичи бетондолот. Чуңкурдун оозу жабылып, кулпуланышы зарыл. Чуңкурдун тегереги 1,5 метрлик тереңдикте казылышы (эни 1 метр) кажет. Сыртынан бийик коргондолот (темир тор же бетон менен). Ачкычтары айыл өкмөтүндө же айылдагы ветеринардык сервисте болушу кажет. Чуңкур айылдан жок дегенде 2 чакырым алыс жайгашышы шарт.

– Чуңкурдун ичи бетондолуп, бирок оозу ачык болсо мал-жанга коркунучу жокпу?
– Чуңкурдагы тарпты жору, сагызган, карга дегендер сыртка алып чыгып, ар тарапка таркатышы ыктымал. Тарптын калдыгын кайра эле ит-мышык, карышкыр, түлкү жейт. Ошондо кутурманын вирусу кайра эле циркуляция болуп таркашы мүмкүн.Чуңкурдагы тарптын үстүнө хлор себилген күндө да, хлор өлгөн жаныбарлардын ички органына, мээсине чейин сиңбейт, жетпейт. Демек, вирустун таркоо коркунучу баары бир кала берет.

Мына, окурман, биз сөз кылган аттын өлүгү ачык чуңкурда. Муну биз тиешелүү адамдардын кутурма менен ооруп өлгөн малды кандай эрежелердин негизинде көмүүнү билбегендиги дейбизби? Же билсе да кайдигер мамилеси дейбизби?

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Aisuluu7
2013-03-18 13:11:17
Эми ушуну айыл окмоту газетага чыкмайынча жасабай отура бербей жаап койсо болот да ,устун жапканга кантип эле бир темир табылбай калсын, деги кичинесинен чонуна чейин эле баары бир болуп калганбы?
+2
ruslan_92kg
2013-03-18 22:18:20
Темирлер кытайга отуп кеткен да 91 -92 жылдары
-1
Looks
2013-03-18 23:38:47
Он литр бензин куйгузуп жок кылмак
0
aliya2013
2014-04-16 14:46:10
Looks, ooba benzin kuiup ortoop jiberbeibi.bul korkunuchtuu
0
admin_media
2013-03-19 18:05:12
jhanibek,
Сизге эскертүү!
Аймактык бөлүнүү тууралуу билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! Дагы кайталана турган болсо БАНга кетесиз!
-1
admin_media
2013-03-20 15:27:47
allan,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат, деген эскертүү берилип турат!
5 күн банга!
0
altysha.kg
2013-04-04 17:33:21
Аллахым озун сакта!амиинь!
0
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан