Учурда Баткен облусунда кургак учук оорусу өтө көбөйүп кетти. Оорунун кантип алдын алуу керек? Бул илдет тууралуу билүү үчүн биз Баткен облустук Кургак учук менен күрөшүү борборуна бардык. Аталган дарт тууралуу борбордун директору Мамасалы Исламбеков маалымат берет.
– Кургак учук оорусу тууралуу кеңири айтып берсеңиз...
– Дарт көбүнчө өпкөнү жаралайт жана кан тамыр лимфа системи аркылуу таралып, омуртка, жамбаш, муундарды, бөйрөк, жыныстык органдарды, мээни жабыркатышы мүмкүн. Кургак учук таякчасы аба аркылуу тарайт. Жугуштуу бул илдет менен ооруган адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө дени сактарга жуктурат. Кээде ооруган уйдун сүтү аркылуу жугуп калышы ыктымал.
– Оорунун кандай белгилери бар?
– Биринчи белгилери – узакка созулган жөтөл, ысытма, кан түкүрүү, себепсиз арыктоо, аба ырайына карабай тердөө, күйүгүү, алсыроо, тамакка болгон табиттин жоктугу. Эгер жогорудагы белгилер болсо, дарыгерге эрте кайрылып, өз убагында дарыланса, ошончолук тез айыгат.
– Учурда Баткен облусунда кургак учук оорусу көбөйүп, адамдарга жугуу коркунучу жаралууда. Бул ооруну азайтуу үчүн эмне кылуу керек?
– Баткен облусу боюнча 2011-жылы кургак учук менен ооруган 351 жаран катталган. Ал эми 2012-жылы ооругандардын саны өсүп, 410у катталды. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу көп. Оорунун көбөйгөнү эмес, ошол ооруну жашырып жүрүү – чыныгы көйгөй. Себеби бүгүнкү күндө мындай оору менен ооруп, бирок дарыгерлерге кайрылбай жүргөндөр көп.
– Сиздердин борбордо дарыланууга толук шарт барбы?
– Облуста мындай борбордон үчөө бар. Бул медициналык мекемелерде 16 дарыгер эмгектенет. Бизде кадр маселесин эске албаганда, медициналык каражаттарыбыз кургак учук илдетине чалдыккан адамдарды дарылоого толук жетиштүү.
– Ушул ооруга чалдыккандар облустун кайсы аймагында көп жана кургак учук илдетине чалдыкпоо үчүн кандай шартта жашоо керек?
– Баткен, Лейлек райондорунда, Сүлүктү шаарында көп катталууда. Адам калориялуу тамактарды жеп, өздүк гигиенаны сакташы зарыл. Тамеки – кургак учуктун душманы. Аталган оору жаш балдарга тез жугат. Алардын иммунитетин көтөрүп туруу – ата-энелердин милдети. Үй шарты начар, сыз жерлерде жашагандар бат ооруп калуусу мүмкүн.
ДАРЫГЕРДЕН КЕҢЕШ