Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында демилгелерди көтөрүүдө. Облус аймагында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө чоң күчкө ээ болгон ондон ашуун ЖМК иштейт. Учурда облус жетекчилигинин тапшырмасы менен улуттар аралык достукту бекемдөөгө багытталган «Карегимде Баткеним» аттуу теледолбоор иштей баштады. Мындан сырткары чек ара айылдарында 19-март күнү Нооруз майрамын бардык улуттар биргеликте майрамдашат.