Кадамжайдын кулуну, коомдук-саясий ишмер Апсамат Масалиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Белгилүү коомдук ишмердин мааракесин өткөрүү боюнча даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым өкүлүнүн жооптуу кызматкери Жамалдин Эшенкулов билдирди.